«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси — 2025-жылдын жыйынтыгы

19 Декабрь 2025 в 12:00

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси

Кыргыз Республикасынын туусу
Кыргыз Республикасынын туусу
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин туусу
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин туусу

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин түзүлүшү

Азыркы учурда ата-бабаларыбыз бизге калтырган улуттук, демибизди, наркыбызды, тарыхыбызды, санжырабызды кийинки муундарга өткөрүп берүү, ар бир ойгонгон, ойлонгон кыргыз адамынын парзы жана милдети! Ушул максатты ишке ашыруу үчүн, 2009-жылдын 28-сентябрында "Жетиген-Карек" коомдук бирикмеси юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өткөн. Түзүлгөнүнө 17 жыл болот! Ушул убакытта, курултайлар, керектүү иш-чаралар өттү. Үч санжырабыз басылып чыкты. Гимн, Туу, Эн тамга бекитилген. Сайт ачылган, банкта эсеп счет бар.

Уюмдун максаты: Улуу кыргыз элинин тарыхын изилдөө, санжырасын тактоо, улуттук каада-салты, тили жоголуп кетүүдөн сактап, кыргыз улутунун ынтымагын бекемдөө, рухий дүйнөсүн кеңитип, маданиятын, билимин өркүндөтүү, азыркы жаштарды өз элин, мамлекетин жан дили менен сүйүүгө үндөө, көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин чыңдоо. Уңгу жолубузга түшүү.


ЖЕТИГЕН (гимн)

Улуу калктын чыккан накта өзүнөн,
Узак жолду басып, жашоо кечирген.
Асман өңүн ачкан жети жылдыздай,
Ала-Тоого жарашкан эл Жетиген.
Ала-Тоого жарашкан эл, жарашкан эл Жетиген.
Асман көркүн ачкан жети жылдыздай,
Ала-Тоого жарашкан эл Жетиген.
Ала-Тоого жарашкан эл, жарашкан эл Жетиген.

— 2 —
Элибизден чыккан эрдин сырттаны,
Эр Солтоной эрендердин устаты.
Атак-даңкка бөлөп, жолун улады,
Ала-Тоонун эр азамат уулдары.
Ала-Тоонун эр азамат, эр азамат уулдары.
Атак-даңкка бөлөп, жолун улады,
Ала-Тоонун эр азамат уулдары.
Жетигендин эр азамат, эр азамат уулдары.

— 3 —
Бакан белгиң, эн тамгаңды, желегиң,
Желбиреткин баштап турса эрениң.
Ала-Тоону мекендеген илгертен,
Ак калпактуу асыл элим Жетиген.
Ак баталуу, ак калпактуу асыл элим Жетиген.
Ала-Тоону мекендеген илгертен,
Ак калпактуу асыл элим Жетиген.
Ак баталуу, ак калпактуу асыл элим Жетиген.

Биздин ураан — Манас! Кыргыз! Эл менен!
Биздин жылдыз Алтын Казык, Жетиген!
Биздин жылдыз Алтын Казык, чоң, кичине Жетиген.
Биздин ураан — Манас! Кыргыз! Эл менен!
Биздин жылдыз Алтын Казык, Жетиген.
Биздин жылдыз Алтын Казык, чоң, кичине Жетиген,
Биздин жылдыз Алтын Казык, чоң, кичине Жетиген.

Сөзү: Жумакан Сариевдики
Обону: Жекшен Турусбековдуку

ЖЕТИГЕН туусу
ЖЕТИГЕН туусу

Коомдук бирикменин жетекчилери

Мамбеталиев Таштан (2009–2012)
Мамбеталиев Таштан (2009–2012)
Кожомбердиев Карыбай (2012–2017)
Кожомбердиев Карыбай (2012–2017)
Куленбеков Рысбек (2017–2019)
Куленбеков Рысбек (2017–2019)
Мамырбаев Мырзажусуп (01.09.2019–07.06.2023)
Мамырбаев Мырзажусуп (01.09.2019–07.06.2023)

Курултайлар

Биринчи Курултай, 2009 жылдын декабрь айында "Арал" кафесинде өткөн. Кыргыздын Оң, Сол, Ичкилик канаттарынын уруу өкүлдөрү катышкан.

Экинчи Курултай, 2013 жылдын аягында "Дасмия" ресторанында өткөрүлгөн. Кыргыздын Оң, Сол, Ичкилик канаттарынын уруу өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор катышкан.


Жетиген элинин санжырасы үч жолу басылып чыккан

Жетиген санжырасы — биринчи басылышы, 2009 жыл
Жетиген санжырасы — биринчи басылышы, 2009 жыл

Биринчи басылышы — 2009 жыл.
Редколлегия: Мамбеталиев (төрага), Абдрасулов Дүйшөнбек, Алыкулов Бекбай, Кадралиев Жоомарт, Керимов Канат, Курманбаев Тоймат, Курманалиев Адылбек, Медетов Жакып, Молдоиса уулу Зарылбек, Сарыгулов Дастан, Тентиев Бейшебай, Турусбеков Жекшенбек, Шаршекеев Шабдан. Демөөрчүлөр: Абдразаков Бейшен, Казакбаев Жалгап, Казакбаев Оомат, Капаров Аскар, Карачалов Кеңеш, Куленбеков Ажыбек, Райымкулов Бактыбек, Самаков Карганбек, Сарыгулов Дастан, Шамбетов Аскарбек.

Жетиген санжырасы — экинчи басылышы, 2013 жыл
Жетиген санжырасы — экинчи басылышы, 2013 жыл

Экинчи басылышы — 2013 жыл.
Редколлегия: Кожомбердиев Карыбай (төрага), Турусбеков Жекшенбек, Шаршекеев Шабдан, Сарыгулов Дастан, Абдразаков Бейшенбек, Айталиев Таалай, Адамалиев Акил, Мамырбаев Мырзажусуп.

Жетиген санжырасы — үчүнчү басылышы, 2021 жыл
Жетиген санжырасы — үчүнчү басылышы, 2021 жыл

Үчүнчү басылышы — 2021 жыл.
Башкы редактор: Курманбаев Алымбек. Редколлегия мүчөлөрү: Мамырбаев Мырзажусуп — "Жетиген-Карек" коомдук бирикмесинин төрагасы, Калыев Алмаз, Тентиев Бейшебай, Сарыгулов Дастан, Курманалиев Кабылбек, Адамалиев Акил, Турусбеков Жекшен, Абдразаков Бейшенбек, Касымов Самат Шайлоо уулу.

Азыркы мезгилде Жетиген санжырасынын төртүнчү басылышына даярдык жүрүп жатат.


«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин 2025–2026 жылдардагы башкаруу курамы

(07.12.2024 жылы «Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин жалпы жыйынында бекитилген)

ОРДО КЕҢЕШ

  1. Мамбеталиев Таштан — төрага
  2. Эркинбаев Сөөлөт Орозович — төраганын орунбасары, Эр Солтоной тобунун жетекчиси
  3. Кожобеков Калысбек Асантаевич — төраганын орунбасары, санжыра тобунун жетекчиси
  4. Адамалиев Акил — КЭБ-Аксакалдар кеңешинин мүчөсү
  5. Абдразаков Бейшен — Курултай, республикалык коомдук бирикмелер боюнча координатор
  6. Исманов Кубанычбек Жусупович — төраганын орунбасары, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн райондору, Токмок, Кант шаарлары боюнча
  7. Бейшалиева Сыргаш — бухгалтер
  8. Курманбаев Алымбек — ДНК, санжыра тобу
  9. Айдаров Мураткан — Эр Солтоной тобу
  10. Орозова Нуркыз — аткаруучу директор

Талас облусу:

  1. Момунбеков Бектурсун — координатор, Талас шаары
  2. Нуралиев Улан — Бакай-Ата, Карабуура, Манас райондору, Талдыбулак айылы боюнча координатор
  3. Айдаров Чолпонкан — координатор, Копребазар айылы
  4. Мамбеталиев Ортокбай — координатор, Арал айылы
  5. Абакиров Бакыт Чырбанович — координатор, Манас, Чатбазар айылы

Чуй облусу:

  1. Үсөнов Аманбек — Кичи-Кемин айылы, Эр Солтоной тобу
  2. Эмильбеков Айдар — Кичи-Кемин айылы
  3. Кабаев Акбар Аскарович — Алмалуу айылы
  4. Одонбеков Куштар — Алмалуу айылы
  5. Мияров Куттубек — Жетиген айылы
  6. Ысманалиев Айдос — Жетиген айылы, Эр Солтоной тобу
  7. Кытайбеков Осмон Рахманкулович — Сайлык айылы
  8. Черикчиев Турдубек Сыдыкович — Акбешим айылы
  9. Токтоналиев Таалайбек Жамалбекович — Акбешим айылы
  10. Сыдыгалиев Батырбек — Кегети, Токмок шаары, Жаштар Кеңеши
  11. Абдылдаев Адылбек — Жаңы алыш айылы
  12. Чанчаров Тилек — Орловка шаары
  13. Токтакунов Насип — Орловка шаары
  14. Абдыкеримов Азиз Токтобекович — Кызыл-Октябрь айылы
  15. Раимкулов Бакыт — Чүй облусунун батыш тарабы боюнча координатор
  16. Казакбаев Салдатбек — Аламедин району
  17. Турусбеков Жекшен — Эр Солтоной тобу, Панфилов району
  18. Мамырбаев Мырзажусуп — Эр Солтоной тобу, Карабалта шаары
  19. Карыпбаев Базаркул — Панфилов району, Эр Солтоной тобу
  20. Рахманкулов Асылбек — Эр Солтоной тобу, Сарыбулак айылы

Нарын облусу:

  1. Керимов Канат — Нарын облусу боюнча координатор
  2. Омуров Алмазбек — Жаны-Талап айылы
  3. Мамбеталиев Жолдошбек — Нарын шаары, санжыра тобу

Алабука району:

  1. Жолдошев Нурмырза — координатор

Ноокат району:

  1. Бердибеков Улугбек — координатор, Белөрүк айылы

БАКАЙ КЕҢЕШ

  1. Чокморов Эсенжан — Аламедин району
  2. Жусупбеков Майрамбек — Арал айылы
  3. Сарыгулов Дастан — Бишкек шаары
  4. Муралиев Амангелди — Бишкек шаары
  5. Казаков Түгөлбай — Бишкек шаары
  6. Осмоналиев Анарбек — Панфилов району
  7. Калыев Алмаз — Жайыл району
  8. Курманбаев Тоймат — Алабука
  9. Черикчиев Бахидин — Талас району
  10. Сагидинов Ноокат — Кичикемин айылы
  11. Арстанбеков Кыялбек — Панфилов району
  12. Кенжегараев Рыспек — Сокулук району

УМАЙ ЭНЕ тобу

  1. Молдоярова Дамира — Бишкек шаары
  2. Мураталиева Ынакгул — Нарын облусу
  3. Бабаева Камила — Кичикемин айылы
  4. Сариева Уулкан — Жайыл, Панфилов району

ЖАШТАР канаты

  1. Сыдыгалиев Батырбек — төрага
  2. Субанбеков Асхат
  3. Орозова Нуркыз
  4. Казакбаев Айбек
  5. Сагыналиев Алтынбек

Текшерүү комиссия:

  1. Баетов Рахмет
  2. Өскөналиев Эсентур
  3. Вакансия

2023-жылдын июнь айында түзүлгөн Ордо Кенештин аткарган иштери тууралуу кыска маалымат

1. Туугандар менен жолугушуулар, чогулуштар

Талас — 01.07.2023
Талас — 01.07.2023
Талас — 04.10.2024
Талас — 04.10.2024
Нарын — 05.08.2023
Нарын — 05.08.2023
Нарын — 17–18.08.2024
Нарын — 17–18.08.2024
Кемин — 26.08.2023
Кемин — 26.08.2023
Кемин — 13.07.2024
Кемин — 13.07.2024
Кара-Балта — 07.09.2023
Кара-Балта — 07.09.2023
Кара-Балта — 21.10.2025
Кара-Балта — 21.10.2025
Ала-Бука — 8–10.06.2024
Ала-Бука — 8–10.06.2024
Бишкек — 09.09.2023 (кеңейтилген жыйын, Талас, Нарын, Кичикемин, Алмалуу, Орловка, Панфилов, Аламедин, Жайыл аймактарынан жана Бишкек шаарынан өкүлдөр катышты)
Бишкек — 09.09.2023 (кеңейтилген жыйын, Талас, Нарын, Кичикемин, Алмалуу, Орловка, Панфилов, Аламедин, Жайыл аймактарынан жана Бишкек шаарынан өкүлдөр катышты)
Бишкек — 27.04.2024
Бишкек — 27.04.2024
Бишкек — 07.12.2024
Бишкек — 07.12.2024
Жетиген айылы — 30.09.2023
Жетиген айылы — 30.09.2023
Жетиген айылы — 02.05.2025
Жетиген айылы — 02.05.2025

2025-жылдын 19-декабрь айында Жайыл, Панфилов райондорунун, Карабалта шаарынын тургундары уюштурган Ынтымак жыйынында (Вознесеновка айылы, Панфилов району) улуттук демибизди жоготпой уңгу жолубузга түшүү, тарыхта өз изин калтырган улуу инсандарды эскерүү, ички ынтымакты бекемдөө масelelери талкууланды. "Жетиген-Карек" коомдук бирикмесинин аткарган иштери, анын ичинде, Эр Солтонойго арналган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берилди. Ата-бабаларга куран окутулду, видеотасма, слайд көрсөтүлдү, бата берилди.

Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025
Ынтымак жыйыны, Вознесеновка — 19.12.2025

2. Эр Солтоной тууралуу

2023-жылы Эр Солтоной тобу түзүлдү, жетекчиси Эркинбаев С.О.
2023-жылы Эр Солтоной тобу түзүлдү, жетекчиси Эркинбаев С.О.

Атайын иш-чаралар иштелип чыкты. Куран окутулду. Бийлик түзүмдөрүнө каттар жиберилди (КР президентине 4 жолу; Маданият Министрлигине 2 жолу; Илимдер Академиясына, Тарыхчылар ассоциациясына, Талас губернаторуна, Бишкек мэрине, Кемин акимине, УКМКнын төрагасына, Чек ара кызматына, Чүй губернаторуна, Илим жана Билим министрлигине, Талас мэрине, Чон-Алыш, Шумкар-Уя айыл аймагына, Сосновка а/ö ж.б.у.с). Макет, Сүрөттөмө, Төш белги, Логотип даярдалды. Туусу көтөрүлдү, Эл аралык илимий конференция (04.10.24ж., 28.11.25ж.), бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Берүүлөр, интервьюлер, макалалар даярдалып, жыйындар өткөрүлдү. II, III Элдик курултайда сунуштар берилди.

КР Министрлер Кабинетинин №236 (02.04.25ж.) Тескемеси чыкты. Ага ылайык, КР Талас өкүлчүлүгү иш-чараларды өткөрдү. КТРКдагы Маданият каналында маек болду. Чек ара бөлүгүндө Презентация өткөрдүк. КР Тарыхчылар ассоциациясынан, КР ИА Тарых институтунан эксперттик Корутунду алынды. Жаштар форуму өткөрүлдү. Музей, Эстелик, мемориалдык комплекс салуу боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Кененирээк маалымат "Эр Солтоной кыргыз элинин улуттук баатыры" аттуу альбомдо жайгаштырылган.


3. Коомдук бирикменин сыйлык төш белгилери

«Эр Солтоной — Кут жылдыз»
«Эр Солтоной — Кут жылдыз»
«Ардактуу инсан»
«Ардактуу инсан»
«Ардактуу айым»
«Ардактуу айым»
«Улутка, урууга, эмгеги сиңген инсан»
«Улутка, урууга, эмгеги сиңген инсан»

"Эр Солтоной-Кут жылдыз", "Ардактуу инсан", "Ардактуу айым", "Улутка, урууга, эмгеги сиңген инсан" жана Ардак баракчалар даярдалып, зор эмгектери үчүн көптөгөн туугандар сыйланды.


4. Жетиген сайты ачылды: jetigen.kg

Жетиген сайтынын башкы бети — jetigen.kg
Жетиген сайтынын башкы бети — jetigen.kg
Жетиген сайтынын менюсу
Жетиген сайтынын менюсу

5. ДНКбызды изилдөө маселеси көтөрүлүп, аракет жүрүп жатат.

ДНК изилдөө
ДНК изилдөө

6. Санжырабызды толуктоо, тарыхыбызды тактоо иштери жүрүп жатат

(Чоюн Омуралиев, Кожош Мусаев, Боронтой Бедюров (Алтай), Дастан Сарыгулов, Кубан Чороев ж.б.) 07.03.2024ж.

Санжырабызды толуктоо жыйыны — 07.03.2024
Санжырабызды толуктоо жыйыны — 07.03.2024
Санжырабызды толуктоо жыйыны — 07.03.2024
Санжырабызды толуктоо жыйыны — 07.03.2024

7. Бишкек шаарында, Чүй боорунда, Ноокат районунда жашаган Ноокаттык туугандар табылып, аларды тактоо иши башталды.

8. Кыргыз элин бириктирүү Меморандуму иштелүүдө.


9. Кыргыз Эл биримдигинин (КЭБ) иштерине үзбөй катышып келебиз

(курултайлар, юбилейлер, илимий конференциялар, эскерүүлөр, Үркүн кыргыны, кымыз фестивалы ж.б.у.с.)

Курултайлар
Курултайлар
Юбилейлер
Юбилейлер
1916-ж. Үркүн окуясында курман болгондорду эскерүү
1916-ж. Үркүн окуясында курман болгондорду эскерүү
Кымыз фестивалы
Кымыз фестивалы
Азык уруусунун курултайы — 09.11.2025ж., Абдылдаев Адылбек катышты
Азык уруусунун курултайы — 09.11.2025ж., Абдылдаев Адылбек катышты
Драматург Ж.Кулманбетов менен баарлашуу — 17.09.2025ж.
Драматург Ж.Кулманбетов менен баарлашуу — 17.09.2025ж.
МергенВест — 04.10.2025
МергенВест — 04.10.2025
Нузуп Бий эстелиги ачылды — 19.09.2025
Нузуп Бий эстелиги ачылды — 19.09.2025
Алымбек датканын мааракеси — 11.09.2025ж.
Алымбек датканын мааракеси — 11.09.2025ж.
КЭБдин жыйыны — Сентябрь 2025ж.
КЭБдин жыйыны — Сентябрь 2025ж.
Н.Стамовдун юбилейи — 20.08.2025ж.
Н.Стамовдун юбилейи — 20.08.2025ж.
Нойгут курултайы — 17.08.2025ж.
Нойгут курултайы — 17.08.2025ж.
Жаланнайза аталыгы уюштурган Ынтымак жыйыны — 16.08.2025ж.
Жаланнайза аталыгы уюштурган Ынтымак жыйыны — 16.08.2025ж.
Кожобеков Х. Туркия докфильмге тартылды — 29.07.2025ж.
Кожобеков Х. Туркия докфильмге тартылды — 29.07.2025ж.
А.Калыевдин жубайына куран окутуу — 17.07.2025ж.
А.Калыевдин жубайына куран окутуу — 17.07.2025ж.
КопреБазар айылы, Камбаров Жекшеналы атабызды эскерүү аземи — 19.07.2025ж.
КопреБазар айылы, Камбаров Жекшеналы атабызды эскерүү аземи — 19.07.2025ж.
КЭБдин уруу башчыларынын Ынтымак чайы — 21.06.2025ж.
КЭБдин уруу башчыларынын Ынтымак чайы — 21.06.2025ж.
КЭБдин Ынтымак чайы
КЭБдин Ынтымак чайы
КЭБдин Ынтымак чайы
КЭБдин Ынтымак чайы
КЭБдин уруу башчыларынын Ынтымак чайы — 21.06.2025ж.
КЭБдин уруу башчыларынын Ынтымак чайы — 21.06.2025ж.
И.Айдарбековдун ысымын ыйгаруу аземине катышуу — 24.06.2025ж.
И.Айдарбековдун ысымын ыйгаруу аземине катышуу — 24.06.2025ж.
Сабыр уруусунун курултайы. Акил Адамалиев катышты — 17.05.2025ж.
Сабыр уруусунун курултайы. Акил Адамалиев катышты — 17.05.2025ж.
9-май 2025ж., Казакбаев Салдатбек
9-май 2025ж., Казакбаев Салдатбек
«Жетиген Карек» коомдук бирикмесинин офисиндеги жыйын — 19.04.2025ж.
«Жетиген Карек» коомдук бирикмесинин офисиндеги жыйын — 19.04.2025ж.
Саясий ишмер А.Орозбековго арналган илимий конференция — 11.04.2025ж.
Саясий ишмер А.Орозбековго арналган илимий конференция — 11.04.2025ж.
Белгилүү режиссёр М.Назаралиевди эскерүү аземи — 28.03.2025ж.
Белгилүү режиссёр М.Назаралиевди эскерүү аземи — 28.03.2025ж.
Субайылда эжебизди эскерүү — 14.03.2025ж.
Субайылда эжебизди эскерүү — 14.03.2025ж.
Унгу жол долбоорун талкуулоо — 27.03.2025ж.
Унгу жол долбоорун талкуулоо — 27.03.2025ж.
Насыйкат радио — 25.02.2025ж.
Насыйкат радио — 25.02.2025ж.
КЭБдин жыйыны — 06.02.2025ж.
КЭБдин жыйыны — 06.02.2025ж.
О.Каратаевдин китебинин презентациясы — 24.12.2024ж.
О.Каратаевдин китебинин презентациясы — 24.12.2024ж.
Сол канаттын ынтымак чайы — 2024 жыл
Сол канаттын ынтымак чайы — 2024 жыл

Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» китебинде биздин Жетиген туугандардын эмгеги киргизилген

«Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» — С.Жапаров
«Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» — С.Жапаров
Китептин баракчасы
Китептин баракчасы
Китептин баракчасы — Жетиген туугандары жөнүндө
Китептин баракчасы — Жетиген туугандары жөнүндө
Китептин баракчасы
Китептин баракчасы

КР президенти С.Н.Жапаровдун Алай районунда өткөн Алымбек датканын мааракесинде сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү

КР Президенти С.Н.Жапаров Алай районунда
КР Президенти С.Н.Жапаров Алай районунда

«Кыргыз элинин көөнө тарыхында эгемендик үчүн, эркиндик үчүн, кара башын канжыгага байлап, өмүрүн арнап күрөшкөн нечен деген эр азаматтар, эл башчылар өткөн. Алардын сап башында көкүрөгүбүздө кыттай уюп, каныбызга сиңген Манас атабыз, андан берки кыргыз кагандыгын түптөп түндүгүн көтөргөн кашкөй бабалар, анын ичинде Барсбек каган, берегиде Адигине бий, Мухаммад Кыргыз, Кубат бий, Эр Солтоной, Атаке бий, Ормон хан сыяктуу мүлдө кыргыз элинин биримдиги үчүн, кыргыз дөөлөтү үчүн күйүп жанган журт аталарынын ысымдары көктөгү чолпон жылдыздай болуп, бизге жарыгын чачып, дем берип келет».


Алдыдагы максаттар

  • Эр Солтоной боюнча иштерди илгерилетүү (тарыхый изилдөөлөр, илимий конференция, күмбөз, эстелик, драма жазуу, кино тартуу, макалаларды жазуу, интервьюлер, китеп чыгаруу, мектептерде сабак уюштуруу, теле-радио берүүлөр, интернет баракчаларына таратуу, такталган сүрөтүн тартуу ж.б.у.с.).
  • Бакай, Умай, Жаштар канатынын иштерин жандандыруу.
  • Талас, Кемин, Ысыката, Нарын, Панфилов, Жайыл, Алабука, Ноокат райондорунда баруу. Ынтымак, биримдик маселесин талкуулоо, тарыхыбызды, санжырабызды тактоо.
  • Казахстанга, Алтайга, Кытайга барууга даярдык көрүү. Түпкү аталарыбыз Эшенкарек, Ыбырайым Молдо жана башка бабаларыбыз жашап өткөн жерлерге барып, таазим этип, алардын тарыхын изилдөө.
  • Жетиген элинин ДНКсы боюнча иш жүргүзүү.
  • Санжыраны тактоону улантуу. Кыргыз дөөлөтүнө салым кошкондордун тизмесин тактоо, маалымат чогултуу, басып чыгаруу, интернет булактарына жиберүү, юбилейлик иш-чараларды өткөрүү.
  • Жетиген сайтын иштетүү.
  • Коомдук бирикменин сыйлык системасын иштеп чыгып, төш белгилерди, сувенир-белектерди даярдоо.
  • Жетиген санжырасынын 4-басылышына даярдык көрүү, чыгаруу. Жетиген элинин үчүнчү юбилейлик Курултайын өткөрүү. Кыргыз, Жетиген элине тиешелүү китептерди, макалаларды басуу.
  • Дүйнөгө белгилүү киноактер С.Чокморовдун эки эстелигинин эмне себептен тургузулбай жаткандыгын тактоо.
  • Кыргыз Эл биримдигинин иштерине үзбөй катышуу. Кыргыз элинин ынтымак меморандумун иштеп чыгып, КЭБге жиберүү, тиешелүү чечим кабыл алууну сунуштоо.

Түптүү, тектүү кыргыз элинин байыртыдан берки тарыхын, санжырасын изилдеп, улуттук нарк-насилин, каада-салтын сактоого, аны өнүктүрүүгө ар дайым көмөк көрсөтүү ар бир кыргыз баласынын милдети экенин билдиребиз. Ушул себептен, Коомдук бирикме жасап жаткан иш Кыргыз, Жетиген эли үчүн, келечек үчүн! Ынтымакта болуп, тукумубуз улансын деген гана аракет! Ушул улуу иштерди жүзөгө ашырууга, ар бир Кыргыз өз салымын кошуп, биздин аракетти колдоого алат го,— деген үмүттөбүз жана ишенебиз!

Кылым карыткан Кыргыз, дагы кылым карытсын! Тукумубуз улана берсин!


Түзгөндөр:
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин төрагасы — Мамбеталиев Т.Н.
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору — Орозова Н.С.

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси — 2025 жыл, декабрь айы

Жетиген жылдыздары
Жетиген жылдыздары
Жетиген эн тамгасы
Жетиген эн тамгасы