Бишкек, 2025 ж.
Маалымат (кыскача)
Кыргыз дөөлөтүнө, канын жанын аябай салым кошкон тарыхий инсандарыбыздын бири — Эр Солтоной, Кыргыз элинин улуттук баатыры!
Эр Солтоной Байсейит уулу (1640–1733) Талас өрөөнүнүн башындагы Чоң-Кошой деген жерде төрөлүп, 1733 жылы кеч күздө, Бала Айылчынын санжырасы боюнча, Чүйдөгү Сокулук суусунун боюнда тендешсиз чабышта курман болот. Кээ бир булактар боюнча кайып болгон деп айтылат (бүгүнкү күнгө чейин күмбөзү барбы жокпу белгисиз, сөөгү кайсы жерге коюлганы толугу менен аныктала элек).
Башка баатырларга колдонулбаган «Жабыр баян» деген атак берилгендиги, чебер кол башчылыгы, жеке эрөөлдө бир жолу да жеңилбегендиги, кара башын сайып күрөшкөн мекенчилдиги, жомок, ыр, күү (комузу дайыма жанында болгон, «Чабдар аттуу Солтоной, салтанаттуу Солтоной» атыгып калган), манасчылдыгы, жамакчылдыгы менен жоокерлерди өзүнө тартып, алардын мекенчил сезимдерин ойготкон, шерденткен, элге жерге болгон сүйүүсүн өркүндөтүп, журт уюткан кол башчылыгы, аскер көсөмдүгү көп булактарда белгиленет.
Анын өлүмү, согуш талаасында курман болгондугу, кыргыздын биригүүсүнө негиз болуп берди, арбагы себепкер болду деген ой айрым чыгармаларда кездешет.
Аскердик ишмердүүлүгү
Эр Солтоной өз алдынча жортуулдарды уюштуруп, калмак аскерлеринин келишпес душманына айланган, 5000 жоокер топтоп кол башчылык кылган.
Душмандар менен салгылашуулар болгон жерлер:
- Кыргызстан: Талас, Чүй, Кемин, Токтогул, Нарын, Ыссык-Көл
- Өзбекстан: Андижан, Фергана, Наманган, Ташкент
- Казакстан: Алматы, Мерке, Луговой, Каракыштак, Сайран
Устаттык жана окутуучулук кызматы
Эр Солтоной кол башчылыктан тышкары устат, окутуучулук менен да алектенип, ошондо уюшулган аскердик окуу жайды жетектеген.
Анын окуусунан аскердик таалим алган шакирттер:
- Бердике берен
- Атаке баатыр
- Итим бий
- Садыр баатыр
- Момокон баатыр
- Жайыл баатыр
«Солтонойлоп» ураан чакырылган. Эр Солтоной алдын ала көрө, сезе билген.
Чыңгыз Айтматовдун пикири
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Эр Солтоной тууралуу өзүнүн жылуу пикирин 2008 жылы 31 январь айында К.Качибековдун «Эр Солтоной баяны» китебинде калтырган:
К.Качибековдун «Эр Солтоной баяны» китебинде:
Эстелик жана таанылуусу
2000-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында Эр Солтонойдун бюсту коюлган.
Азыркы учурда илимий изилдөөлөр уланууда. Чүйлүк карыялардын айтымында:
Айрым тарыхий маалыматтар
- Атасы Байсейит — уюштургуч, каардуу адам болгон, түшүнө карап иш кылган, аян алып турган.
- Энеси Токон апа — өтө күчтүү балбан экендигин, текенин терисин ийлеп олтурганда экиге бөлүп айрыган.
- Эр Солтонойдун балдары: Итаяк, Дербиш, Былчыке, Шуруке — алардын урпактары Талас облусунда, Чүй өрөөнүндө жашашат.
- «Солтон» — мааниси: ишенимдүү таяныч, тирек, коргоочу дегенди билдирет.
- Дөңкөнөй — калмак баатыры, Эр Солтонойдун элдешпес душманы (Манастагы Коңурбайдай). Солтоной бир да жолу жеңилген эмес.
- Жетилең апа — Эр Солтонойдун аялы, анын кошогу сакталып калган.
- Чабдар ат — эстүү жаныбар. Калмактар атын жарадар кылып, анан Эр Солтонойго кол салган.
- Албарс кылыч — оң-сол кол менен шилтегенге ылайыкталган. Эр Солтоной эки колу менен бирдей согушкан.
- Эр Солтоной айла амал менен өлтүрүлгөн: кылычы уурдалган, атын жарадар кылган, атайын буктурма уюштурулган.
- Душмандары Эр Солтонойго «Жабыр баян, же Баян жабыр» деген ат койгон — өтө күчтүү жырткыч жаныбар, жырткычтырдын жырткычы дегенди билдирет (Бектур Исаков).
Колдонулган адабияттар
- Эр Солтоной. Автор С.Абдырахманов. Фрунзе, 1959 ж.
- История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Автор О.Дж.Осмонов. Бишкек, 2005 ж.
- Кышында чардаган бакалар же кызылгүл баяны (Махабат дастандары). Автор А.Стамов. Бишкек, 2001 ж.
- Эр Солтоной баяны: Тарыхий көркөм баян. Автор К.Качибеков. Бишкек, 2008 ж.
- Эр Солтоной — кыргыздын улуттук баатыры: Тарыхый таржымал. Автор Б.Исаков. Бишкек, 2012 ж.
- Эр Солтоной: Эпос: Өспүрүмдөр үчүн. Автор Абдырахманов. Фрунзе, 1959 ж.
- Кыргыз элинин баатырдык кенже эпостору. Автор Ж.Суванбеков. Фрунзе, 1970 ж.
- Эр Солтоной, Жаманкара баатыр. А.Акматалиевдин ред. астында. КРУИА, Ч.Айтматов атын. 14.т. Бишкек, 2016 ж.
- Кыргыз адабиятынын антологиясы: 10 томдук жыйнак. 2.т: Кенже эпостор. Бишкек, 2012 ж.
- Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Фрунзе, 1973 ж.
- Хусеин наама: Баштан өткөндөр. Автор Х.Карасаев. Бишкек, 2001 ж.
- Кыргызстан Улуттук Энциклопедия 7. ТОБОЛ–Я. Бишкек, 2015 ж. Башкы редактору Асанов Ү.А.
- «Эр Солтоной — кыргыз элинин улуттук баатыры» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары. 4-октябрь 2024 жыл, Талас шаары.
- Бийлибаев К.Ш., белгилүү тарыхчы, журналист. Эр Солтоной тууралуу видеобаян. Октябрь 2024 жыл.




Учурдагы тарыхчылардын айтымынан үзүндүлөр

Өскөн Жусупбекович Осмонов
Тарых илимдеринин доктору, профессор. КР Тарыхчылар ассоциясынын президенти.
(МАРВА телеканалы, «Мугалим сааты», 13-ноябрь 2024 жыл)

Бийлибаев Кайнарбек Шеримкулович
1952 г.р., тарых илимдеринин кандидаты, комузчу, журналист, коомдук ишмер.
(Таластагы 04.12.24ж. илимий-практикалык конференцияга жиберген видео)
Жубайы Жетилеңдин кошкону
Сокулукка барайын.
Эки жээгин кыдырып,
Эч болбосо баатырдын,
Сөөгүн көрүп калайын.
Аккан сууда жок болсо,
Акыреттен табамын.
КР Президенти С.Н.Жапаровдун сөзүнөн үзүндү
(Алай районунда өткөн Алымбек датканын мааракесинде)
«Эр Солтоной» тобу тууралуу иш-аракеттер

2023-жылы «Эр Солтоной» тобу түзүлдү, жетекчиси Эркинбаев С.О.
Жүргүзүлгөн иш-чаралар:
- Куран окутулду
- Бийлик түзүмдөрүнө каттар жиберилди: КР президентине 4 жолу; Маданият Министрлигине 2 жолу; Илимдер Академиясына, Тарыхчылар ассоциациясына, Талас губернаторуна, Бишкек мэрине, Кемин акимине, УКМКнын төрагасына, Чек ара кызматына, Чүй губернаторуна, Илим жана Билим министрлигине, Талас мэрине, Чон-Алыш, Шумкар-Уя айыл аймагына, Сосновка а/ө жана башкаларга
- Макет, Сүрөттөмө, Төш белги, Логотип даярдалды
- Туусу көтөрүлдү
- Эл аралык илимий конференциялар өткөрүлдү (04.10.24 ж., 28.11.25 ж.)
- Бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар менен жолугушуулар өткөрүлдү
- Берүүлөр, интервьюлер, макалалар даярдалды, жыйындар өткөрүлдү
- II, III Элдик курултайда сунуштар берилди

02.11.23ж. Бишкек шаарында, Эр Солтонойго, анын шакирттерине (Бердике берен, Атаке баатыр, Итим бий, Садыр баатыр, Момокон баатыр, Жайыл баатыр, Темир жана Болот баатыр ж.б.) куран окутулду.

04.10.24ж. Талас шаарында, «Ансар» ресторанында Эр Солтонойго жана анын шакирттерине жылкы союлуп, куран окутулду.
Каттар жана жооптор (2024–2025 жж.)
2023–2024 жылдарда жыйындарда маселе көтөрүлүп, 1546 адам кол койгон Кайрылуу Кыргыз Республикасынын президентине жеткирилип, КР Маданият министрлигинен «юбилейлик иш-чараларынын тизмесининин долбооруна киргизилген» деген жооп алынды (M-35, 23.01.24; 16.01.24 №K-362).
Биздин Өтүнүчкө ылайык, Өкмөт «XVII кылымдын баатыры Эр Солтоной Байсейит уулунун туулган күнүнүн 355 жылдыгын» өткөрүү чечимин кабыл алды (Тескеме №236-т 02.04.25ж., 482-т 16.06.25ж.).
2025 жылдын январь-февраль айларында бийлик түзүмдөрүнөн жооп алынды:



















Элдик Курултайдын делегаттарынын сунуштары
2023 жылы 15 декабрда, II Элдик Курултайдын Копребазар айылынан делегат Айдаров Чолпонкандын сунушу, 1198 пункттан турган кайрылуулардын негизинде түзүлгөн Өкмөттүн иш чараларынын планына 865 номер менен «Эр Солтоной баатыр жөнүндө тарыхий изилдөөлөрдү уюштуруп, анын эрдигине баа берүү» деп киргизилген.
2024 жылдын 20-декабрында, Кыргызстандын III Элдик Курултайдын үч делегаты — Сулайманов Ч.М., Исбасаров Т., Камсаев А. (Талас жана Кемин райондору) — Эр Солтоной тууралуу Президентке кайрылышты.
















Илимий-практикалык конференция (04.10.2024 ж., Талас)
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата «Эр Солтоной — кыргыз элинин улуттук баатыры» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 2024 жылдын 4-октябрь күнү Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрында өткөрүлдү.
Уюштургандар:
- КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
- Талас райондук мамлекеттик администрациясы
- Талас шаарынын мэриясы
- Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театры
- «Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси
- Талас мамлекеттик университети
Конференцияга КР коомдук жана мамлекеттик ишмерлери, өлкөнүн жети дубанынан келген жарандар, Казак Республикасынын илимий кызматкерлери, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин окумуштуулары, Талас облусунун аймагындагы аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, окумуштуулар, Эр Солтонойдун урпактары, «Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Талас мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.
Конференциянын жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынып, «Кыргыз-Туусу» гезитине жарыяланды.
Эл аралык илимий конференция (28.11.2025 ж., Талас)
2025-жылдын 28-ноябрь айында Талас драмтеатрында Эр Солтонойго арналган Эл аралык илимий-конференция болуп өттү. Резолюция кабыл алынды. Көргөзмө, концерт уюштурулду, видеотасма көрсөтүлдү.
Уюштургандар: Талас өкүлчүлүгү, Талас университети.
Эр Солтоной Жаштар Форуму (17-май 2025 жыл, Тарых музейи)
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Улуттук баатыр Эр Солтоной Жаштар Форуму» өткөрүлдү. Форумга жаштар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер катышты.
Жыйындарда талкуулоо
Эр Солтоной жөнүндө жыйындар өткөрүлгөн жерлер жана датасы:
| Жер | Дата |
|---|---|
| Талас | 01.07.2023 ж. |
| Кемин | 26.08.2023 ж. |
| Нарын | 05.08.2023 ж. |
| Кара-Балта | 07.09.2023 ж. |
| Бишкек | 09.09.2023 ж. |
| Талас | 04.10.2024 ж. |
| Кемин | 13.07.2024 ж. |
| Нарын | 17–18.08.2024 ж. |
| Ала-Бука | 08–10.06.2024 ж. |
| Бишкек | 27.04.2024 ж. |
| Бишкек | 07.12.2024 ж. |
| Кара-Балта | 21.10.2025 ж. |
| Вознесеновка (Панфилов р-ну) | 19.12.2025 ж. |
«Эр Солтоной ордени» төш белгиси
«Эр Солтоной ордени» иштелип чыккан. 5 адамга берилди:
- Сарыгулов Дастан Исламович — 02.11.2023 ж.
- Курманбаев Алымбек — 02.11.2023 ж.
- Исаков Бектур — 04.10.2024 ж.
- Жусупова Моймол — 04.10.2024 ж.
- Эркинбаев Сөөлөтбек — 07.12.2024 ж.
Эстеликтин Макети
Эр Солтонойго арналган эстеликтин (мемориалдык комплекстин) макети даярдалды. Эстелик проекти мамлекеттик деңгээлде бекитилүү процессинде.
Турук суусунун боюна күмбөз салууга жер бөлүүгө кат Сосновка айыл өкмөтүнө жиберилди. Азыркы учурда Музей, Мемориалдык комплекс, Эстелик үчүн жер алууга аракеттер жүрүп жатат.
Эр Солтонойдун Туусу
Эр Солтонойдун туусу жасалып, 07.12.2024 жылы жалпы жыйында көтөрүлдү. Сүрөттөмөсү даярдалып, логотиби жыйында негизинен кабыл алынды.
КТРКда маек (10-ноябрь 2025 ж.)
2025-жылдын 10-ноябрь айында КТРКнын Маданият каналында Эр Солтонойго арналган маек уюштурулду. Катышкандар:
- Д.И.Сарыгулов (коомдук жана мамлекеттик ишмер)
- Б.Абдразаков (КР ЖК мурдагы депутаты)
- К.Ш.Бийлибаев (тарыхчы)
- К.Качибеков (жазуучу)
Облустук «Бабалар баяны» кароо-сынагы (27-ноябрь 2025 ж.)
Талас шаарында Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектепте «Бабалар баяны» аттуу Эр Солтонойго арналган облустук мектеп окуучуларынын кароо-сынактын жыйынтыгы өткөрүлдү. Талас өкүлчүлүгү уюштурду.
Чек ара аскер бөлүгүндө презентация (2025 ж.)
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын жетекчилеринин көрсөтмөсүнө ылайык (01-18/3974, 18.08.25ж.) Талас облусундагы 2029 аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жана «Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган презентация өткөрүлдү. Резолюция кабыл алынды.
(Тилекке каршы, ар кандай себептер менен Эр Солтонойдун аты аскер бөлүгүнө берилген жок.)
Келечектеги иш-чаралар
Кыргыз элинин сакталышына татыктуу салымын кошкон Эр Солтоной баатырдын басып өткөн жолу терең тарыхый изилдениши керек. Ага өлкөнүн жетекчилеринен чечкиндүү саясий эрк керек.
Пландаштырылган иш-чаралар:
- Илимий маектерди уюштуруу; күмбөз; эстелик; драма жазуу; китеп чыгаруу; ММКда теле-радио берүүлөр; интернет мейкиндигинде иш алып баруу; макала жазуу; такталган сүрөтүн тартуу
- Мектептерде, жогорку окуу жайларында сабак өтүү
- Мамлекеттик уюмдар менен чогуу иш алып баруу
- Архивдик материалдарды топтоо: Ташкент, Алматы, Казань шаарларына баруу
- КР Улуттук Илимдер академиясынын базасында тарыхый-коомдук конференция өткөрүү
- Тарых институтуна акчалай каражат бөлүү менен академиялык изилдөө китебин даярдоо жана жарыкка чыгаруу
- Кемин районунун Орловка шаарына же Жайыл районундагы Сосновка айылына жана Сосновка постуна Эр Солтонойдун атын берүү
- Талас областынын Талас районунун бир айыл аймагына Эр Солтонойдун атын берүү
- Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине Эр Солтонойдун атынын берилиши
- Бишкек шаарында Эр Солтонойдун жана анын шакирттеринин эстелигин орнотуу
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тарыхый драма жазуу, кино тартуу боюнча сынак жарыялоону тапшыруу
- Талас, Бишкек, Ош шаарларынын жана областтардын бирден мектептерине Эр Солтонойдун аттарын ыйгаруу
- Эр Солтонойго арналган китептерди (илимий, адабий, окуу куралдары) азыркы талаптарга ылайык кайра басып чыгаруу
- КР бир аскердик бөлүгүнө Эр Солтонойдун атын ыйгаруу
- КР Президентинин катышуусунда республикалык деңгээлде юбилейлик иш чаранын жыйынтыгын чыгаруу жана өткөрүү
Жыйынтык
Эр Солтоной бабабыздын, кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп, намысын коргоп, жанын берип, канын төгүп, атабыздын бизге калтырган мурасы — бул мамлекеттүүлүгүбүзгө ээ болуп, бейпил турмушта, эч кимге көз каранды болбой жашап жатканыбызда!
Андыктан, Эр Солтонойдун улуу арбагын сыйлап, эрдиктерин даңазалап, санат катары айтып, кино тартып, драма жазып, илимий изилдөөлөрдү улантып, комплекстүү иштерди аткарып, кыргыздын намысын колдон чыгарбай, кийинки урпактарга өткөрүп берүү биздин парзыбыз жана милдетибиз!
Фотогалерея


































































































Түзгөндөр:
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин төрагасы — Мамбеталиев Т.Н.
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору — Орозова Н.С.
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси
Тел.: +996 777 51 00 45
Эл. почта: mtn_t@mail.ru, jetigencarek.7kg@gmail.com