Jetigen.kg · Расмий сайт

Кылым карыткан кыргыз,
кылым карытсын!

Жетиген уруусунун санжырасы, тарыхы жана улуттук дөөлөткө кошкон салымы — бир жерде. Ата-бабаларыбыздан калган мурасты келечекке өткөрүп берүү — биздин парзыбыз.

Кош келиңиз!

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси

2009-жылдан бери кыргыз элинин санжырасын изилдеп, улуттук маданий мурасты сактоого салым кошуп келебиз.

Урматтуу мекендештер!

Азыркы учурда өз элинин тарыхына, санжырасына кызыкандардын саны өсүүдө. Биздин ата-бабаларыбыз кылымдан кылымдарга калтырган улуттук наркыбызды, тарыхыбызды, санжырабызды келечек муундарга өткөрүп берүү, ар бир ойгонгон, ойлонгон кыргыз адамынын парзы жана милдети!

Ушул максатты ишке ашыруу үчүн, 2009-жылдын 28-сентябрында «Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан каттоодон ѳткѳн. Уюмдун максаты: Улуу кыргыз элинин тарыхын изилдѳѳ, санжырасын тактоо, улуттук каада-салты, тили жоголуп кетүүдѳн сактап, кыргыз улутунун ынтымагын бекемдѳѳ, рухий дуйнѳсүн кеңитип, маданиятын мындан ары ѳркундѳтүү, азыркы жаштарды мамлекетин жан дили менен сүйүүгѳ үндѳѳ, кѳп улуттуу Кыргызстандын биримдигин чыңдоо.

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси жогорудагы аталган максаттарга ылайык, «Жетиген санжырасы» китеби үч жолу басып чыгарылып (2009, 2013, 2021-жылдары), тарыхий инсандарды киргизип, калың окурмандарга тартууланды. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинин, анын ичинде жетиген элинин тарыхы, санжырасы изилденүүдө. Кырк уруу Кыргыздын эң байыркы тектүү калкынын бир салаасы Жетиген элинин Курултайы эки ѳткѳрүлүп, керектүү чечимдер кабыл алынды. Мындан тышкары, кыргыз элинин көптөгөн маданий, руханий, ынтымак, каада салт, нарк иш чараларына да демилгелүү катышып келебиз.

Ал эми келечекте болсо: бүтүндѳй кыргыз элибиздин тарыхын, санжырасын изилдѳѳгө салым кошуу максатында Кытайда, Казакстанда, Ѳзбекстанда, Алтайда жашаган туугандарыбызга барып келсек деген ниетибиз бар; жакынкы мезгилде Эр Солтоной жылы жарыяланса, ага тиешелүү иш-чараларды ѳткѳрүү; «Жетиген санжырасы» китебинин төртүнчү басылышын даярдап, жарыкка чыгаруу; түпкү аталарыбыз Эшенкарек, Ыбырайым Молдо жана башка бабаларыбыз жашап ѳткѳн жерлерге барып, таазим этип, алардын тарыхын изилдѳѳ жана башка иш аракеттер көңүл чордонунда.

Түптүү, тектүү кыргыз элинин байыртыдан берки тарыхын, санжырасын изилдеп, улуттук нарк-насилин, каада-салтын сактоого, аны ѳнүктүрүүгѳ ар дайым кѳмѳк кѳрсѳтүү ар бир кыргыз баласынын милдети экенин билдиребиз.

Бул сайт келечекте ой-максаттарыбызды ишке ашырууга зор көмөк көрсөтөөрүнө ишенебиз! Ушул улуу иштерди жүзѳгѳ ашырууга, ар бир окурман өз салымын кошуп, колдоого алат го деген үмүттөбүз!

Урматым менен,
Мамбеталиев Т.Н. — «Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин тѳрагасы
0
Каттоодон өткөн жыл
0
Китеп басылышы
0
Курултай
0
Кырк уруу кыргыз

Санжыра дарагын изилдеңиз

Жетиген уруусунун толук санжыра дарагы — миңдеген ысымдар, муундар жана байланыштар. Өзүңүздүн тегиңизди табыңыз.

Дарактан издөө