Эр Солтоной Байсеит уулу

...

Эр Солтоной ким болгон?
Баатырларга пир болгон!
Жетигенден тараган,
Эки буттуу пил болгон!

(Элден)

XVII к. аягы-XVIII к. ортосу

Теги: Жетиген - Кожоке бий - Караке (Эшен Карек) - Сааба - Ыбрайым молдо - Кыбал - Байсеит - Эр Солтоной.

Байсеит уулу Эр Солтоной-Талас чөлкөмүнөн чыккан, 17-кылымдын аягы менен 18 – кылымдын ортосунда өткөн мүлдө кыргыз баалаган, эрдиги өлбөс-өчпөс эпоско айланган эл баатыры, кол башчы, тарыхый инсан.

Эр Солтоной Байсеит уулу калмак-ойрот жапырыгынын тушунда эл-жерин коргоп, эрдик көрсөтүп, “Кыргыз баатырларынын пири” деген даңкка ээ болгон.

Атадан балага: “Бала болсоӊ атка мин, ата-тегиӊ жатка бил. Эли-жериӊ сактай бил. Эрөөлгө өзүӊ таптай жүр. Эр Солтоной ким болгон? Мына ошону айта бил. Ат жалында өрттөй бол. Арбын душман беттешсе, аз да болсоӊ Эр Солтонойдой көптөй бол” деген сөз калган. “Жабыр баян Солтоной, Жанчканы тирүү болбогон, Сайып алса Солтоной, Таш да болсо онтогон” делет атадан балага келаткан аӊыз сөздө.

Байыркы доордон бери, нечен миӊ жылдарды камтыган улуу тарыхында кыргыздан бир нече жүз баатыр чыккан, бирок “эр” деген даражага бешѳѳсү гана татыктуу болгон: Эр Манас, Эр Тѳштүк, Эр Табылды, Эр Эшим жана эӊ акыркысы – Эр Солтоной.

Бул даража кылымдардын сыноосунан ѳткѳн элдин баасы болгон. “Эр” деген наамды мезгил жана улут берген. Эр Солтоной калмактар менен кармашып жатып, жоо колунан курман болгон. Демек, эл-жерин коргогон аталарды эскерип, атадан балага, муундан муунга айта жүрүү, Эр Солтонойдун эрдигин даӊазалоо, жаш муундарды аталар көрсөткөн эрдиктин үлгүсүндө тарбиялоо - биздин атуулдук парзыбыз.

Эрдигин жалпы кыргыз баалаган, баатырын – ырга салып, “Эр Солтоной” эпосу жаралган. Эр Солтоной жөнүндө маалыматтар кол жазмаларда да кездешет. Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” деген эмгегинде Эр Солтонойдун калмак баатыры Дөӊкөнөйдү жеӊгендеги 105 эрдигин баяндаган. Ал эми белгилүү санжырачы Үмөт Молдо Түгөлбай уулу эмгегинде Эр Солтонойдун калмактарга кыргын салганын жазат. Анда “Чабдар аттуу Солтоной, Салтанаттуу Солтоной, Кыргызга жардам болгон Солтоной, Калмакка кыргын салган Солтоной” делет (КУИА. инв №191 115-120-беттер). Ал эми жазуучу Асанбек Стамов “Жортуул “ деген чыгармасында: “Алтын кемерлүү Эр Солтоной токсондон ашканча эр сайышка түшүп, жортуулдан калган эмес” деп жазып калтырган. Баатырдын эрдиги жөнүндө Бала Айылчынын санжырасында атайын кеп кылынган (“Ала-Тоо журналы” 1991-ж., 8-саны).

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков мындай деп жазат: “Эми баатырлар тууралуу эки ооз сөз. Мен Сүйүнбай Эралиевди өзүмдүн устатым, атам десем, менин жетинчи атам берен Бердике баатыр-Эр Солтонойдон согуш өнөрүнө үйрөнгөн кыргыздын улуттук баатырларынын бири. Эр Солтоной менен ата-баладай мамиледе болуп, аны «ата» деген. Калмактарга каршы согуштарда үзѳңгүлѳш жүргѳн, Бердике баатыр 47 ирет эрѳѳлгѳ чыккан экен.

Эр Солтоной ѳмүр бою ат үстүнѳн түшпѳй, калмактар менен кармашкан. Жашы токсондон ѳтүп, ат үстүндѳ калмактар менен салгылашта курман болгон. Кеги ичинде калган Бердике Аксынын Тегене деген айылындагы Кара-Суудагы кѳпүрѳдѳ калмактын баатырын алдынан тосуп чыгып, жекеге чыгып, башын алат да, кумсарган боюнча “атамдын ѳчүн алдым” деп оор улутунган экен”.

Эр Солтоной-жомоктук каарман эмес, кыргыздын кыйырына таанылган улуу инсан, улуттук баатыр. Анын атасы Байсеиттин миӊдеген урпактары Кыргызстандын бардык аймактарында жашайт, ал эми жеке Эр Солтонойдун жүздөгөн укум-тукуму Талас жана Чүй өрөөндөрүндө өмүр кечиришет.

15 Сентябрь 2023 в 20:20

Жетиген уруусунун расмий интернет баракчасы © "Жетиген-Карек" коомдук бирикмеси.- jetigencarek.7kg@gmail.com