(1788-1874-жж.)
Теги: Жетиген-Кожоке бий-Караке, Сааба - Ыбрайым молдо-Кыбал-Кудайберди-Кудайменде - Бейше - Төлөбай -Чыныке бий.
Тарыхый маалыматтарга ылайык Чыныке бий 1778-жылы Талас өрөөнүндө жайгашкан Арал айылында жарык дүйнөгө келген. Талас элине өзүнүн зиректиги, чечендиги, билгичтиги жана чечкиндүүлүгү менен таанылып, «Чыныке билгир» деген атка конгон. Ал бий болуп турган учурунда казак-кыргыздын ортосундагы доолорду, уруулар арасындагы талаш-чатактарды, башка социалдык мүнөздөгү маселелерди калыстык менен чечип турган. Белгилүү бий, 19-кылымдын экинчи жарымында кыргыз коомунун саясий түзүлүшүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон. Түркстан генерал губернаторуна караштуу жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Россия сенатынын Олуя-Ата уездинин эл аралык мамилелер боюнча жыйынынын делегаты болгон. Чыныке бий 1874-жылы Чүй өрөөнүндө дүйнө салган. Карыялардын айтымында анын касиети күчтүү болгон. Чыныке бий каза болуп, сөөгүн Чүйдөн Таласты көздөй алып келе жатканда ашуу жабык болуп 2 ай күтүшкөн. Ошол учурда да сөөк бузулбастан болжогон жерге жеткирилген. Чыныке бийдин урпактары Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында анын күмбөзүн тургузушкан.
06 Ноябрь 2023 в 19:16