Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков 1951-жылы Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Өзү туулуп-өскөн айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте окуп, кийин орто мектепти Фрунзе шаарындагы №5 мектептен уланткан. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Бул окуу жайын аяктагандан кийин эмгек жолун Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору жана элдик театрдын режиссеру болуу менен уланткан. 1976-1979-ж.ж. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун кафедра башчысы болуп эмгектенген. Ал 1979-жылдан 1992-жылга чейин чейин Кыргыз Мамлекеттик телерадиокомпаниясында редактор жана баш редактор кызмат орундарында үзүрлүү эмгектенген. 1992-1993-ж.ж. Кыргыз Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагасы болуп дайындалган. Эмгек жолунда ал «Кыргызтелефильм» студиясында сценардык-редакциялык коллегиянын мүчөсү, Театр ишмерлер союзунда көркөм жетекчи да болгон. 1993-1996-ж.ж. Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары, ал эми 2016-2017-ж.ж. Кыргыз Республикасынын маданият министри болуп иштеген. Т. Казаков эки китептин автору, чебер композитор катары көптөгөн обондору кыргыз элинин кыйырына белгилүү. Ал 30дан ашуун даректүү фильмдерге, 5 толук метраждуу көркөм фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган. Белгилүү теле алып баруучу катары элге таанымал. Россияда Эл аралык музыкалык коомдун, АКШнын экс-президенти Джеймс Картердин эл аралык комиссиясынын мүчөсү. Т. Казаковго 1981-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы, 1988-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдары ыйгарылган. СССРдин мамлекеттик радиотелекомпаниясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик радиотелекомпаниясынын Ардак грамоталары менен сыйланган, КТРдин отличниги.
06 Ноябрь 2023 в 19:14