СССР Жогорку Советинин депутаты Ө.Ташиев 1954-жылы 9-майда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. 1970-жылы 10-классты ийгиликтүү бүтүргөн. 1970-1971 ж.ж. “Кичи-Кемин” колхозуна мүчө болуп кирип, ар кандай жумуштарда иштей баштаган. 1971-1972-ж.ж. Фрунзедеги К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтуна даярдоо курсунда окуп, 1972-жылы ошол эле институттун ветеринардык факультетине кирип, аны 1977-жылы аяктаган. Ал 1977-1978-ж.ж. Кемин районунун “Кичи-Кемин” колхозунда ветеринардык врач болуп иштеген. 1978-1980-ж.ж. Кант райондагы С.М. Киров атындагы колхоздун ветврачы, 1980-1991-ж.ж. Кант районунун 1-Май колхозунун башкы ветврачы, 1991-1995-ж.ж. ошол эле колхоздун башкармасынын төрагасы, 1997-2003-ж.ж. Кант районунун мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2003-2004-ж.ж. Кант аэропортунун ветеринардык-чек ара бөлүмүндө жетектөөчү адис, 2004-2006-ж.ж. Аламүдүн районунун мамлекеттик ветеринарлык башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2006-2008-ж.ж. Түндүк регионалдык мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын жетектөөчү адиси кызматтарын аткарган. Ө.Ташиев 2008-жылдан Чүй областынын жаныбарлардын ден соолугун коргоону текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенүүдө. Ал 1984-жылы Кыргыз ССРинин Кант шайлоо округу боюнча СССР Жогорку Советинин ХХI чакырылышына депутаттыкка шайланган. Өзүнүн эмгек жолунда, депутаттык кызматтарды аткарууда элге көптөгөн эмгеги сиӊген.
06 Ноябрь 2023 в 19:11