(1907-1997-ж.ж.)
Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиӊирген кызматкер С.Сасыкбаев 1907-жылы Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында туулган. 1916-жылы ата-энеси менен Кытайга барып, 1917- жылы кайра келген. Жаштайынан жетим калып, ар кимдин колунда, балдар үйүндѳ чоӊойгон. 1925-жылдан 1930-жылга чейин Кыргыз педагогикалык техникумунда окуган. 1924-жылдан баштап «Эркин-Тоо» газетасынын активдүү айылдык кабарчысы болгон. 1930-жылдан 1955-жылга чейин «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчы, редактордун орун басары болуп иштеген. Жазуучунун «Миӊ сулуу» аттуу аӊгемеси республикалык басма сѳзгѳ 1928-жылы жарыяланган. «Кичинекей жумушчу» деген биринчи китеби 1932-жылы жарык кѳргѳн, ага удаалаш үч ырлар жыйнагы басмадан чыккан. С.Сасыкбаевдин негизги чоӊ чыгармасы 1967-жылы чыккан «Түпкүрдѳгү нур» романы болуп эсептелет. Жазуучунун бул романы Сүлүктү көмүр кенинин жумушчуларынын турмушуна арналган. Мындан тышкары анын «Нурлан», «Күрѳш күндѳрүндѳ», «Фабрика кызы», «Таӊкы гудок», «Завод балдары», «Күнѳстүү ѳрѳѳндѳр», «Күжүрмѳндѳр», «Эженин ѳмүрү», «Күрдѳѳлдүү жээкте», «Эмгек жылдызы», «Тандалган чыгармалар», «Бийиктиктен бийиктикке», «Жоготуунун эсеси», «Тандалмалар» аттуу аӊгемелер, повесттер жана романдар жыйнактары чыккан. Анын бир романы жана аӊгемелерден, очерктерден жана повесттерден турган үч жыйнагы орус тилинде басылган. С.Сасыкбаевдин прозалык чыгармаларында негизинен кыргыз жумушчу табынын калыптанышы, анын эмгеги жана күрѳшү, сүйүүсү, достук мамилелери чагылдырылат. Жазуучу орус тилинен кыргызчага 16 китеп которгон. Алардын арасында А.Бектин «Волоколам шоссеси», А.Гайдардын «Уруш сыры», С.Бабаевскийдин «Алтын жылдыздын кавалери» деген окурмандарга кеӊири белгилүү романдар жана повесттери бар. С.Сасыкбаев Ардак белгиси жана Элдердин достугу ордендери, СССРдин медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиӊирген кызматкер деген ардак наам берилген.
06 Ноябрь 2023 в 19:01