Медербек Назаралиев

...

(1934-1999-ж.ж.)

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер Медербек Назаралиев 1934-жылы Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айлында туулган. Сары-Булак мектебинен билим алгандан кийин 1951-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык көркөм институтуна кирип, анын режиссердук факультетин 1958-жылы бүтүрүп келген. Чыгармачылык эмгек жолун Тянь-Шань облустук музыкалык драма театрынын башкы режиссеру болуп иштөөдөн баштаган, 1963- жылы борбор шаарыбыздагы азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына режиссер-коюучу болуп которулган. Андан 8 жыл өткөндөн кийин 1971-жылы кайрадан Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын башкы режиссеру болуп 1977-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. 1977-1985-жылдардын аралыгында ал Кыргыз Республикасынын театралдык коомунда көркөм жетекчи, Кыргыз Республикасынын маданият министрлигине караштуу эл чыгармачылыгынын илимий усулдук борборунун бөлум башчысы кызматтарында жигердүү иштеп, 1985-жылдан баштап Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын башкы режиссеру болуп он жыл эмгек өтөгөн. М.Назаралиев Нарын, Фрунзе, Каракол театрларында гана эмес, республиканын Ош, Жалал-Абад театрларына чакырылып көптөгөн спектаклдерди сахналаштырган. Ал андан тышкары өлкө аймактарындагы райондук театрлардагы элдик таланттарга усулдук жардам көрсөтүп, чыгармачылык чеберчиликтерин арттырууда табылгыс тажрыйбасын колдонгон. Атүгүл элдик театрлардын спектаклдерин профессионалдык деӊгээлге жетишине чоң жардам берип, актерлордун сахнадагы образ түзүү чеберчилигин, чгармачылык темпераментин арттырууга чоӊ өбөлгө түзгөн. Улyy режиссер өзүнүн 40 жылга чамалаш чыгармачылык жолунда 60тан ашык драмалык чыгармаларга сахнадан экинчи өмүр берип кетти. 123 Алардын көбү кыргыз театр өнөрүнүн алтын фондусуна кирген. Нечен спектаклдери республикалык сынактардын лауреаттыгына татыктуу болгон. Ал эми Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу», Т.Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» спектаклдери москвалык көрүүчүлөрдүн арасында чоӊ кызыгууну жаратып, бүткүл союздук театрлардын конкурсунда экинчи орунду жеӊип алганы улуттук театр өнөрүнүн тарыхындагы өзгөчө окуяга айланып, зор резонанс жараткан. Ата мекендик театр өнөрүнүн гүлдөп өсүү дооруна чыгаан режиссердун кошкон салымы өзүнчө этапты камтыйт. Медербек Назаралиев 1973-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарына татыктуу болгон. Андан тышкары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. КРнын театрлар ишмерлер союзунун катчылыгына шайланган залкар режиссер 1999-жылы Бишкек шаарында узакка созулган оорудан кийин каза тапкан.

06 Ноябрь 2023 в 18:37