Теги: Жетиген -Кожоке бий - Караке - Сааба - Ыбрайым молдо - Кыргый- Алике (кара моюн)- Чортеке- Тостияр – Кожоназар-Жаныбек- Медербек
Жаныбек уулу Жаныбек уулу Медербек 1808 - жылы туулган. Медербек бий атабыз XIX кылымдагы кыргыз элинин кыйырына таанымал болгон атактуу инсандардын катарына кирет. Жетиген элинин бир тобу Таластан кɵчүп Ормон тарапка ооп кеткени эл ичинде аңыздала айтылып келатат. Ошол учурда Медербек он тогузга чыгып бой жетилип калган учуру экен. Мурдаатан Медербектин атын угуп, калыстыгына ыраазы болуп жүргѳн, түз кѳӊүлү менен тууган болоюн деп сарбагыштардын башы Ормон абдан жакшы кабыл алып, Теӊир- Тоо (Нарын) ɵрɵɵнүнɵн жер энчилеп берет. Ал жер азыркы Жерге-Тал айылынан баштап- Ак Кудук айлына чейинки аймак. 1842- жылы кыргыздар Ормонду хан кɵтɵргɵндɵ жетиген Медербек бий - сот кызматын аткарууга бекитилет. Медербек бий ошол замандын залкарлары Ныязбек бий, Калыгул акылман, алайлык Алымбек датка, Cарт аке, Боронбай, Муратаалы бийлер, Ажыбек датка, черик Ажыбек бий, саяк Качыке, Кожоберди, Жантай, Миназар, Тынай Жантай, солто Жангарач бийлер; жаш болсо да датка наамын алган кадимки Тайлак баатырдын уулу Осмон, чукугандай сөз тапкан чечен жигит Тилекматтар менен замандаш – үзѳнгүлѳш катары Кыргыз элинин намысын талашып, кызматын кылып, урмат –сыйдын тѳрүндѳ, кадыр барктуу жашоону жашап ѳткѳн. Мурдакы жердеп турган журтуна кошумча кыштоосуна азыркы Тѳлѳк айлы турган чѳлкѳмдү болуп берген. Соӊ-Кɵлдун Тескей-Торпу кыясы -кѳлдүн чыга бериши, Кен Суу жайлоосу, Кара-Тал-Жапырык ойдуӊу да Медербек Бий бийлиги ѳкүм сүрүп турган жерлердин катарына кирген. Ал аймакты жетиген, сарбагыш, тѳбѳй ж.б.уруулардын элдери жердеп турган. Эл ичинде кара кылды как жарган калыстыгынан башка, кыйын кырдаалда жол тапкан көрөгөчтүгү, алдын ала болоор ишти сезип турган олуялыгы менен эл ичинде атагы чыккан. 108 1857- жылкы Кененсары менен болгон согушта Ормондун ишенимдуу үзѳӊгүлѳшү- замандашы, калыстыгы как жарган кеӊешчиси катары, кыргыз- казак элинин бир тууганчылыгынын сакталып калышына кылган кызматы эл ичинде айтылып келет. 1865- жылы Кѳтмалдыда Верныйдан келген орус генералдары ортомчу болгон чоӊ жыйында, эки бир тууган эл сарбагыш менен бугунун ортосундагы чырды токтотуп, эки суроо менен сарбагыш элин бугу элинин тогуздап жыккан кунунан куткарып чыкканы алигиче сарбагыш элинде даӊаза кылынып, эл оозунда айтылып келет. Калыгул олуя ошол кылган эмгегине абдан ыраазы болуп батасын берген экен. Сѳѳгү Жерге-Тал айлына коюлган.
05 Ноябрь 2023 в 14:26