(1929-1971-ж.ж.)
Социалисттик Эмгектин Баатыры Үсөнбек Макишев 1929-жылы Чүй областынын Жайыл (мурдагы Калинин) районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, ал жердеги СССРдин айыл чарба машиналарын куруу министрлигине караштуу М.В.Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын жасап чыгарган ири заводго электр менен ширетүүчү болуп кирип, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде үзүрлүү тандап алган кесиби боюнча эмгектенген. М.В.Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводу СССРдеги IV беш жылдыкта курулуп, өлкө боюнча чөп жыйноочу машиналарды чыгара баштайт. Кийин бул заводдо айыл чарба машиналарынын бир топ түрүн (чөп чапкыч, ат жана трактор тырмоочтор, арык казгыч, пресс-подборщик) чыгаруу өздөштүрүлүп, ал өлкөдөгү пресс-подборщик чыгаруучу ири заводго айланган. Сегизинчи беш жылдыкта (1966-1970-ж.ж.) Кыргыз ССРинин экономикасы болуп көрбөгөндөй темп менен көтөрүлгөн. Өнүккөн социализмдин шарттарында Кыргызстандын өнөр жайы өлкөнүн бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык бөлүгү катары өнүккөн. 1965-1985-ж.ж. Кыргызстандын улуттук кирешеси 2,7 эсе, өнөр жай продукциясы 4,4 эсеге өскөн. Мунун ичинен машина куруу жана металл иштетүү 8 эсеге, ал эми электр энергиясын өндүрүү 5 эсеге жогорулаган. Бул мезгилде республиканын коомдук дүң продукциянын 60 пайызы, улуттук кирешелеринин жарымынан көбү өнөр жайга туура келген. Кыргызстанда 150 жаңы өнөр жай ишканалары курулган. Мына ушул VIII беш жылдыкта Үсөнбек Макишев күнүмдүк эмгек планын 140-150 пайызга чейин аткарууга жетишип, беш жылдык планды 3 жыл 8 айда аткарып, союз боюнча эмгек алдыңкыларынын катарына кирген. Мына ушундай эң мыкты эмгеги партия жана өкмөт тараабынан жогору бааланып, ага 1971-жылы 5-апрелде СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен Социалисттик Эмгектин Баатыры ардак 119 наамы ыйгарылган, эң жогорку даражалуу "Ленин ордени жана", "Орок жана Балка" Алтын медалы тапшырылган. Үсөнбек Макишев баарыдан мурда эмгекчил адам болгон. Ал дайыма өндүрүштөгү мүмкүнчүлүктөрдү, маселени чечүүнүн жол-жобосун издеген, ар дайым кыймыл-аракетте, изденүүдө болуу менен улам жаңы бийиктиктерге умтулган жумушчу катары таанылган. Ү.Макишев кайраткер катары өзүнө-өзү дем берип, ар дайыма оор ишинде чыдамкай, сабырдуу болгон. Ал өз максатына жетүү үчүн узак жол басты, алдына бийик максаттарды коюп, ал максаттарына жетүү үчүн татыктуу жол издөө менен ийгиликтерге жетишкен. Ал таза ойлуу адам эле, ушак, терс ойлордон алыс жүргөн, анткени анын маанисиз нерселер менен алектенгенге убактысы болгон эмес. Ү.Макишев бардаштуу жашоодо жашады, жашоодогу улам жаңы нерсени кабыл алып, алардан ырахат алган инсан болгон. Атактуу акын Алыкул Осмоновдун “Жумушчу” деген ыры нак ушу Үсөнбек Макишевге арналып жазылгандай сезилет. Жумушчу калк: дал өзүмдөй жөнөкөй, Анда каруу, менде таттуу көмөкөй. Бизсиз, ырсыз жана эмгексиз, Бул турмуштун бир минуту жөн өтпөй. Нечен дайра, нечен суулар байланып, Өлкөбүзгө нечен шаар жайланып. Жумушчу калк кана соруп чылымын, Мен үстүндө ак куш болуп айланып. Жумуш күчөп, жыл артынан жыл кууп, Оңдоп, бүтүп улам бийик, кең куруп. Жумушчу калк чайын ичип үйүндө, Мен үстүндө алтын канат ыр тууп. Бакыт жасап кур темирден чапкылап, Тынчтык жасап, отту арыга тарткылап. Бул жашоонун жаны бизде экенин, Мен жар салам, канатымды каккылап. Ү.Макишев ардактуу эс алууга чыккандан кийин акыркы жылдары Фрунзе шаарында жашаган, 1971-жылы 42 жаш курагында дүйнө салган.
05 Ноябрь 2023 в 14:23