Көкөбаев Базаралы

...

(1935-2014-ж.ж.)

Социалисттик Эмгектин Баатыры Кɵкɵбаев Базаралы 1935-жыжы Талас областы, Талас району, Молотов атындагы колхоздо туулган. Эмгек жолунда 1952-жылы чабанга жардамчы, 1954-жылы старший чабан болуп эмгектенген. 1956-жылы Талас облустук кеӊешине депутат болуп шайланган. 1956-жылы короосундагы 600 баш ириктин ар биринен 3,7кг жүн, 1957-жылы 4,5 кг жүн кыркып алган. 1958-жылы ар бир ирик койду тирүүлɵй салмагы 75 кг. салмакта мамлекетке этке ɵткɵзүп берген. Ушул жылдары кылган эмгеги үчүн 1958-жылы СССР Жогорку Советинин Указы менен «Социалистик Эмгектин Баатыры» деген эӊ жогорку сыйлыкка татып «Ленин ордени» жана «Алтын жылдыз» медалы ыйгарылган. 1963-жылга чейин чабан болуп эмгектенген. 1959-1963 –жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 1963- жылы Чарбалар ирилешкенде «Карасуу» колхозу менен «Манас» колхозу биригип «Манас» колхозуна 1963-1968- жылга чейин жылкы менен койду кошуп чоӊ ферма башчы болуп иштеген.1968-1972-жылдары кырман башчы, 1973-1975-жылдары топоз ферма башчы 1975-1982-жылдары колхоздун Манас бригадасынын комплекстүү бригадасынын башчысы, 1982-87 –жылдары жылкы фермасынын башчысы болуп эмгектенип, аны «Асыл тукум» фермасына айландырган. 1960-1987 –жылдары колхоз башкармачылыгынын мүчɵсү болгон. Ушул жылдары айылдык кеӊешке депутат болгон. Кɵкɵбаев Б. бир нече жолу Кыргыз ССРинин компартиясынын съездине делегат болуп катышкан, «Манас» колхозунун «Ардактуу колхозчусу» деген наам алган. Кыргыз Республикасынын ɵзгɵчɵ сиӊирген эмгеги үчүн персоналдык пенсия ыйгарылган. СССР Жогорку Советинин «Ардак Грамотасын» алган. 1957-жылы «Ардак белгиси» ордени, 1970-жылы «В.И. Ленин, 100-жылдык» медалы менен сыйланган. Кɵкɵбаев Б. бир нече жолу Кыргыз Республикасынын президентинин стипендиясын алган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин атынан автомашина менен сыйланган. Айылдын ардактуу атуулу болгон.

05 Ноябрь 2023 в 13:58