Кошоев Өмүрзак

...

(1890-1971-ж.ж.)

Социалисттик Эмгектин Баатыры Ө. Кошоев 1890-жылы Кичи-Кемин айылында кедей-дыйкандын үй-бүлѳсүндѳ туулган. Бала чагынан малга жакын болуп, жаштык мезгилин мал кайтаруу менен ѳткѳргѳн. 1916- жылы ѳзүнүн жакын туугандары менен Россиялык падышачылыктын эзүүсүнѳ каршы күрѳшкѳ катышып, орустардын жазалоочу отряддарынын аткан огуна туруштук бере албастан Кытайга жер которуп барган. 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынын жеӊиши менен кыргыз элине Совет бийлигинин орношун угуп, эли-жерине кайтып келген. Жокчулуктун азабын эли менен кошо тартып, Кытайдан кайтып келгенден кийин Далпыраӊдагы (азыркы Ильич айылы) Бардо деген орус байына жалданып иштеп, оокат ѳткѳзгѳн. Совет бийлигинин орношуна, коллективдештирүүгѳ активдүү катышкан. Чарба ирилештирилип, колхоз уюштурулгандан тартып, 1929-жылдан чарбанын жылкычысы болуп эмгектенген. Ѳзүнѳ бекитилген жылкыларды багып ѳстүрүүдѳ зор эмгегин жумшаган. Карамагындагы малдын башын аман асыроого, кыштоолорду туура пайдаланууга, арбын тѳл алууга, кымызды мамлекетке ѳткѳрүүдѳ план-милдеттенмелерин ашыгы менен аткарууга жетишип, чарбанын алдыӊкы жылкычыларынын катарына кошулган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мыкты эмгектенген малчы катары бронь менен согуштан калтырылган. Армияга тандалма жылкыларды жѳнѳтүп турган. 1948-жылы 50 баш тубар бээден 50 кулун алып, аны чыгашасыз бѳлүп берген. Мындай кѳрсѳткүчтѳрдү нечен ирээт кайталаган. 1949-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен ага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам берилип, эң жогорку "Алтын Жылдыз" медалы менен "Ленин ордени" тапшырылган. Кийин СССРдин бир нече медалдары менен сыйланган.

05 Ноябрь 2023 в 13:50