(1887-1972-жж.)
Чарба жетекчиси, СССР Жогорку Советинин биринчи шайланышынын депутаты.
1887-жылы Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында, туулган. 1916-жылдагы Үркүндѳ Кашкар шаарына чейин барышкан, ал жерден ата-энесинен, сегиз бир тууганынан, ѳмүрлүк жарынан ажырап, 1918-жылы жалгыз ѳзү айылына келген. Кайрадан бүлѳ күтүп балалуу болгон. 1927-жылы элдик эркин кошуунга кошулуп 1929-жылга чейин Түштүк жергесинде басмачыларга каршы күрѳшкѳн. 1929-жылдан 1931- жылга чейин Кѳк-Мойноктогу почта бекетинде иштеген. 1931-жылдан 1937-жылга чейин Кемин районунда жаӊыдан уюшулган Ильич айылындагы совхозго баш чабан болуп, стахановдук жалпы элдик кыймылга кошулуп эмгектеги мыкты ийгиликтерди жаратууга жетишкен. Малды чыгашасыз багып, тѳлдү, жүндү арбын алган. Эмгеги ѳкмѳт тарабынан жогору бааланып, 1936-жылы 23-февралда "Ардак белгиси" орденин алган.
Ѳкмѳттүк жогорку сыйлык алгандан кѳп ѳтпѳй ферма башчысы, совхоздун директорунун орун басары, 1937- жылы Ильич совхозунун директору болуп дайындалган. Ошол жылы ѳткѳн СССР Жогорку Советинин биринчи шайланышына Кочкор шайлоо округунан депутат болуп шайланат. Ильич совхозунун иши илгерилейт. 1938-жылы артта калган чарбанын ишин жакшыртуу максаты менен Ж.Кененбаев Кочкор районунун «Тѳлѳк» совхозунун директорлугуна, 1939-жылы Талас облусундагы «Жоон-Тѳбѳ» совхозунун директорлугуна, 1940-жылы үй-бүлѳлүк жагдайга байланыштуу ѳзү туулуп-ѳскѳн Кичи-Кемин айылындагы «Кертабылгы» колхозунун башкармалыгынын тѳрагалыгына дайындалат. Бул кызматта Ж.Кененбаев 1943-жылга чейин иштеген. 1947-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. 1940-жылы 30-мартта СССР Эл чарба жетишкендиктеринин Башкы комитетинин «Чоӊ Күмүш» медалын алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1941-жылы 1-февралда Фрунзе шаарында ѳткѳрүлгѳн Кыргыз ССРинин 15 жылдыгынын урматына ѳткѳрүлгѳн салтанаттуу жыйындын президиумуна шайланган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колхозду башкаруу менен чарбанын уйларын, кой-эчкисин саадырып, элди сүт менен баккан. Колунда бар малын, алты канат ак боз үйүн саттырып, ага ѳзүндѳгү болгон акчасын кошуп танка жасоочу заводго жѳнѳткѳн. Бул эмгеги үчүн И.Сталиндин колу коюлган ыраазычылык катын алган. 1946-жылы 24-июнда Москва шаарында ѳткѳрүлгѳн Жеӊиш парадына катышкан.
Кыргыз Республикасынын улуу инсаны катары Ж.Кененбаевдин 1943- жылы түшкѳн сүрѳтү, № 723-күбѳлүгү менен Ардак белгиси ордени, СССР Жогорку Советинин депутаттык тѳш белгиси, СССР Эл чарба жетишкендиктеринин «Чоӊ Күмүш» медалы, Жеӊиш парадына чакырылган күбѳлүгү жана парадка кирүү билети азыркы күндѳ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине коюлган.
07 Октябрь 2023 в 01:10