VIII Бөлүм

Октябрь революциясы болоор алдында жетиген уруусунун уруктары менен бɵлүкчɵлɵрү азыр Кыргыз ССРинин түндүк бөлүгүн түзүп, кыргыздар жашап турган территорияны камтыган бардык үч уездде катталган. Олуя-Ата уездинин Каракол болуштугунда алардын 166 кожолугу (Кичи-Кɵк-Кыя, Андаш, Узун-Булак, Кургак-Булак, Чырканак, Кара-Суу жана Кызыл-Таш ɵзɵндɵрү), ошол эле уезддин Кеңкол болуштугунда 200 кожолугу (Чырканак, Чеп, Калба ɵзɵнүнүн сайындагы Бɵлтүрүк-Арык жана Бɵлтүрүк ɵрɵɵндɵрү) болгон. Пишпек уездинин аймагында жетиген уруусунун топтору Сарыбагыш (35 кожолук) жана Карабалта болуштуктарында (Жетиген-Арык боюнча 65 кожолук) бар экендиги белгиленген. Пржевальск уездиндеги Нарын болуштугунда (Кɵк-Сай, Ичке Сары-Булак, Талаа Сары-Булак, Кайнар, Ала-Кулун, Кара-Булак, Ак-Бешим, Теректи-Булак, Ак-Кудук, Дɵɵлɵт-Суу, Аян-Булак, Шоро-Карагатты ɵрɵɵндɵрү) жетигендердин 325 кожолугу жана Эсенгул болуштугунда (Таш-Булак ɵзɵнү) тɵрт кожолук болгон.

Жетиген уруусунун негизги бөлүкчөлөрү кыбал, кыргый жана дербиш болгон. Бирок дербиш бөлүкчөсүнө таандык карыялардын айткандарына ылайык бул бөлүкчөнүн түпкү атасы Молдо Ийрек (же Молдо Эрек) болгон деп эсептесе болот».

“Кыргыз уламыштарынын бири Астрахан ханы Жедигер жөнүндө баяндайт, ал Казан ханышасы Сүйүн-бийкечтин чакыртуусу боюнча ханышанын өз элиндеги көтөрүлүштү басып салуу үчүн жөнөйт. Чындыгында да XVI кылымдын орто ченинде Казан хандарынын биринин Сүйүнбийке деген аялы болгон. Жедигер деген хан Эдигенин тукумдарынын бири болгондугу белгилүү. Ал гана эмес, 1549-жылы Казан Жедигер-Мухаммед хан тарабынан басылып алынат, б. а. кыргыз уламышында айтылып жаткан окуянын болгондугу ырас.

1549-жылы Казань шаары Едигении тукуму Жедигер тарабынан басып алынганы маалым (Абрамзон, 1990, 78-79). Акыркы мисал кыргыздардын этникалык тарыхында, этногенезисинде таасирлүү орунду ээлеген “ногайлы” доорун чагылдыраары шексиз”.

Жогоруда сɵз болгон Жедигер аттуу кишинин азыркы кыргыздын оң канатына кирген жедигер уруусу менен байланыштырууга болбойт бул жɵн гана Эдигеге тууган болгон адамдын эле аты десек туура болот. Азыркы учурда Турциядагы Кастамону Университетинде иштеп жүргөн белгилүү тархычы О. Каратаевдин « Еще раз о сакральной местности ÖTÜKEN: История вопроса и современная интерпретация» деп аталган эмгегинде төмөндөгүдөй маалымат келтирилген: «Была ли «тувинская» Отюкен сакральной местностью для кыргызов? Могли ли кыргызы перенести сакральнуюместность под названием Отюкен в другое место? Например, встречается достаточно много ономастических названий (топонимы, оронимы, гидронимы, зоонимы, ойконимы), которых кыргызы перенесли из Южной Сибири и Западной Монголии на территории современного Кыргызстана. Кыргызы не освоили эти земли, большая часть населения перекочевала в Восточный Туркестан и на территории современного Кыргызстана и сопредельных территорий. Следует отметить, в исторической памяти современных кыргызов сохранились онимы, возможно, связанные по происхождению с сакральной местностью: например, антропонимы Öтöгöн, этноним Жетиген (племя левого крыла кыргызов) и т. д. (Nations and religions of Eurasia • 2021 № 1 (26). P. 37-62.).

Жогоруда О.Каратаев келтирген жетиген уруусунун ÖTÜKEN деген аталыш менен болгон байланыш мүнкүнчүлдүгүн өзүнчө тема катары бөлүп кароону туура чечтик, себеби бул тема бир топ кошумча изилдөөлөрдү талап кылат жана көлөмдүү маселе.

Жетиген уруусу жөнүндө 1995-жылы «Көкө-Тенир» басмаканасынан басылып чыккан Эсенкул Торокан уулунун «Сол канат кыргыз» аталган китепте мындай деген маалымат келтирилет. «Калмакка каршы, Анжыян тарапта жүргөн Тынайдын мыктысы Атаке Баатыр, калыӊ саруу элин баштап чыккан Мураталы бийдин бакма баласы Олжочуктун Бердике баатыры, жер-суудан ажыраган саруу, кушчу жетигендерди чогултуп Эрсолтоной, Итим баатырлар чыгат. Сары-Ɵзөн Чүйдү энсеген калыӊ солто журтун Жайыл баатыр менен Кошой баатыр уюштуруп, Жумгал саяктарын көтөрүп алакөздун Эрсадыры чыгат, Чабуулдун эӊ асты болуп саруу уруусунуан чыккан Сатыкей баатыр элин баштап жүрүп, Кетмен-Төбөнү калмактан бошоткон». 2014-жылы Нурбек Турандын «Каңды. Санжыра жана тарых» аттуу китеби басылып чыккан. Бул китепте каңды уруусуна кирген алашан уругунун курамында жетиген аттуу урук бөлүкчө бар экендиги так кɵрсɵтүлгɵн. Өздɵрүн жетиген атаган бул топ Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагына караштуу Бел-Өрүк айылында жана Көк-Жар айыл аймагынын Алашан айылында турушат деп айтылат. Автор каңды уруусунун алашан уругунун ичине кирген жетиген тобун кыргыздын сол канатына кирген жетиген уруусу менен байланышы бар же жок экенин жɵнүндɵ тактоо керек экендигин эскертет.

Каңды уруусунун алашан уругунун ичинде болгон жетиген аталган тобунун жетиген уруусу менен байланышы барбы деген суроого тɵмɵнкү маалымат бир аз да болсо божомол кѳрсѳткѳндѳй. Орус окумуштуусу В.Н.Дублицкийдин «Родословная таблица кара-кыргызов, проживающих в Джетисуйской области и краткая их история» (1923, Алмаата) аттуу эмгегинде кыргыз урууларынын географиялык аймактар боюнча жайгашуусу жѳнүндѳ маалымат берилген. Ошол таблицада Ош уездинин Наукош (Ноокат болсо керек) волостунда кездешкен Алике аттуу уруу кѳрсѳтүлгѳн. Жетиген санжырасына ылайык Ыбырайым молдонун Кыргый деген уулунан Алике жана Кѳчѳк (кара моюн, сары моюн уруктары) аттуу балдары болгону белгилүү. Аликенин урпактары Таластан кандайдыр бир себептерден алгач Чүйгѳ кѳчүп, солто уруусуна кошулуп, андан соң Чүйдѳн Теңир-Тоо тарапка кѳчүп барып, сарыбагыш уруусуна кошулуп калганы жɵнүндɵ жетиген санжырасында айтылат. Азыркы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда жайгашкан Актам айылында турушкан жетиген уруусунун ѳкүлдѳрү ѳздѳрүн Аликенин урпактарыбыз деп эсептешет. Бирок, азыркы учурда Нарын областынын Нарын районунун бир топ айылдарын жердешкен жетиген уруусунун ѳкүлдѳрү ѳздөрүн Ыбырайым молдонун иниси Нусуп Молдонун урпагы Дербиштен тарайбыз деп айтышканы да белгилүү. Белгилеп кетүүчү дагы бир жагдай, Теңир-Тоолук жетиген туугандар ѳздѳрүн Дербиштин баласы аталган Аликеден таркатышат жана ѳздѳрүн Аликенин Кыргый аттуу уулунан тараган кара моюн же сары моюн уруктарына киришбешин баса белгилешет. Ошол эле учурда кара моюн жана сары моюн уругунун ѳкүлдѳрү Таласта, Чүйдѳ жана Нарын тарапта да кездешет.

Кытай таануучу орус оккумуштуусу Ю.А.Зуев «жетиген» деген сөздүн маанисин изилдеп, анын байыркы мааниси «араба дегенди түшүндүрөт» деген тыянакка келет. Эгерде биз анын айткандарына таянсак, анда «жетиген» деген аталыш «канглы» – «арабачылар» дегендей эле түшүнүк берет. Бул жерден да каңды жана жетиген уруусунун кандайдыр бир байланышы барбы деген божомол пайда болот. Бирок байыркы түрк(кыргыз) тилинде жетиген аталган сөз «араба дегенди түшүндүрөт» деп Ю.А, Зуевдин жыйынтык чыгаруусу эч бир негизсиз экенин баамдасак болот, себеби жетиген аталган сөздүн өзөгү жети деген сөздөн турары ачык эле байкалып турат.

Тарыхый маалыматтарда канглы (каңды) уруусу Алтын Ордодо олуттуу роль ойногон уруулардын бири экендигин жана жетиген уруусунун ɵздɵрүн Эдиге менен байланыштырганын эске алсак, учурдагы каңды уруусунун ичине жетиген уруусунун айрым бир ɵкүлдɵрүнүн кирип калышы кокустук эмес экендигин божомолдосок болот.

Жетиген уруусу жɵнүндɵгү айрым бир маалыматтарды «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чыгармалары «Кошумча окуу китептер сериясы: 13» Олжобай Каратаев «Кыргыз этнонимдер сɵздүгү», Бишкек. 2003-ж. басмадан чыккан китептен тапсак болот. Бул окуу куралында тɵмɵнкүдɵй маалыматтар келтирилген:

Асан - жетиген уруусунун курамындагы урук, топ (Абрамзон, 107). Антропоэтноним. Энчилүү аттын параллелдери баргы, басыз, жедигер, бугу урууларында бар.

Дербишалы - чекир саяк уруусундагы чоронун курамындагы урук (Абрамзон, 112). Антропоэтноним. Дербиш ар. ак сарайдагы кызматкер (Жанузаков, 1982, 136).

Жал - жетиген уруусунун курамындагы урук (Абрамзон, 113). Бул сөз кыргыз тилинде төмөнкү маанилерди берет: Жал 1. Кээ бир айбандарга моюндун кырына узатасынан чыккан кыл. 2. Жылкынын мойнунун кырындагы узатасынан кеткен майы, майлуу бөлүгү. 3. Кыр-кыр болуп узатасынан кеткен тилке, кырка жээк, жөөк. Көк жал 1. Карышкыр, бөрү, карышкырдын сыртаны, мыктысы; 2. өтм. Баатыр, эр жүрөк, кайраттуу (КТТС, 287). Бул сөздүн байыркы формасы «jаl» түрүндө айтылат (ДТС, 227). Чүй өрөөнүндө Жал аттуу айыл, Бишкек шаарында болсо кичирайон аталары маалым. Этноним жер-суу аталышына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн.

Жалаң найза - жетиген уруусунун курамындагы урук (Абрамзон, 113). Этноним жоокерчилик доорлор менен байланышкандыгы байкалып турат. Айрым учурларда мындай маанидеги.

Жетиген - сол канаттагы ири уруулардын бири (Абрамзон, 114). Н.А.Аристов жетигендерди (етиген) кыргыздардын этникалык пайдубалын түзгөн уруулардын бири экендиги жөнүндөгү эң алгачкы пикирди айткан (Аристов, 1994, 449, 450 , 452). Мисалы, Чоң Жетиген жылдыз (орусча - Большая медведица) хакастарда «идиген» формасында айтылат (Хакасско-русский словарь, 1959, 382). Элдик санжыраларда этнонимди «жетиген» (жети шаар), «эдиге», «жетиген жылдызы» ж.б. менен байланыштырышат (Төрөканов, 1995,118,119). Чоң Жетиген жылдызы тува шамандарынын акыл-эсинде Долаан (жети), Бурхаан (Кудай) – «жети кудай» маанисин аныктаган. Асмандагы жети кудайдын урматына шаман кара койду өз колу менен курмандыкка чалган (Монгуш Кенин Лопсан, 1995, 135). Арийне, этнонимди байыркы «Өтүкен» (Отuкан iуs) топоними менен да параллель кароого болот. Жетиген = етиген = өтүген = өтүке(а)н. Отuкан jys (Ѳтүкен йыш - Өтүкен токою) тарыхый булактардагы байыркы (руникалык, кытай маалыматтары), изилдөөлөрдөгү маалыматтарда Чыгыш Хангайдагы токойлуу тоо кыркалары катары чагылдырылат (Кляшторный, 1964, 34). Л.П. Потапов байыркы түрк доорундагы топонимикалык аталышты азыркы Туванын түштүк тарабына локалдаштырат (Потапов Л.П. Новые данные о древнетюркском «Оtuкeн «/ / С В , 1957, -№ 1, 106-117). Стратегиялык жактан маанилүү район байыркы түрктөргө азыркы Монголия, Түштүк Сибир, Түштүк Батыш Манжуриянын аймактарына толук үстөмдүк кылууну камсыз кылган. Руникалык жазма эстеликте: «...акылман Тонукүк биротоло отурукташып жашоо максатында Өтүкен жерин тандап алды» - деген маалымат бар (караңыз: Кляшторный, 1964, 34). Бул топоним жайгашкан Хангай (кырг. Кангай) “Манас” эпосунун бардык варианттарында топоним, этноним, айрым учурда өлкө катары да чагылдырылат («Манас». Энциклопедия, Т.1,271). Өдүгене - азыркы Тувадагы дарыянын энчилүү аты (гидроним) катары белгилүү. Этноним болжолу, кыргыздардып тарыхый мекени болгон Түштүк Сибирдеги байыркы топонимикалык аталышка байланьштуу келип чыккан. Акыркы гидронимдин байыркы тегинин кыргыздып оң канатындагы Адыгине уруулук тобунун энчилүү аты менен байланышы болуусу толук мүмкүн”.

Н.Н. Калилова аттуу автор ɵзүнүн «Погребальные обряды кыргызов в средние века» аттуу илимий макаласында орто кылымдарда жашаган кыргыздарда колдонулган кɵзү ɵткɵн маркумду көмүү адаттары жана бул адаттардын пайда болуу себептерин изилдеген. Бул эмгекте тɵмɵнкүдɵй маалымат берилген: «Т.Д.Баялиева пишет по этому поводу, что некоторые представители племени джетиген жили в Ала-Букинском районе Джалалабадской области среди рода согу племени могол, а их родичи – в долине Чаткала. Туда можно было проехать только в течение трех летних месяцев, поэтому тех, кто умирал в другое время года, заворачивали в саван и зашивали в верблюжью кожу, после чего подвешивали на дереве или на специально поставленных столбах, где и оставляли до наступления лета. Затем покойника погребали вместе с кожей, в которую он был зашит. Т.Д.Баялиева считает, что, возможно, этот обычай – отголосок древних погребальных обрядов киргизов в Сибири. Есть и такое мнение: этот обычай был связан с кочевым образом жизни киргизов, который не давал возможности хоронить покойников в земле. С принятием ислама этот тип захоронения исчезает».

Жогоруда келтирилген илимий булактарга таянып, жетиген уруусу кыргыз этносун түптɵгɵн эң байыркы урууларынын бири жана кыргыздын башка урууларына кирбеген ѳзүнчѳ уруу деген толук жана ишенимдүү жыйынтык чыгарсак болот.

24 Октябрь 2023 в 19:49