Жетиген уруусу жɵнүндɵ алгач 2007-жылы ɵзү жетиген уруусунун ɵкүлү болгон Болотбек Бɵкɵлɵев тарабынан даярдалган «Жетиген» аттуу китеп жарыкка чыккан. Б.Бɵкɵлɵев ɵзүнүн бул китебинде жетиген уруусу жɵнүндɵ айрым бир илимий маалыматтарды келтирген жана негизинен Талас жергесиндеги жетиген уруусунун санжырасын чагылдырган.
2009-жылы кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болгон тарыхчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун «Кыргыз (байыркы тарых). Жетиген (санжыра)» деген эмгеги жарык кɵргɵн (Д.Сарыгулов да жетиген уруусунун ɵкүлү болот). Д. Сарыгулов ɵзүнүн бул эмгегинде жетиген уруусу жɵнүндɵгү илимий маалыматтарды изилдеп, топтоп, жетиген уруусунун ɵзүнчɵ бир уруу экендигин толук далилдеген жана жетиген уруусунун келип чыгышы жɵнүндɵгү табылган баалуу маалыматтарды чагылдырган. Тилекке каршы, бул китептин нускасы ɵтɵ эле аз (болгону 100 нуска) болгондуктан кɵпчүлүктүн колуна тийбей, жалпы журтка маалымат толук жетпей калды. Экинчиден, бул китепте Д.Сарыгулов ɵзү белгилегендей, жетиген уруусу жɵнүндɵ учкай гана маалымат берген.
2009-жылы жетиген уруусунун алгачкы толук санжырасы «Гүлчынар» жоопкерчилиги чектелген коомунун басмаканасында 700 нускада биринчи жолу басылып, жарык кɵргɵн болчу. Албетте, бул санжыра китеп алгачкы жолу басылып чыккан жетиген уруусунун толук санжырасы катары бир топ тактоолорго жана толуктоолорга муктаж эле. Ошол себептен 2013-жылы бир топ тактоолор, толуктоолор менен жетиген санжырасынын экинчи басылышы даярдалып, нускасы 1 миӊ даана болуп, Кыргыз улуттук университетинин басмаканасында басылып, жетиген уруусунун ɵкүлдɵрүнɵ жана жетиген уруусунун экинчи курултайына мейман катары чакырылган башка уруулардын ɵкүлдɵрүнɵ таркатылган. Андан соӊ, 2021-жылы жетиген санжырасын бир калыпка келтирүү максатында, тагыраак айтканда, санжыраны кара сɵз түрүнɵн бутакча түрүнɵ ɵткɵрүү (санжыранын бутакча түрү санжыра менен таанышууга жана туура келбестиктерди аныктоого бир топ жеӊилдик түзɵт), тактоо, кошумча киргизүү, жаш муунга үлгү болсун деген максатта жетиген уруусунан чыккан, улуттук дɵɵлɵткɵ зор салым кошкон кɵрүнүктүү жетиген уулдарынын өмүр баянын кыскача баяндаган бɵлүм жана кыргыз элинин улуу тарыхын чагылдырган маалыматтар кошумчаланып, жетиген санжырасынын үчүнчү басылышы «Имак Офис» басмаканасында нускасы 1 миӊ даана болуп басылып, эл-журтка таркатылды.
Эми алдыга койгон максатыбызга жетүү үчүн сɵз баштасак. Окурмандар арасында ар кандай кошумча сɵздɵрдүн, божомолдордун пайда болушуна жол бербɵɵ үчүн бул макалада келтирилүүчү маалыматтарды ошол алынган илимий булактардагыдай, ɵзгɵртпɵй берүүнү туура деп чечтик жана түшүнүүгɵ жеӊил болуусун кɵздɵп, макаладагы маалыматтарды ɵтɵ жɵнɵкɵй тил менен чагылдырганга аракет жасадык.
Жетиген уруусу жɵнүндɵгү эӊ алгачкы илимий тарыхый маалыматты орус окумуштуусу Н.А.Аристов «Түрк урууларынын тарыхы жана этникалык түзүмү боюнча эмгектер» (Бишкек, «Илим», 2003-жыл.) деген эмгегинде келтирген. Н.А.Аристов ɵзүнүн бул эмгегинде жетиген уруусу жɵнүндɵ тɵмɵнкүдɵй маалымат берет: «В таком случае имя Етиген могло быть заимствовано в качестве имени одного из динлинских племен и перейти к помеси этого племени с тюрками, которая вошла в союз усуньский во время нахождения усуней в средней Монголии и дала свое имя, с одной стороны, Кара-кыргызской кости, с другой – одному из союзов или поколений, который первоначально состоял из одной кости и имновался Етиген (66-бет).
«Кости Етиген, Тоолос, мундус, торо и кучу вошли в состав усуньского союза, по всей вероятнояти, в средней Монголии, во время кочевания усуней между Душь-хуаном и Саянами, ранее ухода усуней в западный тяньшань» (67стр.)
«Из остальных двенадцати семь в двух или более поколениях, а потому должны коренными костями кыргызского народа… 6) кость Етиген ведет свое название от священного леса или покрытой лесом горы Етикен, упоминаемой в тюрко-орхонских памятниках, и от тождественной, вероятно, с тем же урочищем реки Етиген..»
Таким образом, из семи коренных и наиболее распространенных костей кара-киргизов четыре (Сару, кааба, ассык и Етикен) имеют, повидимому, тюрко-динлинское происхождение и три остальные (Мундус, Телес и Кучу) тюрко-алтайское, либо такие же кости (кроме Кучу) и теперь еще есть в Алтае» -217стр.
Бул маалыматта так кɵрсɵтүлүп тургандай, орустун кɵрүнүктүү тарых изилдɵɵчүсү Н.А.Аристов жетиген уруусун кыргыз элин түптɵгɵн негизги байыркы уруулардын бири катары эсептейт. Уруунун аты орхон-түрк эстеликтеринде кездешкен токой каптаган Жетиген тоосу же Жетиген аттуу дарыясы аккан капчыгай менен байланышкан деп божомолдойт.
Демек, азыркы учурда башаты Алтай Республикасынын аймагында жайгашкан Манас кѳлүнѳ жакын жерден башталган Эдиган дарыясынын бар экендиги жогоруда келтирилген маалыматтын чындыкка жакын экенине толук күбɵ болчудай десек жаӊылыштык болбогудай.
21 Октябрь 2023 в 21:09