Санжыра, эпостор жана тарыхый булактардан алынган маалыматтар

Жетиген элинин санжырасында Чачтуу Азис, Эдигей ысымдары баардыгында кездешет. Аңыз, уламыш айтылган сөздөрдү калтырып, тарыхый аныгын аныктоого аракет кылалык.

Эсенкул Төрөкан уулу «Сол канат кыргыз» (Бишкек, Көкө-Теңир, 1995-ж.) аттуу санжырасында Эдигенин ысмын келтирет (118-бет).

Кожокулов Асан 1958-ж. аяктаган көлөмдүү (198 басма бет) кыргыз санжырасында «Узун сакал Шык деген адамдан Түктүү баба. Андан Чачтуу Азыс. Андан Эдиге – деп жазат (172-бет).Токтомуш хандын ысмы айтылат (172,173-беттер). Эдигеден Агыман. Агымандан Эрек молдо» – деп көрсөтөт (173-бет). Аламүдүн районунда (Чүй областы) жашаган Момуналы уулу Сырымбет чогулткан санжырада «Апенди чалыш Чачтуу Азиз, эчки тапкан Эдиге, Тохтомуш хан, Агыман, Эрек молдо – деген ысымдар айтылат.

1932-ж. Үрмарал өрөөнүндө (Талас областы) туулган Сооронкулов Сыргак аксакал санжыраны атасынан угуп баштап, кырк жылдан ашык мезгил аны жыйнап, 1965-жылы Алай району, Күнэлек айылында жашаган Курманалиев Сарт-акеден (ошондо 53 жашта, 1991-ж., 79 жашында каза болуптур) угуп, жазып алганын 2008-ж. минтип айтты:

«Малик – кыргыздан Буданчар. Андан Токо, Токодон Дөөтаман. Андан Кайдухан. Кайдухандан Байшумкар. АнданТүмөн-хан. Түмөнхандын тогуз эркек баласы болуптур. Тун уулу – Ноотакын (Жаксу). Андан Маңгыт. Андан Кутту Каба-бий. Андан Узун сакал Шык. Андан түктүү Азиз. Түктүү Азизден Эдигей. Эдигедейден Агыман. Агымандан жетиген эли тараган. Түмөнхандын бешинчи – алтынчы балдары эгиз, Кабул, Кажул болгон.

Кабулдан Бартан-баатыр. Андан Есугей. Есугейден Чыңгыз хан.

Кажулдан Эрмеши – барлас, андан Сүюнчү, андан Анжал-нойон, андан Багадур, андан Элингыз, андан Баргул, андан Тарагай,Тарагайдан Тамерлан (аксак-Темир)».

Курманалиев Сарт-аке «эскичилди сактаган» үчүн КПСС доорунда төрт жылга кесилип, түрмөдө олтуруп келген экен. Сарт-акеде жазылган, далилдүү маалыматтар болгон үчүн С.М.Абрамзон өзүнүн «Кыргызы и их этногенетические и историко-культурные связи» деген китебинде (Фрунзе, «Кыргызстан, 1990-ж.) минтип жазат: «Позднее, в 1955г. то же самое подтвердил Сарт Курманалиев (относит себя по происхождению к роду кёкчё уулу племени баргы (Алайский р-н Ошской обл). Согласно его варианту, от Булганча произошли племена тейит, каңды, джоо кесек, нойгут, кыпчак, кызыл аяк, кесек, найман» - 49 бет.

Буданчар, Түмөнхан жөнүндө айтылган маалымат жөн эле уламыш же чындыкпы деген суроо туулат.

Абуль-Гази-Багадур-хан (1605-1664-жж.) «Родословное древо тюрков» деген эмгегинде (Москва -Ташкент-Бишкек, 1996ж.)минтип жазат:

«У Буданчира было два сына: старший назывался Бука, младший Тука… У Бука был сын по имени Дутум-менин. Старшийсын его, по имени Кайду, спасся во время истребления, и после смерти отца его поставили ханом. У Кайду было три сына: старший Байсангур… Старшего сына (Кайду-ханова) Байсангура поставили ханом: он был государь умный, правосудный, добрый; покорил себе много земель. Облаготворив друзей своих и истомив врагов своих, он после нескольких лет царствования, передал своё место сыну своему Тумене и отправился в долгий путь.

Тумене-хан был прекрасный, великий государь… при нем народ его был счастлив и спокоен. У него было девять сыновей…в числе девяти его сыновей были два сына-близнеца, Кубул и Каджулы.

Старшему Тумене-ханову сыну было имя Джафсу, у которого было три сына: старший Туякин, второй Урут, третий Манкыт…

Пятого сына имя было Каджулы. У него был сын Иримчи-Барлас, все Барласы – его потомки. Аксак Тимур произошел из этого рода.

Шестой сын Кубул-хан; от сыновей Кубул-хана произошли Чингизхан и много других родов. Если Бог поможет, о всех их скажем в соответствующем месте» - 44-45-беттер.

Кыргыз санжырасынан бир эле айырма бар: Дутум-менин Буданчирдин Бука деген баласынан (кыргыз санжырасында – Токодон).

Түмөнхандын туң уулу – Джафсу, андан – Маңгыт – баары кыргыз санжырасы менен бир болуп турат.

Буданчар 970-ж. туулганын эске алсак, арадан бир миң жылдан ашык мезгил өткөн экен! Ошого карабай маалымат так, даана болуп жатпайбы! (өз балдарыбыздын кээде туулган жылын, айын так айта албайбыз. Буга салыштырганда, санжыра так болуп чыкканы таңгалдырат!).

Абуль-Гази-Багадур-хан аталган эмгегинде минтип жазат: «В поколении Ак-Манкыт был человек по имени Кутлук-Кыя. У него были сын и дочь. Дочь его взял за себя сын Тимур-бека (Тамерлана), у которого родился Тимур-Кутлук-хан. Сын его (Кутлук-Кыя) был Идигей, который поступил на службу к Токтамыш – хану.

…Когда Тимур-Кутлук-хан пришел в полную силу, то Идигей Манкыт оставил Токтамыш- хана и пристал к Тимур-Кутлук- хану» - 94-бет.

Ч.Валиханов (Собрание сочинений в 5т Алматы, 1985г.) минтип эскерет: «Абульгази ногайцев называет всегда манкит» 2 том, 61-бет.

Белгилүү тарыхчы Рустан Рахманалиев «Империя тюрков: тюркские народы в мировой истории с Х в. до н.э. по ХХ в.н.э.» аттуу эмгегинде – Москва, «Прогресс», 2002-ж. минтип жазат:

«Едигей принадлежал к древней семье рода Белых мангкытов (Ак-Мангкыт). Мангкыты, как мы знаем, составляли ядро Ногайской Орды. Их поддержка серьезно помогла Едигею при захвате власти в Золотой Орде – как и Ногаю примерно 130 лет назад.

… В дальнейщем Едигей служил до 1391г. Амир Темуру, помогая ему в борьбе с Токтамышем. …Таким образом, согласно ярлыку, Едигей являлся главой всего войска улуса Джучи.

Разбив армию Витовта и отрезав Литву от Черного моря, Едигей сосредоточился на восстановлении порядка и дисциплины в Золотой Орде.

…Едигей со своей ордой подошел к стенам Москвы 1 декабря 1408г. … В конце концов, Едигей предложил снять её осаду за 3000 рублей отступного. Получив указанную сумму, он повел войска обратно в степи. Набег Едигея на Москву, однако, весьма повысил его авторитет в мусульманском лагере.

…Едигей был последним из золотоордынских правителей, кто не только стремился, но одно время и на деле осуществлял былое великодержавие монгольской власти в Восточной Европе» - 495,496,497,498- беттер.

Атактуу орус тарыхчысы Карамзин Н.М. (1766-1826-жж.) «История государства Российского» аттуу 12 томдон турган 26 жыл бою жазган эмгегинде (Санкт-Петербург, ООО «Золотой век», ТОО «Диамант» 1997-ж.) минтип жазат:

«Все переменилось, когда пришел в стан к моголам седой князь Эдигей, славный умом и мужеством. Он был вторым Мамаем в Орде и повелевал ханом; некогда служил Тамерлану и носил на себе знаки его милостей.

Витовт надеялся на свои, пушки и пищали… Ни Чингисхан, ни Батый не одерживали победы совершеннейшей…

…Знаменитый Эдигей, сподвижник Тамерланов, победитель Витовта, князь всемогущий в улусах…

…Старец Эдигей, уступив Орду Капчакскую, или Волжскую, сыновьям Тохтамышевым, властвовал как государь независимый вулусах Черноморских. Будучи врагом Витовта, он (в 1416 году) разорил многие Литовские области…» -92, 104, 112-беттер.

«Большой энциклопедический словарь», Москва, 1998-ж. 390-бетинде минтип жазылат:

«Едигей (1352-1419) эмир Белой Орды, основатель ногайской Орды, с 1399г. правитель Золотой Орды. В 1408г. совершил поход на Русь.

«Едигей» (1-я пол.15 в) героический эпос, распространенный среди татар, казахов, ногайцев, башкир, каракалпаков, крымских татар, узбеков и тюркских народов Западной Сибири. Историческая основа эпоса – борьба эмира Едигея с золотоордынским ханом Тохтамышем (конец 14в.)».

Эми «Едиге Батыр» аттуу эпоско кайрылалык (Алматы, «Fылым», 1996-ж. Казахстан Республикасынын Илим Академиясы).

Эпостун кириш сөзүндө минтип жазылган: «…Едигенин атасы Баба түктүү чачтуу Азис (26-бет, акеси (чоң атасы) Куттукия (30-бет); … Едиге Кутлыкай батырдын баласы едi (120-бет); Сонда Едигенин айткан сөзi: Биз ногой деген ел едiк, Ежелден жаткан ередiк (158-бет); Сонда Едiге сөйлейдi, Сөйлегенде не дедi: - Мен ногой деген ел дедиi, Екеуiмiз де ер дедi (166-бет); … Куттыккыянын Куттыби деген iнiсi бар. Бул – ханнын касында отыратын акыл гөй биi. (183-бет); Сонымен Едiге Куттыбидiн баласы болып жүрiп, тогыз жаска келдi (192-бет); … Едiге былай сөз айтты: «Мен ногайдагы Едiге, Көшемiн ендi кiдiрмей, Жайык деген жериме! (258-бет)».

«Татары, тюрки – потрясятели вселенной (история великих империй)» аттуу китепте (Безертинов Р.Н., ЦЭРИС, Новосибирск, 2001-ж.) Едигейдин ХIV-XV тарыхта калтырган изи, орду жөнүндө 287-беттен 302-бетине чейин жазылган.

«Было у него 20 сыновей, писал Ибн-Арабшах – из которых каждый был царь владычный, имевший (свой) особый удел, войско и сторонников»-300 бет.

Демек, С.М.Абрамзон «Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи» (Фрунзе, «Кыргызстан», 1990-ж.) аттуу эмгегинде абдан далилдүү жазган экен: «Уже давно отмеченная Чоканом Валихановым связь преданий и исторических событий, относящихся к XV-XVI вв., свидетельствующая о близких отношениях казахских и киргизских племен 88 с ногайскими, нашла подтверждение и в собранных автором этнографические материалах. В их числе генеалогические предания о происхождении племен джетиген, чекир-саяк от «ногайцев» (ногой, или астаркан ногой), об этнических связях киргизов с каракалпаками и др.» - 76-бет.

* * *

Малик-кыргыз Буданчардын атасы, Түмөн-хан, Чынгызхан, Тамерландын түпкү бабасы дегендин негизи барбы деген суроо туулат.

1785-1790-жж. капитан Андреев И.Г. «Описание Средней орды киргиз-кайсаков» деген илимий эмгегин жараткан (Алматы, Илим, 1998-ж.). Анда минтип жазган:

«В старинной татарской истории нашел я, что Чингис-хан прогнан был по ненависти своих братьев Каинчара и Салчута, который, взяв с собою трех человек, ушел в Черную гору к казакам (казаки Черной горы суть нынешние дикие киргизы и поднес имени его «бурут» не оставляют), наказав своей матери, ежели будут его искать, чтоб его там искали» - 25-26-беттер.

Эмне үчүн Чынгызхан кыргыздарга баш калкалап качты? Айланасында далай бөлөк элдер бар эле да?

Кычанов Евгений Иванович «Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир» (Бишкек, Кыргызстан, 1993-ж.) деген китебинде минтип жазат:

«Еще русский ученый Березин высказал предположение, что трех своих младших сыновей прародительница Чингиз-хана Алан-Гоа родила от кыргыза. В наши дни эту версию поддерживает П.Рачневский, который полагает Маалиха-Баяудца тюрком и истинным отцом предка Чингиса Бодончара» - 42 бет.

Өмүралиев Абытай «Эпос «Манас» есть история кыргызов или туркоязычных народов» аттуу китебинде минтип жазат (Бишкек, 1995-ж.):

«Жил в это время в доме Алангоо работник. Звали его Малик Байдан. Был он кыргызом. Поговаривали также, что своих трехпоследних сыновей Алангоо родила от него. В те времена древние кыргызы были высокого роста, голубоглазые и рыже волосые. Отец Чингизхана Есугей был крупным, голубоглазым и рыжеволосым мужчиной богатырского телосложения. Чингизхан и его дети пошли в отца – такие же крупные, голубоглазые и рыже волосые… Исследователи – востоковеды Березин, П.Рачневский, Е.Кычанов считают эти слухи верными. Отцом Бодончара является кыргыз Малик Байдан, утверждают они в своих исследованиях о Чингизхане. Как бы там ни было, главное заключается в том, что и кыргызы, и тайчыки происходят от одного отца – Угузхана, и потому не важно, является ли Чингизхан потомком кыргызов ли, тайчыков ли.

Бодончар родился в 970 году. У него был сын Токо, от Токо – Дутуман, от Дутумана – Кайдухан, от него – Байшонкор, от Байшонкора – Тумбулай (Тумонбий), от Тумбулая – Кабул-хан, от Кабулхана – Амбагайхан и Бартан – батыр, дед Чингизхана. От второго сына Кабулхана Бартан-батыра родился Есугей, отец Чингизхана»-32-бет. Атактуу орус тарыхчы, герограф Гумилев Л.Н. «Древняя Русь и Великая степь» аттуу китебинде (Москва, 1997-ж.) минтип жазат:

«Об отличии внешности Борджигинов от прочих кочевников говорят два автора: китаец Чжао Хун и тюрк Абуль-Гази. «Татары не очень высоки ростом. Самые высокие-156-160 см. нет полных и толстых. Лица у них широкие, скулы большие. Глаза без верхних ресниц. Борода редкая. Тэмуджин высокого и величественного роста, с обширным лбом и длинной бородой. Личность воинственная и сильная. У Борджигинов глаза синезеленые или темно-синие, где зрачок окружен бурым ободком» - 440-441- беттер.

Демек, бул маалыматтар бекер жеринен чыкпаганы далилдүү болуп жатпайбы.

02 Ноябрь 2023 в 18:44