Курманаалы уулу Адылбек – аксакал санжыраны алты чоң дептер жазып, сактап келиптир. Мындан нары маалыматтар ушул санжырадан кыскартылып алынды.
Кабылдан (сол канат) жалгыз Көбөш. Көбөштөн алты уул: Жайыл, Босого, Азгаалы, Кулунчак, Кандабас, Кара.
Жайылдан: Каратал, Каранай. Караталдан: Токтоболгу, Токтук. Токтуктан: Катаган, Жетиген. Катагандан: Турсун, Шамей. Шамейден: Айдар, Жылкыайдар, Бээбайлар, Койайдар, Алакчын. Жетигенден: Айдаке-баатыр, Ажыке-молдо, Кожоке-бий. Айдакеден: Атаке, Асаке, Эсеке, Мусаке. Ажыкеден: Алай, Жанай, Канай, Тынай. Кожокеден: Караке (Эшен Карек), Кудаке, Качыке (1а дептер, 11-бет)».
Бул жерден кѳрүнүп тургандай, Эшен Каректин санжырасында Кабылдан жалгыз Кѳбѳш деп Жайыл, Босого, Азгаалы, Кулунчак, Кандабас, Кара анын урпактары экенин кѳрѳбүз. Эсенкан Тѳрѳкан уулу келтирген вариантында болсо Кѳбѳш, Жайыл, Босого, Азгаалы, Кулунчак, Кандабас, Кара бир туугандар катары кѳрсѳтүлгѳн жана санжыраны кимден алынганы так кѳрсѳтүлгѳн эмес. Бизге жеткен Жетиген санжырасын Эшен Карек ѳзү жазып неберелерине бергендиктен жана ал санжыра колдон колго ѳтүп азыркы учурга чейин сакталганын эске алып, биз, албетте Эшен Каректин санжырасын туура деп божомолдойбуз, себеби Эшен даражасына жеткен Карек кантип эле ѳзүнүн жети атасын билбеген болсун?
Бизде болгон маалыматка ылайык Эшен Каректен калган жетиген уруусунун санжырасы тѳмѳнкүдѳй чагылдырылган. Жогоруда болгон талкууларда анык болгондой Жетиген кээ бир санжыраларда Кушчу менен бир тууган же бир тараптан келген
Эшен Каректин санжырасында Кыбалдын урпактары ушундай кѳрсѳтүлгѳн. Бул маалыматтын канчалык даражада чындыкка жакын экенин так айтуу кыйын, бирок Эшен Карек билимдүү адам болгонун эске алсак, туура болсо керек деп гана божомолдоого болот. Бул варианттагы Жетигендин атасы катары эсептелген Токтук кээ бир санжыраларда Кушчунун баласы деп айтылаарын жогоруда болгон талкууда кѳрсѳтүлдү. Схемада кѳрсѳтүлгѳн Катаган жана Алакчын катаган уруусу жана саруу уруусунун ичиндеги алакчын уруктары менен кандай байланышы бар же жөн эле адам аттарыбы деген суроо туулат. Илимий булактардагы саруу жана катаган урууларынын байыркы уруулардан экенин эске алсак, адамдын гана аттары го деген жыйынтык чыгарсак болот. Адам аттары уруунун аты менен дал келген учурлар абдан арбын экени элибизге жакшы эле белгилүү. Хронология тарабынан анализдеп кѳрсѳк, Эшен Каректин туулган жылы болжол менен алганда 1617-жылга туура келет. Жетиген анын чоң атасы, Жетигендин чоң атасы Каратал, анын чон атасы Кѳбѳш, Кѳбѳштүн атасы Кыбал. Ошондо Кыбал Эшен Каректин 10-чу атасы болот. 10 муун ѳтсѳ болжол менен 350-400 жыл ѳткѳн деп болжолдоого болот. Бул болжолдоолорду эске алып Кыбалды 1217-1267-жылдары жашап ѳткѳн адам катары кабыл алсак болот. Бул мезгил Долон бийдин заманына туура келет.
Жетиген санжырасы тактоолор, толуктоолор менен үч жолу басмаканадан басылып чыкты. Санжыранын үч вариантында тең бир гана Эшен Каректин урпактары киргизилди, себеби Эшен Каректин бир туугандары жана аталаш туугандарынын урпактары боюнча азырынча биздин колубузда ишенимдүү маалыматтар жок. Ошол эле учурда Эшен Каректин небереси деп эсептелген Чекирдин урпактары чекир саяк аталып ѳздѳрүн саяк уруусунанбыз деп эсептешкендиктен алар да жетиген санжырасына киргизилген эмес.
Санжыра илгертен ооз эки түрүндѳ айтылып, муундан муунга ѳтүп келгендиктен айрым учурларда кээ бир муундардын аттары санжырага кирбей же унутулуп калганы дээрлик бардык эле санжыраларда ачык эле байкалат. Ошол себептен жетиген уруусунун санжырасында деле ошондой
*Сыдыктын урпактары азыркы учурда Казак Республикасынын Чимкент областынын Беш-Терек айылында турушат. Сыдыктын айрым бир урпактары Чүй областынын Чуй районуна караштуу Ак-Бешим айылында.
Бул жерде жалпыга так түшүнүктүү болуш үчүн Долон бийге байланышкан санжыра боюнча бир аз кыскача сѳз. Долон бийдин санжырасында кѳрсѳтүлгѳндѳй, бардык кыргыз уруулары ушул адамдан келип чыккан деп айтуу деге эле чындыкка жатпайт, себеби биринчиден, эгерде андай айтым чындык болсо кыргыз уруулары XII-XIII кылымда гана пайда болгон болуп калат. Экинчиден, Долон бийдин санжырасында анын урпактарынан келип чыккан уруулар деп кѳрсѳтүлгѳн уруулардын дээрлик кѳпчүлүгү байыркы замандарда эле түптѳлүшкѳнү илимий булактардан так белгилүү. Үчүнчү белгилеп кете турган нерсе, бул жеке адамдын аты менен уруунун атын байланыштырып алуу маселеси. Мисалы, Сарыбагыш деген адамдан сарыбагыш уруусу, Жетиген деген адамдан жетиген уруусу, Кушчу аттуу адамдан кушчу уруусу тараган деп эсептѳѳ бир топ чаташууларды жаратат. Жетиген уруусунун мисалында илимий материалдардан байкагандай, бул уруунун аты жылдыздарга, же топонимдерге байланышкан. Ушундай эле ойду бугу, сарыбагыш, багыш, кыпчак ж.б. уруулардын аталышына карата айтсак эч бир жаңылыштык болбойт. Кѳпчүлүк учурда эл арасында таралган санжыраларда уруунун атын жеке бир адамдын аты менен байланыштырылып калып, бир топ түшүнбѳстүктѳрдүн чыгып жатканы жакшы маалым. Азыркы учурда деле аты Жетиген же Кушчу деген адамдардын бар экени баарыбызга жакшы белгилүү. Тѳртүнчү жагдай, бул бир адамдын аты бир эле учурда бир канча уруулардын санжыраларында кездешкени. Мисалы, солто уруусунун ичиндеги байсейит тукуму жана солто уруусунун ичине кирип калган жетиген уруусунан болгон Байсеит, чекир саяк уруусунун жана жетиген уруусунун санжырасында кездешкен Сүтэмген жан Итэмген деген уруктардын аттары ж.б. Бешинчи, токтолуп кете турган жагдай бул кээ бир санжырачылардын, санжыра изилдѳѳчүлѳрдүн, тактоочулардын жүйѳѳлүү далилдерди келтирбей туруп эле биздин гана вариант туура деген позицияда болушу.
Т. Акеров «Ногайская орда. Мангыты и кыргызы в Золотой Орде» аттуу илимий эмгегинде тѳмѳндѳгүдѳй маалымат келтирет: «В родоплеменном составе кыргызского племени саяк обнаруживались роды итэмген (вскормленный молоком собаки), сутэмген (вскормленный молоком человеческой матери), компактно проживающие в долине реки Талас. Возможно, последние представляли потомков аристократического рода алтайских кыргызов, возглавляемых Емке». Т. Акеров келтирген бул маалыматты бир аз тактап коюу керек, себеби, сүтэмген жана итэмген аттуу уруктар саяк уруусунун бир ѳзгѳчѳ бөлүгү болгон чекир саяктын ичинде гана кездешет, ошол эле учурда жетиген уруусунун санжырасында да Итэмген жана Сүтэмген аттуу адамдардын бар экени белгилүү. Чекир саяк уруусу менен жетиген уруусунун кандай байланышы бар экендиги жѳнүндѳ жогору жакта жетишээрлик деңгээлде талкуу болду. Эшен Каректин санжырасы деле Долон бийге байланышканы даана эле байкалып турат.
Жетиген санжырасынын үчүнчү басылышы жарык кѳрүп, эл ичине таратылгандан кийин Фейсбук тиркемесиндеги «Жетиген» аттуу баракачага Даниярбек Найманбаев аттуу жарандан тѳмѳндѳгүдѳй билдирүү келип түштү: «Жаңы чыккан «Жетиген» китебин окуп чыгып, ѳз оюмду айтайын дедим. Китептин жасалышы абдан жакшы, кооз жасалган, талаш жок. Бирок андагы санжыра туура эмес берилген. Китепте Жетигендерди Кушчунун бир тууганы Токтуктан тараган дейт. Андай болсо Эшим Баатыр ѳзүнүн тѳрт ата ѳткѳн тууганын чапкан болобу? Жайылдан Каратал, Каранай, Караталдан Кушчу уруусу, Каранайдан Саруу уруусу тарайт. Анда Саруу менен Кушчу чабышмак. Андай болгон эмес. Ырас Эшим баатыр Катагандын Хан Турсунун чапкан. Катаган чоң уруу болгон, ѳздѳрүнүн ханы болгон. Ал Эшим баатыр Кашкарга кеткенде, Эшимди ѳлдү деп угуп, Эшимдин эли жерин чаап алган. Аны уккан Эшим кайра келип, Саруу, Багыш, Солто, Сарбагыш, Кушчу, Кытай, Казактардан кол топтоп барып, чаап ордуна Багыштан чыккан Кѳкүм бийди койгон, жоого аттанганда жездеси Түгѳл бий Шарпкула деген күчтүү, күлүк атын берген.Түгѳл бийдин уруусу чекир саяк болгон. Китептеги санжыра ѳздѳрүнүн изин жашырыш үчүн жазылса керек деген ойдо калдым».
Даниярбек Найманбаевдин жеке ой пикири боюнча жетиген уруусунун санжырасы туура эмес экен, себеби эгерде жетиген уруусу Токтуктан тараса кушчу менен саруу чабышмак, анда Эшим баатыр ѳзүнүн тѳрт ата ѳткѳн тууганын чапкан болобу, санжыра ѳздѳрүнүн изин жашырыш үчүн жазылса керек деген ойдо калдым деп жетиген уруусунун абийирине ѳтѳ катуу тийчү билдирүү жазыптыр. Д.Найманбаев эмнегедир эч бир жүйѳлүү далил келтирбей туруп эле жетиген элинин санжырасы туура эмес деп жыйынтык чыгарып салыптыр. Бул такыр эле далили жок билдирүү биздин Фейсбук тиркемесиндеги «Жетиген» аттуу баракчага жарыялангандыктан аны кѳптѳгѳн жарандар кѳрүп, окушту, ошол себептен бул жарандын билдирүүсүнѳ жооп берип коюуну туура кѳрдүк.
Биринчиден, Долон бийдин санжырасы канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендиги боюнча эч бир илимий далил жок, ал эми Долон бийдин балдарынан тараган деген уруулар Долон бийден миң жыл же андан эрте эле тарыхый маалыматтарда кездешээри тарых илиминде жана эл арасында кеңири белгилүү. Экинчиден, кыргыз урууларынын аттарын Долон бийдин балдарынын аттарына байлап алуу туура эмес, себеби тарыхый илимий маалыматтардан азыркы учурдагы кыргыз элин түзгѳн уруулардын кѳпчүлүгүнүн аттары Долон бийге чейин эле белгилүү болгону анык. Кушчу менен Токтуктун да ѳз ара канчалык байланышы бар экенин биз жогоруда талдап, алар жѳнүндѳ санжыраларда ар түрдүү маалыматтар берилгенине күбѳ болдук. Кушчу деген бир эле убакта адамга жана урууга таандык ат катары каралат, эгерде биз кушчу уруусу Кушчу аттуу адамдан тараган десек, анда илимий булактарда Кушчу аттуу адам айтылганга чейин кеңири кездешкен кушчу уруусу жѳнүндѳгү маалыматтар кимге таандык? Токтуктан Жетиген, Катаган деген уруулар тараган деп божомолдоого такыр мүмкүн эмес, себеби жетиген уруусу байыркы заманда эле пайда болгондугун Н.А.Аристовду өз илимий эмгегинде көрсөткөнүн биз жогоруда белгиледик. Эгерде биз тарых илимине, тарых окумуштуулары Алтай, Орхон Енисейден табышкан кыргыз элине тиешелүү болгон, Байыркы Рун аталган алфавит менен жазылган жазууларга ишенбейбиз, биз бир гана ата бабаларыбыз айтып келген оозеки санжырага гана ишенебиз десек, анда биз дүйнѳгѳ белгилүү болгон кыргыздын улуу тарыхын тааныбайбыз деген жыйынтыкка келебиз, себеби ал маалымат булактарында Караталдын баласы Кушчу Каранайдын баласы Саруу болгон деген бир да илимий далил жок. Ошол эле учурда азыркы кыргыз уруулары жѳнүндѳ абдан кѳп тарыхый маалыматтардын бар экендиги баарыбызга жакшы белгилүү. Океандай болгон, дүйнѳдѳ теңдеши жок «Манас» эпосунда деле кыргыздын уруулары жѳнүндѳ бир топ маалыматтар айтылаарын кыргыз эли жакшы билишет. Жетиген уруусу жѳнүндѳгү маалыматтарды биз жогоруда илимий булактардан, «Манас» эпосунун эки вариантында кѳрсѳтүлгѳнүн жана кыргыз элинин ичинде таркаган оозеки айтылып, сакталып калган санжыралардан толук кѳрсѳтүп бердик. Тарых, оозеки санжараларда кыргыз урууларын ортосунда келип чыккан чыр-чатактар тууралуу маалыматтар жок эмес. Тарыхта бийлик, мансап талашып тууган тууганын чапканы дүйнѳ жүзүнѳ кеңири белгилүү, башкаларды айтпайлы мисалы, Чыңгыз хандын балдары, неберелери, чеберелери бири бири менен чабышып олтуруп Чыңгызхан түзгѳн империя толугу менен жок болгону тарыхта анык. Ошол себептен кантип эле тууганы тууганын чапсын деп таң калуу бул тарыхты эле билбегендиктин белгиси же атайылап санжырадан бир кынтык табуунун амалы. Эч бир жүйѳлүү далил келтирбей туруп Д. Найманбаевдин жетиген санжырасы ѳздөрүнүн изин жашыруу үчүн жазылса керек деген жыйынтык чыгаруусу жакшы сѳз менен айтканда бул аркы-беркини ылгабай туруп эле балп этмей жорук болуп калыптыр десек жарашкыдай. Биз бул адамдын жарыбаган билдирүүсүнѳ кѳңүл деле бурбай койсок болмок, бирок биз ушул макаланын башында айтылган максатыбыз жалпы журтка жетиген уруусу жѳнүндѳ толук жана акыйкаттуу маалымат жеткирүү экенин эске алып, эл арасында дагы кандайдыр бир туура эмес божомолдордун пайда болушуна жол бербѳѳ ниетинде Д. Найманбаевдин билдирүүсүнѳ жооп кайтарууну туура деп чечтик.
Орус окумуштуусу Е. Смирнов “Сыр-Дариньская область” (Санкт Петербург. 1887г.) аттуу эмгегинде
Бул эмгекте келтирилген маалыматта кыргыздын сол канатынын башы болгон Кугулдан (Кабыл, Куу уул) таркагандардын бири Каратал экенин кѳрѳбүз. Караталдан Кытай, Коши (Кушчу), Джувашь (Жоош), Кытайдан Кейра, Тунтугурь, Карактай, Турдешь, Актунды жана Бугеджинь, Кошиден (Кушчудан) Тагаймат, Канетеннь (Кара теңеш-?), Тлеукабыл жана Байсеит, Джувашьдан (Жоош), Сабатар жана Кайназар экенин кѳрѳбүз. Жетиген санжырасына ылайык Тагаймат, Түлѳкабыл, Байсейит кушчу уруусунун ичине кирип калган Ыбырайым молдонун неберелери экени бизге так белгилүү. Ыбырайым молдону алып келген кушчу делген Сабатар бул жерде Джувашь (Жоош) деген уруусунан экени жана адам Ыбырайым молдонун неберелери болгон Тагаймат, Түлѳкабыл жана Байсейит менен замандаш адам катары кѳрсѳтүлгѳн. Жогоруда биз С.Сооронкуловдун жетиген уруусу ѳзүнчѳ уруу эмес, алар кушчу Сабатар деген адам Сырдарыя тараптан алып келген Ыбырайым молдодон тараган деп айткан билдирүүсүн анализдеп, мындай аныктама чындыкка жатпайт деп жыйынтык чыгарган болчубуз. Е.Смирновдун маалыматынан да кѳрүнүп тургандай, С.Сооронкуловдун жетиген ѳзүнчѳ уруу эмес, алар кушчу Сабатар аттуу адам Сырдарыя тараптан алып келген Ыбырайымдан тараган деген аныктамасы эч бир далилсиз сѳз экенин дагы бир жолу баса белгилеп кетебиз. Эмне үчүн уруусу жетиген болгон Тагаймат, Түлѳкабыл жана Байсейит бул жерде Кушчунун балдары катары кѳрсѳтүлүп калганын, Эшен Каректин алты небереси кандайча шарттарда кыргыз элине келип кошулганын баяндаганда түшүндүрүүгѳ аракет жасаган элек.
Е.Смирновдун эмгегинде келтирген жана башка булактардагы Долон бийге байланышкан маалыматтардан кандай жыйынтык чыгарса болот? Биринчиден, Долон бийге байланышкан санжыра канчалык так экени белгисиз, экинчиден, кыргыз эл арасында бул санжыра ар кандай түрдѳ айтылып келген, үчүнчүдѳн, кыргыз урууларынын аттары Долон бийдин балдарынын аттарынан пайда болгон эмес.
Азыр биз XXI кылымда жашап жатабыз, билимдүүбүз, дүйнѳ эли тааныган тарых аттуу илим бар, ошондуктан пейилиң түз, акыл-эсиң жайында, кыргыз элинин ынтымагына шек келтиргенди каалабаган болсоң, кыргыз элинин бир уруусу жѳнүндѳ бирдеме жазаардын алдында аркы- беркини талдап, андан соң жазуу керек. Тилекке каршы, азыркы учурда кээ бир пенделер бир китеп окубай туруп интернетти чукуп, ошол жерден бир демени таап алып, ушундай турбайбы деп ага ишенип, же ѳзү эч нерсе билбесе да ѳзүн билерман сезип, андай-мындай деп жарыя жасап, элдин башын айландырып, жок нерсени жорууну жаман ѳнѳкѳткѳ айлантып баратканы, албетте баарыбызды ѳкүндүрбѳй койбойт.
Ушул макалада келтирилген илимий эмгектерде жана оозеки чыгармаларда чагылдырылган маалыматтарды эске алып, жетиген уруусу жɵнүндɵ айрым бир адамдар айткан “жетиген ɵзүнчɵ уруу эмес” деген аныктама такыр эле чындыкка жатпай турган аныктама экендиги толук далилденди деп ишенимдүү айтабыз. Ошол эле учурда жетиген уруусу кыргыз этносун түзгɵн байыркы уруулардын бири экени да талашсыз! Айрым маалыматтардын жалпы окурманга түшүнүктүү болсун деген максатта атайын кайталанып берилгенин ѳзгѳчѳ белгилеп кетебиз.