IV Бөлүм

Жер-суулардын кыргыз аттары – улуу билим. Бир кылым бою кыргыз бул билимди унутуп, жоготуп келатат. Ал билимдин улуулугу – жер-суулардын аттары кыргыздын алты миң жыл тарыхын баяндап, толук чагылдырганында!!

Жер-суулардын сырын терең ачып, өзгөчө сапаттарын көркөм, даана мүнөздөгөн билим улуу эмей эмне?

Ар бир кокту, сай, өзөн, ашуу, булак, суу-көл, кыя, чокуларды ажыратып, өз аты менен таанууга беш эмес, он кылым да аздык кылат.

Демек, жер-суулардын кыргыз аттары – кыргыз Азия аймагынын көп жерлерин миң жылдар бою мекендегенин талашсыз баяндаган билим. Улуулугу ушунда!!

Бул билимдин дагы бир касиети – кыргыздын даанышмандыгын, табият менен эриш-аркак жашаган улуу дүйнө таанымын чагылдырып, XXI кылымга чейин аны сактап келгенинде.

Айтылгандын баарын толук ырастап берейин:

Биринчи.

«Республика Хакассия», Москва, Роскартография, 2005г. М 1:500 000, Административная карта, жана «Республика Алтай», Атлас, Новосибирск, ФГУП «ПО инжгеодезия», 2005г. – деген карталарда жер-суулардын аттарынын көбү бүгүн да кыргызча болуп турганына күбө болобуз (үчүнчү тиркеме 46, 47-беттер).

Суулар: Чу, Турген, Талдыбулак, Талдысуу, Нарын, Миңбулак, Кыргызсуу, Күркүрөө, Арашан, Акташ, Кочкор, Корумду, Каракол, Кызылсуу, Итөлгөн, Балыкчы, Басыз, Аюлуу, Аркансуу, Каратекесуу, Үңкүрсуу, Энсуу, Энесай, Аксуу, Аянсуу, Белсуу, Кантеңирсуу ж.б.

Көлдөр: Манас, Кыргыз, Маралкөл, Кошкөл, Каракөл, Байкөл, Аккөл, Жылукөл, Узункөл, Таштукөл, Тереңкөл, Талдыкөл, Тузкөл, Ошкөл, Ысык-көл ж.б.

Тоо-кыр-сай-өзөндөр: Чалкан, Үчөлөң, Үчаркар, Түлкү, Ташөзөн, Ташдөбө 22 ч, Уйтүшкөн, Чолокчат, Манас (тоо), Кызылташ, Кызыларт, Коргон (кыр), Күңгөй, Көккочкор, Карлукыр, Каракыр, Караташ, Карагай, Карабулак, Кара айгыр, Бугумүүз, Кабырга ж.б.

Кыргыз Алтайды колунан алдырып, ал мекенин калтырганына төрт жүз жыл өтсө да жер-сууларынын аттары кыргызча болуп жатпайбы!!

Ар бир суу, булак, кыя, кыр, ашуу, кокту, өзөн, чоку, көл өз атына ээ болуп, эл эсинде коргошундай уюп, кылымдарга моюн бербей жашап ка- лыш үчүн миң жыл дагы аздык кылат. Ал үчүн, бир эмес нечен миң жыл убакыт керек.

Жер-суу аттар билими кыргыз Алтайды нечен миң жыл бою мекендеп келгенин баяндап жатпайбы!

Афанас, Андрон, Карасук, Тоо-кар, Таштык маданияттарын археологиялык, илимий негизде кеңири мүнөздөгөн «Древняя история Южной Сибири» (АН СССР, Москва, 1951-ж.) аттуу китепте академик Киселев С.В. көптөгөн жер-суулардын атын келтирет. Айрымдарын эле атап койсом жетиштүү болоор: Кутту көл (192-бет), Кой таш (88-бет), Кызылсуу, Кара өзөк, Каражан, Киргилде суусу (91-бет), Миңчуңкур (96-бет), Карасуу (106- бет), Алатоо (150-бет), Курай (157-бет), Таштык суусу (399-бет), Тоо-кар көлү(184-бет), Кызылкөл, Узун аба (201-бет), Кара коргон (264-бет), Калба (358-бет), Ысык (77-бет), Каратуз (77-бет), Төө суусу (76-бет), Орок аймагы (70-бет), Ногой өзөнү (61-бет), Капчыгай (61-бет), Узунжол суусу (77-бет) ж.б.

Экинчи.

Манаста 500дөн ашык айтылган жер-суулар (Крым, Моңгол, Кытай, Тибет, Урал, Алтай, Индия, Памир, Афган ж.б. аймактарда) бүгүн да ошол аттар менен карталарда көрсөтүлүп турат. Анан кантип Манас жомок болсун?! Манас – кыргыздын улуу тарыхы, улут казнасы, көөнөрбөс билими, нарк, салт, тил байлыгы, дөөлөтү, ыйык мурасы.

Үчүнчү.

Жер-суулардын кыргыз аттары кен байлыктарды, жаныбар, өсүмдүктөрдү жана башка табигый шарттарды, өзгөчөлүктөрдү кеңири баяндап, мүнөздөгөн билим болгон. Каркыра, Кекилик, Кузгун таш, Ителги, Шумкар уя, Доңуз тоо, Миң теке, Кулжа эмбес, Эчкилүү тоо, Торгой дөбө, Кой таш, Чабалекей (ашуу), Жыландуу тоо, Көк айгыр, Тору айгыр, Сур теке, Бугулуу тоо, Кулжа төр, Суусамыр (самыр – суу кундуз) ж.б. Чок тал, Ой тал, Терек тоо, Жийделүү сай, Ак Терек, Көк жаңгак, Кара алма, Чырканак, Карагаттуу, Кайындуу, Долоно, Өрүктүү, Арпа, Чий талаа, Куртка (өсүмдүк), Сары камыш ж.б. Күмүштак, Зергер тоо, Кызыл тоо, Кызылсуу ж.б. Кыргыз мөңгүнүн суусун – Аксуу, саздыкын – Карасуу, жердикин – булак суу деп сапатын терең баалаган.

Төртүнчү.

Табиятты ыйык, улуу туткан кыргыз жер-сууларга адам ысымын койгон эмес (Манастан башка). Эр Солтоной, Тайлак Атантай, Кубат бий, Бердике баатыр, Арстанбек, Жеңижок ж.б. бабаларыбыздын ысмын бир дагы 23 жер, сууга берген эмес!! Кандай улуулук жана нарктуулук! (бүгүн элин тоногон айрым төбөлдөрдү ысмын туш келди көчө, мектептерге коюп жатышпайбы!).

01 Октябрь 2023 в 10:49