XII Бөлүм

...

Кыргыздын коом, мамлекет түзүлүшү жана башкаруу тажрыйбасы төрт миң жыл мурун эле калыптана баштаган.

Алгачкы ири коом, мамлекет түзүлүшү коло доорунун аягы, темир доор мезгилинде пайда болгон. Буга чейин, жогоруда айтылгандай, кыргыз үч миң жыл тарых жолун басып, бир топ күчтүү, жакшы сапаттарга ээ болуп калган. Албетте, бул сапаттар коом, мамлекет түзүлүшүнө жана башкаруусуна далай артыкчылыктарды мүнөздүү кылган.

Бирок, бул артыкчылыктар менен кошо, кыргыздын коом, мамлекет түзүлүшүнө жана башкаруусуна кудуреттүү, кубаттуу өзгөчөлүктөрдү Көчмөн турмуш кошуп, жараткан.

Биринчиден, мал ортодо, жер ортодо болгон соң, чарба жамаатташууга негизделген, жана жеке менчикти кыйла чектеген. Жамааттык чарба социалдык теңдикке пайдубал болгон.

Экинчиден, көчмөн турмуш шартында коом түзүлүшү сый-урматка негизделген (түрмө, күч органдары жок эле). Зомбулук чегинен ашып баратса адам бөлүнүп, тууган-туушкандарына көчүп кеткен. Бирок, бийлик элге көз каранды болгон, уруулашып чарба жүргүзгөн көчмөндөр бийликке көз каранды болгон эмес. Көчмөндөрдүн коому чарбалык, саясый («баш кесмей бар, тил кесмей жок») жана рухий эркиндикке негизделген (мечит, чиркөө, молдолор, диний кызматкерлер байыркы доордо болгон эмес).

Үчүнчүдөн, адилет, калыстык, акыйкат болбосо көчмөндөр оңой эле бөлүнүп, чачырап, чабылып, бөлөктөргө малай, көз каранды болоорун жакшы билген. Ошол үчүн ынтымак, биримдикти ыйык тутуп, теңдикти сактаганга көчмөндөр аргасыз болушкан (Кыргыздын тилинде революция деген сөз жок, себеби андай көрүнүш болгон эмес).

Төртүнчүдөн, көчмөн турмуш дүнүйөкорлукту, мансапкорлукту кыйла чектеген. «Өлүк дүнүйөнүн кулу болуптур» - деген сөз өтө катуу кабыл алынган. Демек, көчмөндөрдүн Рух дүйнөсү таза, бийик, эрки күчтүү болгон. Көп кырсыктуу көчмөн турмуш өзү эле коомду тазартып, аруулантып турган.

Бешинчиден, начар чыгып калган башчыны көчмөндөр тез эле алмаштырууга аргасыз болушкан (андай башчы менен бат эле кыйроого учуроо коркунучу мындай чечкиндүү кадамга барууга мажбурлаган).

Алтынчыдан, накта элдин бийлиги Элдик Курултай, Эл шайлаган бийлер (соттор) жана Элдик салттар аркылуу камсыз кылынган. «Кан бийлигинен нарк күчтүү», «Салт элден өйдө», «Туура бийде тууган жок», «акылга көнбөгөн акыры азапка көнөт» ж.б. макал-лакаптар буга далил болуп берет. Бийлик эгерим мурасталган эмес, демек, ирип, чириген да эмес.

Жетинчиден, көчмөн элдер, аларды ким гана басып, каратып албасын, өз тилин, дилин, салтын, маданиятын сактап калган (отурукташкан элдер салыштырмалуу бат эле сиңип кетчү, үй-жайын таштап, көчүп кете албаган үчүн).

Сегизинчиден, көчмөн турмуш бийик тоолуу шартта көп кырсыктуу, оор жана түйшүктүү болгон. Турмуш өзү аракечтикти, тамеки тартуу, баңгиликти четке каккан (2-3 миң метр бийиктикте мас эмес, соо адамга чарба жүргүзүү бүгүн да оңойго турбайт).

* * *

Таш жана коло доордон кыргыздан башка да далай элдер аман өткөн. Бирок, артык сапаттарын сактай албай, же мамлекеттүүлүгүн кура албай бөлөк элдерге сиңип, улам жок боло берген.

«Зоолор урап сай болду, кырлар жылып тоо болду. Аты калып, өзү жок далай элдер жок болду» - деп Манаста таамай айтылып жатканы бекер эмес. Өзүнүн узак тарыхый жолунда кыргыз да далай жолу чабылып, чачылып, үзүлүп, кемип, бөксөрүп, өксүп, жок болуунун чегине барып, кайра жаралган. Өзүнүн улуу тарыхый тажрыйбасы менен тапкан күчтүү сапаттарын (ынтымак, биримдигин, калыс, адилеттигин, теңдигин, салттуулугун, тектүүлүгүн, нарктуулугун, эрдигин, эрктүүлүгүн ж.б.) канча жоготуп, терс сапаттарга канча оосо, (өзүмчүл, мансапкор, дүнүйөкор, кошоматчы ж.б.) – кыргыз ошончо кемип, бөксөрүп, тентип, чачылып, тараган.

Тескерисинче, канча ынтымактуу, бирдиктүү болуп, өмүрүн элине, Мекенине арнаса – ошончо ийгиликке жеткен (Манастын доору, Улуу кыргыз кандыгы ж.б. тарых барактарын айтсак болот).

Демек, кыргызды жеңип, жок кылуунун бир эле жолу болгон – ынтымагын бузуп, ыдыратып, бөлүп, жарып, рухун, эркин, намысын кетирип, тарыхын, салтын, тилин, улуттук эс-тутумун өчүрүп, кошоматчы, көшөкөр, өзүмчүл маңкуртка айландыруу жолу.

Өткөнүн унуткан кыргыз келечегине жол таппай, туш келди урунуп, тентип жатат. Мал ата-тегин тааныбайт, уят, намыс, абийир дегенди түшүнбөйт, ынтымак, биримдик, мекен, журт дегенди билбейт, келечекке кам көрбөйт, курсагы тойсо – ошого ыраазы болуп, өзүн гана билип, бир күн менен жашап бул дүйнөдөн өтөт.

Бабаларыбыздын аң-сезими бүгүнкүбүздөй болсо, кыргыз илгери эле жок болуп, аты да калмак эмес.

Демек, элибиз туңгуюктан чыгып кетүүнүн бир эле жолу – кайра жаралып, улуттук эс-тутумду калыбына келтирип, кыргызды миң жылдар бою сактап келген касиетине кайра көтөрүлүп, жетүү жолу болуп турат.

Байыркы тарыхыбыз ушул чакан эле баяндамада жетиштүү далилденгенин кыргызды жек көрүп, өчүн ала албай жүргөн кыргыздын душмандары да моюнга алганга аргасыз болоор.

Миң жылдар бою кыргыз болуп жаралып, кыргыздын касиети менен аман сакталып келген кыргыздын урпактары бул тарыхты билип, аны менен сыймыктанып, намысын бийик көтөрүп жашоого мезгил келди.

Дүйнөлөшүү күч алган бүгүнкү доордо жаңы муун, же өспүрүмдөр өлкөнүн өз алдынча өнүгүү жолун таап, бөлөк элдерге сиңип жок болуп кетпеши үчүн өз Мекенин баарынан ыйык тутуп жана улутунун байыркы тарыхын, маданиятын, наркын, салтын, коом түзүү жана башкаруу тажрыйбасын билүү зарыл.

Кыргыз элине таандык улут белгилери өтө байыркы мезгилде (10-15 миң жыл мурун) калыптана баштаган жана улам жашоо шартка айланып, бузулбас нарк, салт, көөнөрбөс билим болуп муундан муунга мурасталып өтүп келген. Бул билимди үзгүлтүккө учуратпай, кийинки муундарга, өзгөчө жаш өспүрүмдөргө өткөрүп берүү улуу милдети ар бирибиздин башыбызда турат.

05 Ноябрь 2023 в 12:50