Кыргыздын байыркы тарыхы анын санжырасы менен да далилденген. XX кылымдын белгилүү санжырачысы Үмөт молдо (1883- 1943-жж.) өз санжырасында «Кыргыз уругу Мухамбет-алейхи саламдан үч миң жыл мурун калк болгон» деп жазат.
Мухамбет пайгамбар 570-жылы жарык дүйнөгө келген. Демек, андан үч миң жыл мурунку мезгил кыргызга таандык Афанас дооруна дал келип турбайбы! Санжыра менен тарых шайкеш болуп, бир жерден чыкканы – бул маалымат чындык болгонун далилдеп берип жатпайбы!!
КПСС «кыргыз XVI кылымда калыптанган» деген саясатына санжыра каршы келген үчүн, Үмөт молдо 1941-ж. репрессияланып, 1943-ж. абакта каза болгон.
Кыргыздын байыркы тарыхы жазылган китептер жок кылынганы аз келгенсип, кыргыздын байыркы тарыхын даана билип, айткан адамдар да жок кылынган.
Улуттук эс-тутумду атайын өчүрүп, өлтүрүүнү көздөгөн саясат бир кылым бою жүрүп, кыргыздын улуу касиетин, элдүүлүгүн жоготуу абалына алып келбедиби.
Кыргыз 72 муунду ажыратып, ар бирин өз аты менен атап, тарыхын санжыра түрүндө айтып келген улуу Эл эле.
Ар бир муун 25 жыл деп эсептелсе, 72 муун 1800 жыл тарыхты өзүнө камтыйт турбайбы (30 жылдан бир муунду эсептегенде – 2160-жыл мезгилди өзүнө батырган тарых таанылып жатат).
Бирок, 72 муунду ажыратып билиш үчүн кыргыз ага чейин кеминде эки-үч миң жыл тарых жолун басып өтүшү керек болгондур!!!
Бул жагынан да байыркы кыргыз тарыхы аныкталып жатканына күбө болобуз!!!
XIX кылымдын белгилүү чыгыш таануучусу жана изилдөөчүсү Аристов Н.А. (1947-?) «Усуни и кыргызы или Каракыргызы» аттуу эмгегинде (Бишкек, 2001-ж., «Сорос-Кыргызстан») минтип жазат:
«… различные исторические, этнографические и другие данные … побуждают полагать, что усуни есть прямые предки нынешних кара-киргизов, занимающих западный Тянь-Шань, первоначально составляли часть обитавшего на Енисее Кыргызского народа» .
«По именам аймаков Нушиби, как именам почти исключительно кыргызским, следует думать, что кыргызы в тукиюескую эпоху (б.з. V-VI кк.) занимали не только Тянь-Шань к югу и западу от р.Или, но и прилегающие к западному Тянь-Шаню долины и степи, обитаемые ныне Большою Ордою. Мне кажется весьма возможным, что кыргызы именно и есть усуни и что народное имя у усуней было кыргыз, а имя усуней было только политическим термином, названием того аймака или того политического союза кыргызских родов, который ранее III в. до Р.Х. отделился от оставшейся на Енисее части кыргызского народа и переселился на юг … а потом во IIв. до Р.Х. передвинулся в западный Тянь-Шань» .
«Ограничусь поэтому следующими главными выводами:
1) Нынешние кара-киргизы суть прямые потомки пришедших в Западный Тянь-Шань из средней Монголии за полтора столетия до Р.Х. усуней.
2) Усуни составляли лишь часть коренных кыргызов, отделившуюся от оставшегося на Енисее народа, который вскоре сделался известным китайцам под настоящим своим именем кыргыз…
3) Усуньский народ в средней Монголии состоял не из одних кыргызов, но представлял собой союз тюркских родов, во главе которого стоял усуньский отдел кыргызов» . «… аймаки нушиби состояли преимущественно из кыргызских родов с некоторой примесью дулатовских родов … Нушиби были усуни и что истинное их народное имя было всегда кыргыз» .
04 Октябрь 2023 в 22:06