VI Бөлүм

...

Филология илимдеринин доктору Асылбек Эшиев 2014-жылы 15-июлда «Кыргыз туусу» гезитине жарыяланган «Манастын Кыргыз журту (же «Уруучул болбой, кыргыз бол!» идеологиясы)» деген эмгегинде Манас» эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы келтирилген кыргыз урууларын изилдеп тактаган (Манас. I, II, III, IV китептер. Фрунзе: «Кыргызстан», 1980, 1981, 1982, 1984-ж.ж.). Эпосто «журт» жана «уруу» деген этникалык түшүнүктөр активдүү колдонулушу изилденген.

«Уруу уруктардан туруп, ар бир уруунун автономдуу мамлекеттик-саясый статусу болгон. Аны уруу жыйынында шайланган уруу башчысы (кан, бек) башкарган. Уруу башчысынын укугу жана милдеттери так аныкталып, ыйгарым укугунун чегинде гана аракеттенген. Бир нече уруу фратрияга (фратрия-грек тилинен которгонда бир туугандык), фратриялар журтка бириккен. Эпосто «Кытай журту», «Кыргыз журту», «Орус журту», «Кырым журту», «Ооган журту» (III китеп, 152-б) деп Евразия мейкиндигиндеги эң ири журттар (федерациялар) айтылат. Бул геосаясый чөлкөмдөгү бардык этникалык бирдиктер (этнос, уруу, калк) ушул аталган федерациялардын бирине таандык болгон. Кеп бул жерде Кытай (кара кытай (кыдан), калмак, монгол, ойрот, манжур, жунгар ж.б.), Кыргыз (кыргыз, казак, кыпчак, ногой, каракалпак, эштек, найман, түрк ж.б.), Орус (чыгыш славян этностору), Кырым (хазар, татар, азербайжан, карачай, балкар, кумык ж.б.), Ооган (иран, афган, пуштун, тажик, осетин, күрт ж.б.) ири согуштук-саясый этникалык бирикмелери жөнүндө жүрүүдө.

Изилдɵɵнүн жыйынтыгы боюнча автор эпосто Алтайдагы кырк уруу кыргыз казак, кыпчак, ногой, каракалпак, үйшүн, катаган, нойгут, жетиген, окчу, думара, аргын, алакчын, алчын, төөлөс, найман, багыш, тейит ж.б. уруулары кирген жана алар кыргыз журтун түзүшкөнүн белгилейт. (Көкөтөйдүн керээзинен: «Казак, кыргыз, катаган, // жетиген, нойгут, думара // Баарыбыз бир атадан...// Каңыры, тейит, багышы // Канча журтка угулган // Кара кыргыз дабышы» (III китеп, 14-15-бб.)). Аталган уруулар «Манас» эпосунун доорунда, б.а. VIII-IX кк. Кыргыз федерациясынын негизин түзүшкөн».

Кыргыз элине кɵрүнүктүү болгон фольклорист окумуштуу Сапарбек Закиров ɵзүнүн «Кыргыз санжырасы» аттуу китебинде манасчы Сазан уулу Багыштын айтуусундагы кыргыз урууларын келтирген. Манасчы Багыш Сазановдун айтуусу боюнча «кырк уруу кыргызга» төмөндөгү уруулар кирген: 1. Катаган, 2. Багыш, 3. Могол, 4. Карачоро, 5. Теит, 6. Дөөлөс, 7.Жоокесек, 8. Бостон, 9. Нават, 10. Болгон,11. Нойкут, 12. Сумара, 13. Окчу, 14. Каракалпак, 15. Шыбаа,16. Серпи, 17. Эдигер, 18. Бадам, 19. Кыдырша, 20. Кызыл аяк, 21. Мундуз, 22. Кушчу, 23. Кылыч тамга, 24. Айсак, 25. Кыба, 26. Дабат, 27. Кыпчак, 28. Толоо, 29. Жетиген, 30.Саяк, 31. Сапыран, 32. Көлөп, 33. Ардай, 34. Шаңкай, 35. Тоту, 36. Көкун. 37. Такылдак, 38. Калча, 39. Байчоро, 40. Жанчоро (ИЯЛ АН Кырг.ССР фонд. инв. №341, 5-12 беттер “Манас” бөлүмү).

Кыргыздын кырк уруусу жɵнүндɵгү дагы бир маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазма фондусунда сакталып турганы белгилүү. Аны биринчи жолу профессор Б. Жамгырчинов жарыялаган. Ал маалыматка ылайык байыркы кырк уруулуу кыргыздардын – уруулардын союзунун катарына тɵмɵнкүлɵр кирген: 1.Дөөлөс, 2.Катаган, 3.Багыш, 4.Молой, 5.Калча, 6.Тейит, 7.Жоокесек, 8. Бостон, 9.Набат, 10.Жүз, 11.Нойгут, 12.Душара, 13. Окучу, 14.Кара-калпак, 15.Шыба, 16.Серип, 17.Жедигер, 18.Канды, 19.Бадаң, 20.Кыдыршаа, 21.Кызыл, 22.Айчак, 23.Басыз, 24.Мундуз, 25.Кушчу, 26.Кылыч айчак (Кылыч тамга), 27.Түрк, 28.Самас, 29.Кыпчак, 30.Талоо, 31.Жетиген, 32.Саяк, 33.Сапырая (сапарбай), 34.Кɵлɵп, 35.Гардай, 36.Найман, 37.Шыгай, 38.Кɵкүнɵ (кɵкү), 39.Багылык, 40. Аяк (кырк аяк). Бул маалымат Б. Солтоноев жана Е.Малов тарабынан даярдалган (“Макалалар жыйнагы”, Фрунзе 1947. С 35-36).

Жетиген уруусу жѳнүндѳгү дагы бир маалымат белгилүү жазуучу жана журналист Кален Сыдыкованын «Кыргыз Тарыхы» (б.з.ч. жана б.з.) кошумча окуу китеп» аттуу эмгегинде жана макаланын башында сѳз болгон Б.Бѳкѳлѳевдин «Жетиген» аттуу эмгектеринде берилген. Бул аталган эмгектерде Сайф ад-Дином Ахсикендин калемине таандык «Мажму-ат-таварих» аттуу эмгегинде келтирилген кыргыз уруулары кѳрсѳтүлгѳн.

Бирок, тилекке каршы биз Сайф ад-Дином Ахсикендинин «Мажму-ат-Таврих» аттуу эмгегинен жетиген уруусу жѳнүндѳ бир да маалымат тапкан жокпуз.

Белгилүү түркология багыты боюнча тарых окумуштуусу В.В. Радлов «Сибирден. Күндɵлүк барактары», Москва, 1980-ж. эмгегинде минтип жазат: «Моӊголдор бурут, тили тектеш түрк кошуналарын – кара кыргыз деп аташчу, кыргыздар азыр Тянь-Шандын түндүк тарабында – Текес дарыясынын башында, же тактап айтканда Ысык-Кɵлдɵн түштүгүрɵɵк жакта, Чүй ɵрɵɵнүндɵ, Кашгардын түштүк чɵлкɵмүндɵ, чыгышында, Кокон менен Таласка чейинки аралыкта жашашат. Кара-кыргыздардын саны ɵтɵ көп болушу мүмкүн. Алар: оӊ жана сол деп экиге бɵлүнɵт.

Оӊу алты урууга бɵлүнɵт. Текес дарыясы менен Ысык-Кɵлдүн чыгыш жээгинин ортосунда кɵчүп жүрүүчү бугу уруусу. Мага бугу уруусунун тɵмɵнкүдɵй уругун айтып беришти: челек (манаптар уруусу), торго, бапа, желдеӊ, такабай, боор, дɵɵлɵс (ɵтɵ эле аз), кыдык, коӊурат (кɵп эмес), моӊолдор (кɵп эмес), саяк (кɵп эмес), шыкмамыт, каба, асан тукуму, күчүк, сарыке, оӊдон (акыркы тɵртɵɵ 1862-жылы Китай ээлигинде болчу, калгандары орустарга ɵткɵн: эми бугунун баары — орус тарапта).

Ысык-Кɵлдун түндүгү менен чыгышында кɵчүп жүрүүчү сарыбагыш уруусу. Алар 1860-жылы Россия бийлигин тааныганы менен Коконго салык тɵлɵшчү, эми бардыгы Россияга кошулушкан. Сарыбагыш уруусунун тɵмɵнкүдɵй урук аттарын айтып беришти: саруу, каба, моӊолдор, шыкмамыт, саяк, азык, дɵɵлɵс, коӊу¬рат, мундуз, кытай жана жетиген. (Алтайлыктарда да кɵп учурай турган дɵɵлɵс жана мундуз урууларына ɵзгɵчɵ кɵӊүл бɵлүүӊүздɵрдү ɵтүнɵт). Коӊурат - кийинчерээк кыргыздарга биригип кеткен, казактарга бɵтɵн түрк урууларынан болгондугу анык. Кытай - кебетеси, кыргыздар менен аралашьп калган ɵзбектер окшойт.

Солто уруусу Чүй дарыясынын түштүгүндɵ кɵчүп жүрүшɵт жана мурда Коконго баш ийчү, азыр Токмок районуна караштуу, солтодо тɵмɵнкү уруулар бар экенин уктум: жетиген, кучу (кушчу), саруу, моӊолдор, кытай, мундуз, азык.

Анжиян дарыясынын боюндагы адыгене уруулары мен 1869-жылы Ысык-Кѳлгѳ барганда деле Кокондун бийлигинде болчу. Бул жерден мага сегиз урууну аташты: дɵɵлɵс, саруу, коӊурат, моӊолдор, мундуз, саяк, ка¬ба жана шыкмамат.

Чоӊбагыш уруусу Кашкардын батыш тарабында кɵчүп жүрүшɵт, алар мурда Коконго баш ийишчү. Ма¬га: аскалы, торо, (тɵрɵ?), мачак, үч тамга, кандабас, кош тамга, куан дуан деген урууларды айтышты (Торо уруусунун телеуттарда да кыйла басымдуулугун, ал эми үч тамга жана кош тамга уруулары ɵзбектердики экенин белгилɵɵ керек).

Черик уруусу Кокондун карамагында болгон. Ма¬га эки эле уруунун атын айтып бере алышты: ак чубак жана бай чубак.

Сол тобунун саны он топко караганда бир кыйла аз. Алар Талас дарыясынын алабында кɵчүп жүрүшɵт жа¬на мындай уруулардан турушат: саруу, беш берен, мун¬дуз, тɵӊтɵрүп (тёнттёруп), кушчу, күркүрɵɵ, жетиген”.

Оз кезегинде белгилүү казак окумуштуусу Ч. Валиханов да кыргыз урууларынын структурасын изилдеген жана ал өз эмгегинде солто уруусу жөнүндө минтип жазган «Наличие родов иноплеменного происхождения: кыпчак, кытай, моголдор в составе солто обьясняется: во-первых, географическим расположением кочевий солтинцев: между группами сарыбагыш, чекир-саяк, кушчу, жетиген и др., а также в близком соседстве с казахами. Во-вторых, вожди племени солто уже сXVIIв. Играли активную политическую роль среди названных племен, присоединяя к себе их рода».

1982-жылы В.В.Радлов ɵзү катышкан этнографиялык изилдɵɵ экспедициясында оӊ канат уруулары арасында жүргүзгɵн сурамжылоонун негизинде жыйнаган материалдарына ылайык ошол учурда жетиген уруусунун ɵкүлдɵрү сарыбагыш, солто урууларынын жана Талас тарапты жердешкен сол канат урууларынын арасында катталганын байкайбыз. Жетиген уруусунун ѳкүлдѳрүнүн кандай себептен солто жана сарыбагыш урууларынын арасына кирип калганын кийинчерээк талкууланат.

24 Октябрь 2023 в 19:34