Жетиген уруусунун кыргыз санжырасында чагылдырышы

Кыргыз санжырасындагы жетиген уруусу жɵнүндɵ ар түрдүү маалыматтардын кезигишин эске алып, алгач ал маалыматтарды ɵзгɵртүлбɵй толук берип, андан соң аларды изилдеп, тактоо туура болгудай.

Алымбектин санжырасы. Солто уруусунун манабы Алымбектин өз оозунан угуп жүргөн уулу Тургунбек тарабынан көчүрүлүп, 1947-ж. Алымбек жана анын уулу Тургунбектин кол жазмасы катары белгилүү. Архив маалыматтары боюнча Алымбек 1862-жылы туулган. Алымбек билимдүү-илимдүү (тарыхчы Осмонаалы Кыдык (Садык) уулу аны окумуштуу [магрифат] экенин эскерет), калыс киши болгондуктан бир нече жылы Олуя-Ата уездинин Талкан болуштугунда болуш (1890–1893ж.ж.), бий (1893–1896ж.ж.) болуп иштеген.

Алымбектин санжырасында жетиген уруусу жѳнүндѳ мындай деген маалыматтар бар экени аныкталды: «Бир сөз, ошол кездеги Аксы, Таластагы кушчуну, кушчу уругу бар экенин билемин. Ал Таластагы кушчу – Үчкуртканын эки уулу аталат: Жетиген, Жоош -деп. Жетиген эки атага бөлүнөт: Кыргый, Кыбал. Кыргыйдан - Алыке, Көчөк – эки уул. Булардын көбү сарыбагыш менен болуп кеткен. Бир даары солто менен Карабалтанын өзүндө, нар жак - бер жагында отурат. Булар Кыргыйдын тукуму жетиген аталат. Экинчи атасы Кыбалдын төрт уулу бар: Кантейиш, Тагаймат, Түлөкабыл, Байсейит. Байсейиттин уулу – чабдар аттуу Солтоной. Ал Байсейит тукуму солто ичинде, Таласта да бар. Берки үч ата Кантейиш, Тагаймат, Түлөкабыл. Булар Таласта турат. Жетиген уругу болуп аталат.

Ал эми Жооштон жети уул: Каймасар, Сабатар, Кыржы, Каракужур, Кагасты, Аманкушчу, Чылпаккушчу. Булар жоош уругу болуп аталат. Жетиген, жоош бир себеп менен урушкан. Азыркы Панфилов району турган кыштак, мурун кыргызча Ойрон деп аталчу. Дал ушул жерде урушкан. Жетиген жеңилген. Жоош жеңген. Ошол себептүү жетиген качкан. Кыргыйдын тукуму сарыбагышка кирип кеткен. Жоош тукуму, жетигендин качканын көргөндөн кийин, ат тартуу-тон тартуу кылып; «тууган элек, токто?!» деп айткандан кийин, Кыбал тукуму токтоп калган. Мунун не себеп болуп, экөөнүн урушкан себебин жазган жокмун. Кыбалдын Байсейит тукуму болбой койгон. Алар солто ичинде калган. Ал кыргыз, казактын конушка кызыкканын көрүп, ал убакта ушул жаккы кыргыздардын жөнүн Эсенкул билчү экен. Эсенкул ким? Маматкулдун Болотунун уулу. Солтону Каракчынын уулу Байсейит, Байсейиттин уулу Кебек бий билчү, ага кошулуп, Кошойдун уулу Момокон башкаруучу экен. Жайылдын картайган кези экен. Үсөн, Теке деген балдары баатыр экен, жолборсту тирүүлөй укуруктап алган. Казак бетинде сарыбагыш, солто, кушчу, кытай, саруу болгон. Иле жагында сарыбагыш [болгон]. Солто Талас жагында аралаш болгон. Солто, сарыбагыш кыргыздар качпай согуша берген, бирок аз [болуп] көчүп жүрөт. Иле жак, Таластан наркы жак эл жайлоого көчкөндө бош калат. Бош калган жерге казак келип туруп алат, Абылайкандын доорунда. Эсенкул баатыр, Бөлөкбай Кебек бийди кыргызга кабарчы кылат; «Таласка, Капкага чогулалы!?» -деп.

Олуя-Ата, ошондон бери Чүйдүн башына чейин, суу боюн ээлеп, көчүп жүрүүчү экен. Жайлоосу Суусамыр, Талас болуп, кыйын жерлерден, элге пайдасы тийген, чуурган жолдордо Койкоңназар, Дорбобаш, Тагаймат (?), Байсейит (?), Чоңтаман Кенже –булар солтодон, жана кушчу элиндеги жетиген – жетиген ичиндеги Кыбалдан чабдар аттуу Солтоной, кытайдан карала аттуу Кабыке, моңолдордон Балта, Балпык деген Кошой бийдин жолдоштору – бөрк ал десе баш кескен ишенимдүү адамдары болгон экен.

Болбосо, XVIII кылымда жашап, орду Жайыл менен Садырдан да жогору турган инсандар көп. Жетигенден Эр Солтоной, солтодон Бөлөкбай Кебек бий, Талкандан Түлөберди – Бөрүбай, саяктан Түлкү уулу Качыке, саруудан Туума бий ж. б. сыяктуулар бар. Булардын ишмердүүлүгү бир-бири менен тыкыз байланышта болуп, бири-бирисиз же бирин-эки гана уруу калмакты сүрүп, конушун казактан коргой алмак эмес».

Үмөт Түгөлбай уулу, Үмөт молдо 1883-жылы, Кара-Чоку деген жер (мурдагы Арал колхозунун аймагы, Талас району) төрөлгөн. Атасы Түгөлбай ырчы, комузчу, жашоосуна тың дыйкан, энеси Такен сөзмөр, жамакчы, жомокчу, уз адамдар болгон. 7 жашында жетим калып, 9 жашында Чүйдөгү (Сокулук району, Асылбаш айылы) таякелерине келип, Нурхумбет молдодон окуган. 1932—34-ж. кыргыз санжырасын, эл чыгармачылыгын изилдеп, алгачкы кыргыз илимпоздору, жазуучулары менен көп иштешкен (айрыкча К. Маликов менен). Калыгул, Молдо Кылыч, Жеңижоктордун көп чыгармаларын жатка билген, өзү да ыр жазган. 300дөй китеби бар китепканасы болгон. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын архивинде анын өз колу менен жазылган 1600 бетке жакын (43 китепчеден турган) кол жазмасы (кыргыз санжырасы, чыгыш элдеринин фольклорунан кыргызча которгондору жана башка) сакталууда. «Мектепке берилген жыгачтан мечит куруп, молдочулук кылып элден алат» деген арыздын шылтоосу менен 1941-ж. камакка алынып, актык кагазы колуна тийгенден кийин 1943-ж. Молдовановка түрмөсүндө каза болгон.

Үмөт Молдо Түгөлбай уулунун Кыргыз улуттук академиясынын архивинде сакталып турган №191 инвертарь менен кол жазма эмгенинин 421-437 беттиринде төмөндөгүдөй санжыра маалымат келтирилген.

Нух-Яфис-Түрк-Түтөк-Айчакан-Бакы-Аланчакан-Мангул-Огуз-Алчак Барганбек-Каранбек-Каманбек-Рустанбек-Арстанбек-Кылымбек-Төрөкан Бараккан-Бөйөн-Чаянкан-Каракан Каракандан Ногойкан жана Нойгуткан.

Нойгуткандан: Ак Балта, Шыгай (Шыгайдан нойгут эли) Акбалтадан:Чубак, Чубактан Кантурсун, Кантурсундан Денизбек . Денизбектен Чебеккан, Чебекандан, Көкөмкан-Алдашкан-Бекчойбек-Чагалбек-Ɵспүрбек-Жаныбек-Кутутбек Куттубектен уч уул: Чыбытай, Сыбатай, Муратай

Булар кыргыз каны Ырыс даркан (Байдын уулу Бакайдын насилинен) монгол ханы Чынгыз менен мезгилдеш жашаган. Ырыс дархандын ысымы тарыхый адабияттарда Рыстархан, Ырыс инал, Урус кан, Орус инал түрүндө ар кандай аталып жүрөт.

Муратай монгол аскерлеринин арасынан Долондун акылы менен боюнча качып чыгып, башка элге туш келет. Муратай ал жерде жүрүп Жалал Султанга вазир болот. Муратайдын эки уулу бар: Жусупбек, Сүйүнчбек: Жусупбектен Абдырайымбек, Сүйүнчбектен Ишенкарек. Долон эки уулу -Ак уул, Куу уул менен Ала-Тоого качат.

Абдырайымбек Эрдене кандын кызы Эреше кандын карындашы Маныса айымга үйлөнүп, андан Байызбек аттуу балалуу болгон. Анын Карачорону ээрчип кетиши кокустук эмес, ал түпкү теги-кыргыздын табууга тийиш эле, саяк уруусу ошол Байызбектен тарайт. Ал эми Абдырайым кайтыш болуп кеткенден кийин Маныса айымды Ишенкарек алган. Демек Ишенкарек салт боюнча өз жесирине бир ата өтүшкөн тууганынын аялына үйлөнгөн. Ишенкаректен Дайыр, андан үч уул: Молдошакир Молдосыдык, Молдожусуп, Жусуптан Таластагы жетигендер таралат, Шакирден Чакырсаягы таралат. Сыдык молдо казак арасында калган. Жусуптан Кыбал, андан Байсейит андан Эр Солтоной.

Үмөт молдонун санжырасында азыркы жетиген уруусунун көпчүлүгү тараган Эшен Карек Муратайдын небереси катары көрсөтүлгөн. Айрым кыргыз санжыра варианттарында Абдырайымбектин Мааниса айымдан төрөлөгөн баласы Байызбек Тагай бийдин Карачоросун ээрчип келип ага бала болуп андан саяк уруусу таралат деп айтылат. Эми ушул жерден хронологияны карап көрөлү. Муратай жана Долон Чынгызхандын замандашы болушса демек XII-кылымга туура келет. Санжыраларда Муратайдын небереси Байызбек Карачорого эрчип келип Тагай бийге бала болотдеп айтылат. Ал эми Тагай бий болсо Долондун небереси башка сөз менен айтканда Байзызбек менен жашы бирдей эле инсан, анан кантип Байызбек Тагай бийге келип бала болуп калат? Экинчиден, Тагай бий айрым тарыхый маалыматтарга караганда XV-кылымда жашаганы белгилүү. Хронологиядан көрүнүп тургандай ортодо 250 жылдай мезгил бар. Кээ бир санжыраларда Тагай бийге Байызбектин(Байыш баатыр) баласы Ырай келип кошулган деп айтылат. Эки жуз жыл аралыгында жок эле дегенде төрт муун болуусу керек эле. Саяк уруусунун кээ бир санжырачылары жетиген уруусун ушул Эшен Каректен таратышып жетиген уруусун саяк уруусунун бир тукуму деп эсептешет. Ал эми жетиген уруусунун санжырасында Эшен Карек божомолдуу XVII-жашаган деп көрсөтүлгөн жана хронология боюнча эч бир суроо жаратпайт. Ушул жогоруда келтирилген хронологиялык дал келбестүүлөктөрдү эске алып Үмөт молдонун санжырасында так эместиктер бар экендигин так эле баамдасак болот. Ыссык-Көлдүк санжырачы Качкын Орунтаев жазып калтырган, анын керээз катары жээни Кенеш Баратбаевге тапшырып кеткен санжырасы Үмөт Молдонун санжырасын бышыктайт жана ошол кезде бир топ айрымачылык да бар экендиги так байкалат.

Үмөт Молдонун варинатында:

Акбалтадан:Чубак, Чубактан Кантурсун, Кантурсундан Денизбек . Денизбектен Чебеккан, Чебекандан, Көкөмкан-Алдашкан-Бекчойбек-Чагалбек-Ɵспүрбек-Жаныбек-Кутутбек Куттубектен уч уул: Чыбытай, Сыбатай, Муратай

Качкын Орунтаевдин вариантында: Ак Балтадан Чубак, Чубактан Бекчоро, Бекчородон Тегизбек, тегизбектен Жайыкбек, Жайыкбектен Кокумбек, Кокумбектен Сапарбек, Сапарбектен Алдаш, Алдаштан Алымбек, Алымбектен Сурантай, Сурантайдан Чыбытай, Сабатай жана Муратай.

Келтирилген эки варианттан көрүнүп тургандай Ак Балтадан Муратайга чейин адам аттары бирине көп деле дал келбейт. Экинчиден Муратай менен Долон бир убакты келишсе эмне үчүн кыргыз уруулары гана Долон бийден таркалат деген түшүнүк элге кенири синип калган? Эмне учун Муратайдын небереси Байызбек (айрым варианттарда Ырай) Долон бийдин небереси болгон Тагай бийге бакма бала болуп саяк аталат? Байкалып тургандай Тагай менен Байызбек бирдей курактуу эле инсандар болуп жатышпайбы.

Айрым саяк уруусунун өкүлдөрүнүн жетиген уруусу өзүнчө уруу эмес жетигендер саяктын бир уругу(тукуму) деп эсептеши чындыкка жатабы же жокбу деген темадагы талкуу ушул макалада кийнчерээк кеӊири каралат. Тилекке каршы хронологиялык дал келбестиктер бир гана ушул Үмөт Молдонун кол жазмасында гана эмес Сайф ад-Дином Аксикенди (Нур Молдо) XVI-кылымда жазылган, «Маджму ат-Таварих» аталган эмгекте, XX-кылымда жазылган О. Сыдыковдун «Тарих кыргыз Шадмания» , Т. Молдонун жана башка бир топ санжыра варианттарында көп эле кездешишин эске салып койуу ашыча болбосо керек. Жетиген уруусу жɵнүндɵгү айрым бир маалыматтарды белгилүү Тоголок Молдонун санжырасынан тапса болот. Жетиген уруусу жɵнүндɵ Тоголок Молдо тɵмɵндɵгɵдɵй ыр сап менен баяндайт:

Дагы Сол деп аталат,

Жетиген деген элибиз.

Сол болбоско бир себеп,

Эки түрлүү шегибиз.

Кээ бир түрдө Кытайдан,

Жети бала келген дейт

Адегенде Таласка,

Кутчуларды көргөн дейт.

Каратал багып чоңойтуп

Катын алып берген дейт.

Ал жетөөнүн тукуму

«Жетиген» болгон себеби

Жетөө жети шаардан

Келген үчүн дегени.

Биринчи шаар – Чымыген,

Экинчиси – Наманген,

Үчүнчүсү – Майкенден,

Төртүнчүсү – Жаркенден,

Бешинчиси – Ташкенден,

Алтынчысы – Бийкенден,

Жетинчиси – Ноокенден.

Мына ушул тууралуу

Жети шаар бар экен.

Бул себептен жетөөнү

«Жетиген» деп койду дейт.

Жетиген, кушчу мааниси

Себеби ушул болду дейт.

Тоголок Молдо жазган бул ыр саптарынан жетиген уруусу кандайдыр бир жетикенттен келген адамдардан пайда болгон деген божомолу ачык эле көрүнүп турат. Тоглок Молдо мындан ары эл оозундагы экинчи бир айтымды баяндайт. Ал боюнча саяктардын Байболот деген баатыры жортуулдап жүрүп ичкеридеги шаарлардын биринен окуп жүргөн бир жаш баланы ала качат. Максаты-бияктан да бала окутуу, элди агартуу. Ошол бала чоңоет. Жашынан китепке, билимге көңүлү төшөлүп калган бала айткандай кийин молдо чыгат. Элди окутат. Бир көзү карык бала экен, ошондон улам аты Эшен Карык атыгып кетет. Эшен Карык кийин үйлөнүп жайланып төрт уулдуу болот. Төртөө тең окумал молдо чыгат. Аттары: Чекир молдо, Жусуп молдо, Ыбырайым молдо, Сыдык Молдо. Эшен Карыктын үчүнчү уулу Молдо Ыбырайым жети уулдуу болот. Уулдары кушчулардын ичинде турат. Ушул жети уулдун тукумдары кийин «жетиген» деп айтылып кетти деп баяндайт санжырачы».

Тоголок Молдонун санжырасында саяктан чыккан Байболот Эшен Каректи алып келет деп айтылат, анын бир кɵзү карык болгондуктан ал Эшен Карык аталып калган делет. Ал эми Бала Айылчынын вариантында Байболот Эшен Каректин небереси Шакирди (Чекирди) алып келгени айтылат жана анын көзү көк болгондуктан Чекир молдо деп аташат деп айтылат.

Тоголок Молдонун санжырасы боюнча: “Саяктан Каба, Сары эки уул. Кабанын 1-аялынан Кайдуулат менен Байболот. 2-аялынан Шыкмамат, төрөлгөндөгү аты Махмуд коюлуп, кийин илимдүү адам болгондуктан Шайык-Махмуд деген наам алат. Азыркы кыргыз тилинин күүсү менен Шыкмамат аталып калган. 3-аялынан Кутунай, Бегет жана бир аялынан Качканак.

Качканактан 4 уул: Түңкатар, Түнтөй, Актери, Бозтери. Кетмен-Төбөдө бул санжыра башкараак айтылат. Саяктан эки уул: Байболот (ɵйдɵ чектилер) менен Каба. Байболот улуу болгондуктан ɵрɵɵндɵгү аш-тойлордо ɵйдɵ чектилер түшкɵндɵн кийин гана тамак тартылып, оюн-тамаша башталчу экен. Байболоттун 1- аялынан Айдеке, Асеке, Усеке. 2-аялынан Кулунтай. Кабанын 1- аялынан Алагɵз, Кайдуулат. 2-аялынан Түңгатар, Түнтөй. 3-аялынанан Шыкмамат, 4-аялынан Кутунай.

Кутунай, Бегеттин уруктары Кетмен-Тебеде турат. Шыкмамат, Бозтери уруктары Ысык-Кѳлдѳ, Актерилер Тогуз-Тородо. Баатыр Байболоттон Айдаке, Асаке, Күрөң, Молой. Байболоттон тарагандардын кѳпчүлүгү ѳйдѳ чекти деген ат менен Кетмен-Тѳбѳдѳ, Базар-Коргондо, Анжиян тарапта турушат. Сарынын уруктары: Атакара, Ботокара эки уул. Атакарадан тарагандар Ѳзбекстандын Избаскент районунда турушат. Булар тил жагынан, салт жагынан да ɵзбектер менен аралышып саяк экенин билдирүүчүлɵр жок болуп калды” деп эскерген Тоголок Молдо. “Байыш баатырдын иниси Эшен Каректин балдары Ырай баатырга келе жатышып, Чымкентгин Бештерек деген жерине туруп калышат. Бештерек деген наам менен казактардын арасында. Молдо Жусуптун тукуму Жетиген аталып, Таластагы кушчулар менен энчилеш. Молдо Шакирдин ɵңү сары, кɵзү кɵк болгондуктан Чекир Молдо аталып кетет. Анын балдары Куртка менен Түгɵлдɵн тарагандар Ак-Талаада турат” (Тоголок Молдо. Санжыра. Кыргыздар. 1-т. 264-6.).

Т. Молдонун санжырасында Эшен Каректи саяк уруусунун чыккан Байболот четтен алып келген деп айтылат. Үмөт Молдонун вариантында болсо Эшен карек Муратайдын Суйунчбек аттуу баласынын урпагы экенине күбө болдук. Эми карап көргүлө Үмөт Молдонун вариантында Муратайдан Сүйүнчбек, Сүйүнчбектен Ишенкарек. Ал эми Т. Молдонун вариантында Тагайбийге бала болгон Саяк(Байызбек, кээ бир санжыраларда анын уулу Ырай), Саяктан Байболот.Башка сөз менен айтканда Муратайдын небереси болгон Ишенкаректи Муратайдын небересинин (Байзыбек) баласы болгон Байболот четтен алып келип жатат. Айрым санжыралардагы Тагай бийге Байызбектин баласы Ырай келип бала болуп Саяк аталганын эске алсак Байболот Үмөт молдонун вариантында көрсөтүлгөн Ишенкаректи алып келиши деге эле мүнкүн эместиги так эле көрүнүп турат. Бала Айылчынын санжырасында болсо Байболот Эшен Каректин небереси болгон Шакир(Чекирди) алып келген деп айтылат. Жетиген уруусунун санжырасында бул жагдайлар кандай чагылыдрылышын кийинчерээк талкуулайбыз.

Кыргыз элинин туңгуч агартуучусу жана санжырачысы Осмонаалы Сыдыков (1875-1940-ж.ж.) 1913-жылы Уфа шаарында «Мухтасар тарих Кыргызия» деген ат менен жарык кɵргɵн китебин кайрадан ондоп, толуктап, экинчи ирет ошол эле Уфа шаарында 1914-жылы «Тарих кыргыз Шадмания» деген ат менен кайра жарыкка чыгарган. О.Сыдыков бул эмгегинде кыргыздын башка урууларынын катарында жетиген уруусу жɵнүндɵ да тɵмɵндɵгүдɵй маалымат келтирген: «Жетиген деген сɵздүн түбү жетикент деген сɵзгɵ така¬лат. Жети шаардык деген мааниде. «Кент» деген сез байыркы замандан бери «шаар» деген мааниде. Мисалы: Ташкент, Чимкент, Манкент. Машат, Карабулак, Сайрам, Карамурат деген жети шаарды атаган.

Ошол жактан бир адам келиптир. «Кайдан келе атсыз?» десе, «Жети кенттен келе жатам» деген экен. Ал кишинин чыныгы аты молдо Ыбырайым экен. Кыргыз ичинде туруп калат. Мына ушул кишиден: Кушчу, Жетиген (жетикент кыскарып, жетиген болуп калган (Х.К. Хусейин Карасаев), Тɵбɵй, Кытай деген тɵрт урук таралды. Кушчудан – Кушчу уругу. Таласта турушат. Бир нече болуш. Тɵбɵйдɵн –Тɵбɵй уруктары. Нарын, Биржувал үйɵзү карайт. Мында Алыбай ажы, молдо Майлыбай деген атактуу адамдары бар. Намыстарын колдон жибербеген бир заттар. Үстүндɵ сурак кылып турган Учасковый жанапларынын мыйзамынан тышкары, кылган жабыр-жапааларга адамгерчилик жүзүнɵн чыдабастан, 260 камчы балак урдурган ушул зат болот.

Кытайдан – Кытай уругу. Бул да Таласта бир нече болуш. Жетигенден-Жетиген уругу. Бул да Таласта, бир аз түтүн Нарында. Булардын түп атасы – молдо Ыбырайым. Молдо Ыбырайымдан: Каратал, андан-Кытай, Тɵбɵй, Кыбал, Кыргы, Кушчу - 5 уул. Кыргынын балдары – Карамоюн аталды. Жетиген да Сарымоюн аталды. Кыбалдан-Канатайым, Тагаймат, Байсейит, Теле, Кабыл-4 уул. Канатайым Таласта бир болуш. Молдо Ыбырайымдан – Каратал. Андан Кытай, андан -Дүйшɵ, андан - Саке, андан - Бейше, андан Байгана, андан – Элчибай, андан - Назарбек, андан-Жантай, андан Боромбай, андан молдо Жусупбек. Азыр Боромбай Бишбек үйɵзүндɵ. Шамшы элинин атактуу адамынан болуп саналат».

1995-жылы Тɵрɵкан Эсенкул уулунун «Кыргыздын кыска санжырасы» деген эмгегинин биринчи тому «Учкун» концернинде басылып жарык кɵргɵн. Бул эмгекте Долон бийдин тараган уруулар кɵрсɵтүлгɵн (китептеги 5-сүрɵт).

Аталган китептин баш жагында келтирилген 5-сүрɵттɵ Долон бийден тараган кыргыз урууларынын катарында сол канатка кирген жетиген уруусу кɵрсɵтүлгɵн, жана жетиген уруусу жɵнүндɵ баяндама аталган автордун 1995-жылы басылып чыккан «Сол канат кыргыз» аттуу китебинде кеңири баяндалган. Тɵрɵкан Эсенкул уулу ѳзүнүн эмгегинде жетиген уруусу жɵнүндɵгү тɵмɵндɵгүдɵй маалыматтарды келтирет: «Кыргыздын кыскача санжырасы» деген темада жакында жарыкка чыккан I-II китепте кыргыздын «оң» канатынан (Абдылда - Акуулдан тарагандарды жазганмын. Ошол китепте «сол» канатка Чоң-Багыш, Каратал кирет, ал эми Караталдан - Саруу, Кушчу, Кытай, Басыз, Мундуз, Жетиген жана Тɵбɵйлɵр тарайт деп, жалпы жолунан айтып ɵткɵмүн.

Ата-бабадан бери айтылып келе жаткан санжырада Жетиген кыргыздын сол канатына кирет. Башка уруулар сыяктуу эле жетиген уруусунун таралышы жɵнүндɵ эл арасында бир нече варианттар айтылат. Жетиген кушчуга тууган болуп байкалса, экинчи бир вариантта саяктарга тууган экендиги байкалат».

Жетиген уруусу менен саяк жана кушчу уруулары ортолорунда кандайча байланыш пайда болгонун жана бу

...
л байланыштар эмнеден келип чыкканы боюнча кийинчерээк сɵз кылабыз. Тɵрɵкан Эсенкул уулунун «Кыргыздын кыска санжырасы» аттуу китебинде келтирилген 5-сүрɵт тѳмѳндѳгүдѳй чагылдырылган.

Долон бийдин «оң», «сол» канатынан тарагандар:

Схемадан кɵрүнүп тургандай, бул санжырада жетиген уруусу сол канатка кирген уруулардын катарында кɵрсɵтүлгɵн. Долон бийдин небереси Тагай бий белгилүү тарыхый маалыматтарга ылайык 1469-70-жылы тɵрɵлгɵн. Андай болсо Долон бий ошол эле 15-кылымдын биринчи жарымында жашаган киши болот. Бул деген кыргыздын уруулары 15-16 кылымда пайда болгон деген жыйынтыкка алып барат. Мындай жыйынтыкка такыр ишенүүгɵ болбой турганын тарыхый илимий маалыматтардан анык белгилүү. Долон бий менен байланышкан санжыра боюнча бир топ суроолор жаралат, себеби илимий тарых маалыматтарында кыргыздын бир топ уруулары боюнча Долон бийден миң жылдан илгери эле алар жɵнүндɵ маалыматтардын болгону анык. Абдыкадыр Сарымсаков санжырачы Бала Айылчынын айтуусу боюнча санжыра жазып алган. Санжыранын бул вариантында мындай деп айтылат: «Абалхандан: Калы бий, Жаныбек хан, Мангети деген үч уулу болгон. Калы бийден — Сабыр, Сабырдан — Шекер, Шекерден — Сары, Сарыдан Касы, Ак уул, Куу уул деген үч уул туулган. Касынын баласы жок. Бул үч бир тууган энчи бөлүшкөндө Куу уул чатак чыгарып, энчини экиге гана бөлдүргөн: Касы менен Ак уул бир энчи, Куу уул экинчи энчини алган. Малды, жерди, элди экиге бөлүп оң жагы Касы менен Ак уулга, сол жагы Куу уулга тийген. Кыргыздын оң жана сол деп эки топко бөлүнүп калуусу ошондон калган дейт. Солго: Кушчу, Саруу, Басыз, Жетиген, Агынай, Алакчын, Кытай, Мундуз кирет».

«Кылжырдын тукуму жалпысынан сарыбагыш аталып калды. Саяктын уулу Байболот баатыр башчылык кылган кыргыз тукуму көп кол менен Орол казагына, татардын Казан шаарына каршы Кетмен-Төбөдөн аттанышат. Алар бир сууга жеткенде суунун ары жагынан бир кишини көрүп, суудан өтүп, ал кишиден жөн сурашат. Ал жигиттин колунда китеби бар экен. Аты Шакир, улуту ногой, өзү молдо экен. Аны орус падышасы аскерге ала турган болгондо качып чыккандыгы жөнүндө айтып берет. Ал кыргыз колуна шаарга каршы барбоого кеңеш берет. Себеби ал жерге жакшы куралданган орус аскери бар экендигин айтат. Байболот аны өзү менен кошо алып келип үй-жай курап берип, молдо кылып алат. Анын көзү көк болгондуктан Чекир молдо деп аташат. Чекирден Даңгыт, андан Кудайберди, Куртка, Түгөл деген үч уул туулат. Кудайбердиден - Кулжыгач, Балта, Багыш. Кулжыгачтан - Көйкө, Жолке, Итемген, Сүтемген. Багыштан Аккабак, Терекбай. Балтадан - Ыман, Чоро. Түгөлдөн - Курманкожо жалгыз. Курманкожонун биринчи аялынан - Каракучкач, Төлөк, Катаган. Экинчи аялынан: Сокучу, Байталчы, Көкмээ, Жусуп болуп 7 уул. Чекир молдонун тукуму саяк уруусуна кошулуп, жалпы жонунан саяк уруусу түзүлдү. Ошондуктан, саяк уруусу көпчүлүккө ээ болуп, саяк тукумуна көрсөтүлгөн жерден тышкары да кыргыздын башка тукумдарына көрсөтүлгөн жерге тарап, сиңип кетишти».

Саяктан: Жортуулчу, Байболот, Каба деген үч уул болгон. Байболот баатыр атанып кол баштап жүргөн адам болгон. Байболоттон: Түңкатар, Өйдө чекти эки уул. Түңкатардан Нарбото бий деген атактуу баатыр уул болгон. Андан Рыскулбек туулган. Рыскулбектен: Акмат, Дыйкан, Атакан, Миңбай, Эгемберди, Бактыяр деген алты уул болгон. Өйдө чекти тукумунан Сыдык хан эл бийлеп жакшы чыккан. Анын тукуму азыр Түңкатар тукумуна аралашып кетип, Кетмен-Төбөнү жердеп турат. Кабадан: Кайдула, Шыкмамат, Садыркан деген үч уул. Каба Тогуз-Торону жердейт. Жортуулчунун тукуму жөнүндө маалымат жок.

Солтоной баатыр баш болуп Иледен ары Оргочор, Челек, Чарында жашаган кысай казактарынан өтүп калмактан жылкы тийди. Калмактар урушуп, бирок жылкыны ажыратып ала албай калышты. Баатырлар жылкыны Иледен өткөзүп калышты. Буурул ат минген калмак баатыры Дөңкөнөй жалгыз өзү алардын артынан кууп жетти. Жайсаңдын сары жонунда эки баатырдын ортосунда мындайча сүйлөшүү болду:

- Сен Солтоной, Карабалта Кайыңдыны ашып Коңурбай менен кошо качып кетпегин,- деди Дөңкөнөй баатыр.

- Кара Кыштак, Меркеден көчүргөм сени жергеңден, Калдаң-Шитрен хан таажы жылкыңды алдым элиңден. Келсең бери келе кой, кел сайышып көрөлү, баатырыбыз жеңели, чабалыбыз өлөлү, - деди Солтоной баатыр.

Дөңкөнөй баатыр сайышууга даабай, атынын башын буруп, кайра жөнөдү. Казактардын соккусунан сүрүлгөн калмактар түндүктөн казак жеринен Чүй өрөөнүнө келип Сокулукту мекен кылып туруп калышат. Бир нече жыл өткөндөн кийин Солтоной, баатыр 80 киши менен келип Сокулуктагы Дөңкөнөйдү чапты. Дөңкөнөй Солтоной баатыр менен бир нече жолу беттешип алыша албай жарадар болуп качты. Анын артынан чабдар ат менен Солтоной кууду. Дөңкөнөй буурул ат менен Сокулуктун суусунан аттатып кетет. Солтонойдун чабдары аттай албай калат. Дөңкөнөй кутулуп кетет. Кыргыздар көп олжо алышат. Эл оозунда ыр калды:

Буурул аттуу Дөңкөнөй,

Чабдар аттуу Солтоной,

Нечен жолу беттешти

Булардын салтанаты ошондой.

Калмактар Жыламышка чогулушуп, Дөңкөнөйдү башчы кылып шайлашты. Кыргыздар менен элдешүү үчүн Кошой бийге элчи жиберишти. Калмак элчиси Коңур-Өгүзгө келип: “бир аз калмактар калдык, сиз менен элдешип турсак дейбиз. Калган калмакка Дөңкөнөй башчы болду» дейт. Кошой эл менен акылдашып, калмак менен элдешет. Ак үйлүүгө Солтонойдун баласы Итаякты беришет. Уулу Момокон ошондо 13 жашта эле. Тынай эли 130 киши менен Карабалта ашып келип Сокулуктагы калмакты чапты. Солтоной 63 жашта эле, бир нече киши менен Момоконго жардамга келди. Уруш катуу болду. Көргөндөрдүн айтуусуна караганда Сокулук суусу кан болуп агып жатты дейт. Калмактан түшкөн олжону кызыл белес ашырып Карабалтага айдатып жиберет. Солтоной баш болгон 30 киши Сокулук суусунун жээгинде жол тосуп калат. Бешим ченде Ала-Арча Жыламышынан Дөңкөнөй баш болгон көп калмак колу келди. Солтонойдун аты өлүп өзү жөө калды. Солтоной баш болуп 15 киши согушта курман болду. Солтонойдун иниси Абык баш болуп Сокулук ашып кутулуп кетишти. Солтоной баатыр Коңтаажы хандын тушунан бери Дөңкөнөй баатыр менен 7 жолу беттешкен экен. Акыры калмактан өлдү».

Бала Айылчынын санжырасында жогоруда маалым болгондой жетиген уруусу эскерилген, ошондой эле Байболоттун Чекир деген молдо баланы алып келгени жана Эр Солтоной жɵнүндɵ маалыматтар бар. Бул жерде Эр Солтонойду кушчу уруусунун ɵкүлү деп туура эмес кɵрсɵтүлгɵнүн белгилеп кетүү абзел.

Балыкооздун санжырасы. Тарыхый аренадан көптөгөн уруулар жок болгон, т. а. башка урууларга сиңип кеткен. Жөнөкөй сөз менен айтканда түпкү теги, тили, каада-салты дээрлик окшош уруулар объективдүү себептерге байланыштуу жылышып, бир-бирине аралашып, жаш муундар көбөйгөн сайын, жаңы уруулар да көбөйүп, алар өздөрүнө улам кийинки атасынын ысымын беришет. Муну кыргыздын ичиндеги солто уруусу аркылуу карасак, анда алар XVIII к. негизинен «бөлөкбай» – «талканга» бөлүнсө, кийинки кылымда «талкан» уругу да өз ара бөлүнүп, «эшкожо», «канай», «жайыл» ж. б. аталып, аларга канайлар үстөмдүк кылып калышкан. Канайлар эшкожону аз жерден чаап ала турган болгонун Балыкооздун өзү да эскерет. Ал эми башка изилдөөлөрдө «…Түлөберди (талкан бөлүкчөсүнөн) манаптын уулдары атасы (болжол менен 1758-жылдары туулган – Т. Э.) өлгөндөн кийин букараларды мурас катарында энчилепбөлүп алышкан. Бөлүштүрүүнү уулдарынын бири – Чыны башкарган. Ал өзүнө беш көөрүк жана мааке уруктарын алган. Эшкожого – жоочалыш, шалта жана карасакал (акбуура уругунун бир бөлүгү) уруктарын, Карбоско – асылбаш уругун берген». Ошону менен жылдар өтүп, 1867-ж. талкан уруусунун чыр-чатактарынын натыйжасында байсейит негизинен Талас жакка ооп, бошкойлор Кара-Балта өзөнүнөн батышты карай, казактын дуулат уруулары өз ыктыяры менен бөлүп берген жерге келишет (Чүй өрөөнүндөгү азыркы Панфилов району). Көрсөтүлгөн уруктардын манаптары менен кошо аларга көз каранды болгон жүздөгөн малчы чарбалар да жаңы жерге кошо келип, ушундан баштап Талас өрөөнүнүн жергиликтүү калкынын бир бөлүгү да солтонун манаптарына көз каранды болуп калат. Олуя-Ата уездинин курамында солтолор жайгашып турган эки болуштуктун пайда болушу, ошондой эле Талас өзөнүнүн өрөөнүндө да солтолор жайгашып, жашап калышы ушул жагдай-шарт менен түшүндүрүлөт». Балыкооздун санжырасында солто уруусуна кирген байсеит аттуу урук тууралуу кыскача маалымат берилип, алардын чыр-чатактардын натыйжасында Талас тарапка ооганы жѳнүндѳ айтылат. Жетиген уруусунан чыккан Эр Солтонойдун атасы Байсеит солто урусунун арасына келип кошулгандыгы жɵнүндɵ ишенимдүү маалыматтар бар. Азыркы учурда деле солто уруусун арасында жетиген уруусунун бир топ урпактары жашашат. Ошол себептен бул жерде такталаар маселе-солто уруусунун ичиндеги байсеит уругу жетиген Байсеит менен кандайдыр бир байланышы барбы же жокбу дегенде болуп турат.

Жогоруда келтирилген маалыматтарга таянып, жетиген уруусу жɵнүндɵ эл ичинде кеңири тараган санжыраларда бир топ маалыматтардын бар экендигин кѳрѳбүз, ошол эле учурда жетиген уруусун келип чыгышы боюнча кээ бир божомолдор бар экенин байкаса болот.


Алымбек КУРМАНБАЕВ
Чолпон-Ата шаары, 2022-жыл, Март айы.