Жетиген уруусу саяк уруусунан таралат деп эсептɵɵ жɵнүндɵ

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳндѳй, жетиген уруусу жѳнүндѳ элдик санжыраларда ар түрдүү маалыматтар бар, мисалы кээ бир саяк уруусунун ѳкүлдѳрү жетигенди саяк уруусунан тараган дешсе, кээ бир санжырачылар кушчу уруусунан тараган деп эсептешет. Жетиген уруусу “Жетикенттен келген адамдан тараган” деген да вариант бар экени белгиленди. Жетиген уруусу азыркы учурда тарых илимий чɵйрɵсүндɵ ɵз алдынча уруу экени толук далилдеген жана бул маселе окумуштуулардын арасында эч кандай талаш-тартыш жаратпайт. Ошого карабастан кээ бир Т. Карымшаков сыяктуу адамдардын ɵз мүмкүнчүлүгүнɵн пайдаланып, «билерман» деп саналган санжырачыларды ɵз берүүсүнɵ чакырып, жетиген ɵзүнчɵ уруу эмес деп жыйынтык чыгарып, ал берүүнү интернет майданына чыгарып койгону жɵнɵкɵй эл арасында бир топ туура эмес пикирлерди жаратып жатканы жетиген уруусунун ѳкүлдѳрүн кыйла тынчсыздандырат.

Жѳнɵкɵй элге такталган, туура жана акыйкат маалымат жеткирүү максатында жетиген уруусунун саяк уруусу менен кандай байланышы бар экенин аныктап, баамдап кɵрɵлү. Бул жерде так айтып коё турган биздин максат - саяк уруусунун санжырасынан кынтык издɵɵ эмес, биздин бир гана максатыбыз - жетиген уруусу саяк уруусунун бир уругубу же жокбу деген эле маселени тактоо. Деги эле кайсы кыргыз уруусу ѳз ата тегин бурмалаганга аракет жасасын? Мындай жоруктун болушу деги эле мүмкүн эмес. Ошол себептен биз саяк уруусунун санжыраларында бизди кызыктырган бир гана маалымат - бул Эшен Карек жана анын урпактары боло турганын так жана баса белгилеп кетели.

Талдоо жүргүзүү максатында саяк уруусунун болгон санжыраларын баарын карап чыктык, андан соң гана талдоого аракет жасалды. Жыйынтыгында, маалымат булактарынан саяк уруусунун Тоголок Молдонун, Сапарбек Закировдун, С. Закиров жана Т.Асаналиевдин, Сапарбай Жаңыбай уулунун, Сабыр Аттокуровдун, С.М.Абрамзондун «Кыргыздар жана Кыргызстан боюнча тандалма эмгектер» аттуу китебинин 688-бетинде келтирилген санжыралар изилденди. Эшен Карек жана анын балдары жѳнүндѳгү маалыматтар ушул санжыралардан анализденип такталды. Акыркы эскерилген С.М.Абрамзондун китебинде келтирилген саяк уруусунун вариантында Эшен Карек жанан анын балдары жɵнүндɵ маалымат жок болгондуктан, бул санжыра талкууга алынбайт. Тɵмɵн жакта келтирилген санжыралардагы маалыматтардын баары Тоголок Молдонун санжырасынына негизделип берилгени ачык эле байкалат.

Сапарбек Закировдин «Кыргыз санжырасы» аттуу китебинде тɵмɵндɵгүдɵй маалыматтар келтирилген (377-бет): «Кыргыз элинин белгилүү акыны Тоголок Молдонун санжырасы боюнча, кыргыздар Чыңгыз ханга карап турган мезгилинде, кыргыздарды – Ырыс башкарып турган. Ал, Чыңгыз хандын тартуусуна алданып, жоо бетине кыргыздарды айдай берген. Эл көп кырылып, азайган. Ошондо, Ырыстын иниси – Долон менен Сабабайдын иниси – Муратай: «Чыңгыз хандын тукумунун айтканына көнүп, айдаганына барып жүрүп, бардык кыргызды кырып алабызбы» деп, өздөрүнө ээрчиген элди алып, Анжыян тарапка жүрө беришет. Азирет Айыптын тоосунан Долон жай алып, Муратай Кожент тоолоруна кетет. Ошол учурда, Кожент шаарында Эрдене хан болгон. Анын Эреше деген уулу, Мания деген кызы болгон. Жылдар жылып, мезгил өтүп, Эрдене хан көз жумат. Анын ордуна баласы Эреше хан болот. Муратай акылман, токтоо адам экен, ал Эрешеге жагып калат. Эреше өзүнүн карындашы Манияны Муратайга алып берип(бул жерде Манисаны, Манияны Муратай өзү алганын байкайбыз), аны вазирликке шайлайт. Муратайдын түбү – кыргыздын сайрак деген уругунан. Муратай Маниядан бир уул, бир кыздуу болот. Баласынын атын Пайызбек, кызынын атын Айышкан коёт. Кийин Муратай өлүп, аялы Манияны кыргыз салты менен иниси Карек алат(Эшен Карек Муратайдын иниси катары көрсөтүлөт). Карек өзү – окумуштуу, чоң молдо киши болгон. Каректен төрт уул туулат. Улуусу – Абдрайым, анан Сыдык, Жусуп, Шакир”.

«Биз, ушул жерден, Тоголок Молдонун санжырасындагы баянды токтотобуз. Анткени, санжырачы байкабай калганбы же ошондой укканбы, Манияны Пайыздын иниси Карек алат дегени туура эмес. Мания Пайыздын энеси болсо - Каректин да энеси болот. Ошондуктан, Карек Манияны алат дегени туура эмес». Бирок, бул санжырада биздин көңүлүбүздү бурган негизги нерсе – Пайызбектин Муратайдан туулушу. Ошондой эле, Муратайдын кыргыз ичиндеги сайрак уругунан чыгышы. Тоголок Молдо, дал ушул – Сайрак уругу жөнүндө сөз кылганда, Пайызбектин тукумунун – саяк аталып кетишин эске алган. Сайрак деген сөздүн айтылышында – «р»- түшүп калышы менен – саяк болуп калганын белгилеген.

Тоголок Молдо өзүнүн санжырасынын экинчи бир жеринде: «Эреше хандын атасы – Эрдене хандын заманында, Байыш баатыр – Нил дарыясынын боюнда сандап, миңдеп жаткан саяк (сил) уругунан – Кожент шаарында Эреше ханга вазир болгон. Эреше хан өзү, кыпчак уругунан. Бир нече жыл вазир болуп, Маниса айым деген Эреше хандын карындашын алат» дейт. Андан ары, Байыш баатыр Маниса айымдан Ырай аттуу балалуу болуп, өзү өлүп, Манисаны Байыштын бир тууган иниси – Эшен Карек алганы айтылат. Эшен Каректен төрт балалуу болот. Кийин Ырай, Тагай бийге келгенде, менин түпкү уругум – саяк деп айтып, андан тараган уруктар саяк болуп кеткен дегендей корутунду чыгарат”. Байызбек менен Тагай бирдей курактуу эле адамдар болушканын жогоруда белгиледик.

Бала Айылчынын санжырасынан Муратай Чыңгыз хан менен замандаш адам экенин жана ал Мания (Маниса) деген аялга үйлɵнүп, андан Пайызбек жана Айышкан деген бир уул жана кыздуу болгонун билебиз. Андан соң: ...«Муратай өлдү. Манияны, кыргыз наркы менен, иниси Карек деген алды», андан тɵрт Абдрайым, анан Сыдык, Жусуп, Шакир балалуу болгону кɵрүнүп турат. Бул жерде Байыш баатыр Маниса деген аялга үйлɵнүп, андан Ырай аттуу балалуу болуп, кийин ал каза болгон соң Манисаны Байыштын бир тууган иниси Эшен Карек алганы айтылат. Эшен Карек Манисадан тѳрт балалуу болот делет».

Бул жерде бир топ дал келбестиктердин бар экени даана эле байкалып турат. Бир жерде Манияга (Манисага) Муратай үйлɵнгɵн делсе, бир жерде анын баласы Байыш (Пайызбек) үйлɵнгɵн делет. Ал эми Карек ошондо кимдин иниси болот, Муратайдынбы же Байыштынбы? Муратай Манияга (Манисага) үйлɵнүп Пайызбек (Байыш) жана Айышкан деген бир уул жана кыздуу болгон десек, анда Эшен Карек кайдан Байыштын иниси болуп калат?

Башта келтирилген Бала Айылчынын санжырасында мындай деп жазылганын эске алалы: «Саяктын уулу Байболот баатыр башчылык кылган кыргыз тукуму көп кол менен Орол казагына, татардын Казан шаарына каршы Кетмен-Төбөдөн аттанышат. Алар бир сууга жеткенде суунун ары жагынан бир кишини көрүп, суудан өтүп, ал кишиден жөн сурашат. Ал жигиттин колунда китеби бар экен. Аты Шакир, улуту ногой, өзү молдо экен. Аны орус падышасы аскерге ала турган болгондо качып чыккандыгы жөнүндө айтып берет. Ал кыргыз колуна шаарга каршы барбоого кеңеш берет. Себеби ал жерге жакшы куралданган орус аскери бар экендигин айтат. Байболот аны өзү менен кошо алып келип үй-жай курап берип, молдо кылып алат».

Тоголок Молдонун санжырасында маалыматтар ар түрдүү берилген, бирок бизди кызыктыруучу жагдай бул - Эшен Карек жана анын балдары жɵнүндɵгү маалыматтар. Тоголок Молдонун айтуусу боюнча Эшен Каректин балдары Ырай баатырга келе жатышып, Чымкенттин Бештерек деген жеринде туруп калышканы айтылат жана Жусуп аттуу баласынын тукуму жетиген аталып, Таластагы кушчулар менен ээнчилеш болуп калганы айтылат.

Ошол эле Сапарбай Закиров Т. Асаналиев менен биргеликте даярдаган «Саяктын санжырасы» аттуу китепте саяк уруусунун санжырасы тɵмɵндɵгүдɵй берилет:

...

Бул китепте берилген саяк уруусунун санжырасында жогорку схемадан кɵрүнүп тургандай, бир топ ɵзгɵчɵлүктɵрдү байкаса болот. Т.Молдонун вариантында Эшен Каректин тɵрт уулу кɵрсɵтүлгɵн: Абдрайым, анан Сыдык, Жусуп, Шакир деп. Ал эми бул китепте Эшен Карек Байысбектин (Пайызбек, Байыш) аталаш иниси катары кɵрсɵтүлүп, Эшен Каректин уулдары болушкан Абдырайым, Сыдык, Жусуп жана Шакир, анын Дайырбек аттуу улуунун балдары катары кɵрсɵтүлүп жатат. Бул жерде Эшен Каректин Абдырайым деген улуу кɵрсɵтүлгɵн эмес.

Бул китепте мындайча баяндама берилет: «Чыбытай элине хан болгон. Хандык кылып турганда Чыңгыз хан Чыбытайга тогуз кара шумкар тартуу кылып, Супатай, Дархан деген эки вазирин жиберет. Тартууга алданып, экинчи жагынан Чыңгыз хандан чочулап, кыргыздар моңголдорго кошулат. Чыңгыз хан кыргыздарды Кытайга урушка айдап, кɵп кыргынга учуратат. Аны кɵргɵндɵн тукум курут болуудан корккон Муратай ɵзүнɵ ээрчиген кыргыздарды алып Кожент шаарын карай качып келет. Ал жерден Жусупбек, Сүйүнбек деген эки балалуу болот. Балдары чоңоюп, эр жетип калган кезде Муратай жарык дүйнɵ менен кош айтышат. Жусупбек менен Сүйүнбек үйлɵнүп, Жусупбектен Абдырайым, Сүйүнбектен Эшенкара тɵрɵлɵт. Муратайдын небереси Абдырайым чоң атасынан жана ɵз атасы Жусупбектин калган мал-мүлк менен ашып-ташып байып, бүткүл Коженттин сыйлуу адамына айланат да, байлыктын аркасы менен Эрдене хандын кызы Маанишайымга үйлɵнɵт. Андан эркек балалуу болуп, баласынын атын чоң той берип Байысбек коёт. Эрдене хан күйɵɵ баласы Абдырайымды бектикке кɵтɵрɵт. Ошол учурда Эрдене хан ɵлүп, анын уулу Эреше хан тактысын ээлейт. Кɵп узабай Абдырайым да ɵлүп, Байызбек жетим калат. Байызбектин энеси Маанишайым жети жыл жесир бойдон каралуу олтурат. Бул кезде Абдырайымдын атасынын бир тууганы Сүйүнбектин уулу Эшенкара Бухарага барып окуп, карычылыкка жетет (Кары деп Куранды жатка билген кишини атаган). Ал мурда үйлɵнгɵн эмес. Маанишайым ɵзбектерге тийгенден намыс кылып, Кожент аркылуу бир адам жиберип Бухарадан Эшенкараны алдырат. Маанишайым ошол кайнисине башын байлатат. Андан Дайырбек аттуу уул тɵрɵлɵт. Дайырбектен үч уул: Садык, Жусуп, Шакир. Бул үчɵɵ тең молдо болушкан. Кийин ɵзбек, кыргыз бузулганда, качып, энелеш агасы Байызбектин тукумун издеп келип, саяк ичинде туруп калат. Шакирдин кɵзү кɵк, ɵңү кара болгондуктан Чекир молдо атыгып кеткен. Ал үч балалуу болот. Өйдөчекти, Үчкуртка, Түгɵл. Кийин чекир саяктар аталып калган».

Эми Кыргызстандагы көрүнүктүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор, кыргыз этнографиясын жана санжырасын изилдеген адис Сабыр Аттокуровдун эмгектеринде келтирилген маалыматтарга кайрылып кɵрɵлү: «Ныл дарыясын жердеген кɵчмɵндүү калың кыргыз болгон. Алар дайым кɵчүп жүргɵндүктɵн «Сайак» аталган. Байыш баатыр: «Менин бир максатым сырт жерине барып, ордо курган хан-бектерден катын алып, тукумумду сары жерге тартсам, менден тарагандарды «сайахка» айландыруу милдетим» деп ойлогон. Байыш баатыр Маниса айымдан Ырай аттуу балалуу болгондон кийин дүйнөдөн кайтат. Ырай жалгыз болуп калды деп Маниса айым кайниси Эшен Карекке тиет. Андан Молдо Садык, Ыбырайым, Молдо Шакир, Жусуп деген тɵрт балалуу болот. Ырай энесине таарынып, Ала-Тоого качып келип, Тагай бийге бакма бала болот. Түпкү теги жоюлбасын деп Тагай бий Байыштын атын Саяк коюп алат».

Сапарбай Жаңыбай улуу тарабынан 1993-жылы даярдалып басылып чыккан санжыра китебинде саяк уруусунун санжырасы тɵмɵнкүдɵй берилет: «Нил дарыя жээги. Сит уругу Саяк. Саяктан: Байыш, Карек. Байыштан: Каба, Сары. Кабадан: Алакөз, Түңкатар, Түнтөй, Тезек, Куттуксейит, Кутунай, Кайдуулат. Түңкатардан: Нарбото. Нарботодон: Рыскулбек, Бокбасар, Жорукту, Көкүмбий, Арзымат, Назар. Арзыматтан: Садыр, Сейит. Түнтөйдөн: Бозтери, Актери, Аккулак, Аратай. Бозтериден: Элтынды, Казан, Досой, Бешей, Чиркей, Шайыкмамат. Шайыкмаматтан: Кудайбай, Куртка, Бектемиш, Кожояр. Курткадан: Дуулат, Акылбек, Торпок, Канат. Торпоктон: Аңылдак, Максүт. Бектемиштен: Шайбек, Кудаяр, Асказан. Тезектен: Тоок баатыр. Куутукксейиттен: Байжунус, Баястан, Канат, Сатар, Багыш. Кайдуулаттан: Адигине, Байболот, Жообасар, Бакмандеке. Адигинеден: Думана уулу, Казакбай уулу, Жаманбай уулу. Байболоттон: Чекир. Чекирден: Үчкуртка, Түгөл ырчы. Үчкурткадан: Кудайберди, Аккабак, Ыман. Кудайбердиден: Чоро, Күрүчбек, Күлжыгач. Күлжыгачтан: Караболот, Шааболот, Качыке, Жулуке, Итэмген, Сүтэмген, Өйдөчекти, Боркемик. Ымандан: Атантай, Тайлак. Түгөлдөн: Осмон, Мангут, Жараш. Мангуттан: Катаган, Сүйөркул, Казыгул».

Сапарбай Жаңыбай улуунун санжырасында кɵрүнүп тургандай, бул вариантта Чекир (Шакир) Байболоттун баласы катары кɵрсɵтүлгɵн жана Чекирдин Байболот менен байланышканы Бала Айылчынын санжырасы менен үндɵш, ал эми Каректин урпактары жɵнүндɵ эч кандай маалымат жок.

Жогоруда келтирилген маалыматтар менен таанышкан соң бир топ суроолор пайда болот?

1. Эшен Каректин бир баласы болгон Жусуптун Таластык кушчуларга кошулуп калышы азыркы учурда далилденеби?

2. Эмне себептен Чекирдин бир туугандары кушчуга кошулуп, жетиген аталып калышкан?

3. Эшен Каректин Чымкенттин Бештерек деген жеринде калган баласы ким жана анын азыркы учурда урпактары өздөрүн кайсыл урууданбыз деп эсептешет?

4. Эмне үчүн кээ бир санжыраларда саяк жана чекир саяк эки бѳлѳк уруулар катары кɵрсɵтүлɵт?

5. Эмне үчүн азыркы учурда Чекирдин аталаш туугандарынын урпактары ɵздɵрүн жетиген уруусунанбыз деп эсептешет?

6. Чекир саяк жана алты аталуу аталган саяктардын ата бабаларынын алардын ортосундагы байланыш жѳнүндѳ ой пикири кандай болгон?

7. Кантип эле ѳз заманын кѳрүнүктүү инсандары болгон атактуу Ормондун ишенген адамы Медербек бий, Таластан чыккан белгилүү Чыныке бий, баатырлардын пири атка конгон Эр Солтоной, академик Болот Жунусалиев, мамлекеттик ишмер А. Дүйшеев, Кыргыз Эл баатыры С.Эралиев, акын Т. Кожомбердиев ж.б. ѳздѳрүнүн саяк уруусунан экенин билбей, ѳздѳрүн жетиген уруусунанбыз деп калышсын?

8. Кыргыз ѳзүнүн кайсыл уруудан экенин кайдан билет?

9. Эмне себептен жетиген уруусу Жетикенттен келген адамдан тараган деген божомол пайда болгон?

Эгерде жетиген уруусунун санжырасына кайрылсак, бул суроолордун баарына так жооп алганга болот.

Д. Сарыгулов жазган жетиген уруусунун санжырасында мындай маалыматтар берилген: «Жетигендин санжырасын чоң атасы Эшен Каректен Ыбырайым молдо улап жазган экен. Акыркы улоочу Шадыбай уулу Жылышбай молдо 1922-ж. кайтыш болуптур. Санжыра агасы Курманаалынын колуна өтөт. Боронбай уулу Шадыбай бий болуптур. Анын уулу Курманаалы бай эки аялдуу экен.

Курманаалы уулу Адылбек – аксакал, (84 жашта, төртүнчү тиркеме –91-бет) санжыраны алты чоң дептер кылып жазып, сактап келиптир. Мындан нары маалыматтар ушул санжырадан кыскартылып алынды.

«Кабылдан (сол канат) жалгыз Көбөш. Көбөштөн алты уул: Жайыл, Босого, Азыгаалы, Кулунчак, Кандабас, Кара.

Жайылдан: Каратал, Каранай. Караталдан: Токтоболгу, Токтук. Токтуктан: Катаган, Жетиген. Катагандан: Турсун, Шамей. Шамейден: Айдар, Жылкыайдар, Бээбайлар, Койайдар, Алакчын. Жетигенден: Айдаке баатыр, Ажыке молдо, Кожоке бий. Айдакеден: Атаке, Асаке, Эсеке, Мусаке. Ажыкеден: Алай, Жанай, Канай, Тынай. Кожокеден: Караке, Кудаке, Качыке (1-дептер, 11-бет).

Кожоке бий 11 жаштагы уулу Каракенин атын Карек деп өзгөртүп, досу Юсуп менен Бухарага качырат. Ал жерден ишенимдүү адамдарына Каректи тапшырып, «өзүңөрдөй мударис болгуча окута бергиле, бул менин жалгыз Карегим. Жыл сайын келип турам» деп дайындайт. «Көп окуп, аз ойно. Тигил жакты көп ойлобо. Эч кимге сырыңды айтпа. Чыйрак жигит бол» деп кеп-кеңештерин айтып, аяш-атасы эртесинде кетет.

Карек 12 жыл окуп «Эшен» деген диний наам алат. Бир жыл мударис болуп иштегенден кийин Туркестан хандыгына жиберилет. Ал жерде Ханга кеңешчи болуп, балдарды окуткан мударис, имамдын ишин аткарат.

24 жашында Эреше-бийдин күйөөсү өлгөн карындашы Маанисыя менен баш кошот. Билими, сөзмөрдүгү менен Эшен Карек ханына, элине жагат. Ошол Туркестан шаарында кырк жылдан ашуун жашайт, үч уулдуу болот. Улуусу – Дайыр, ортончусу – Сааба, кичүүсү – Аббаз. Окуткан балдарга кошуп, аларды молдо кылат. Дайырдан: Сыдык, Сайкал, Жусуп. Саабадан: Ыбырайым, Нусуп. Аббаздан: Чекир.

Үч баласына өзүн окуткан мударистердин ысымдарын коёт. Улуу эки баласын үйлөнтүп, Сыр-Дарыянын боюнан жер алып, чарбак карматып бөлүп, кичүү баласы Аббаз келини менен чогуу турат» - 1а дептер, 21,22,23 -беттер».

Жетиген уруусунун санжырасы Эшен Карек тарабынан жазылган жана бул санжыра колдон колго ѳтүп, азыркы учурга чейин жеткен. Азыркы учурда бул дептерлер жогоруда аталган маркум Курманалиев Адылбек аксакалдын кенже иниси Курманалиев Кабылбек аксакалдын колунда. Башка кыргыз урууларындай эле жетигендер да ɵз аталары жазып калтырган санжыраны туура деп эсептейт.

Жогоруда эскерилген жетигендин башка санжыраларынан айырмаланып, бул санжырадан тɵмɵндɵгүдɵй маалыматтарды билсек болот: «Ордодо кѳрѳ албаган адамдар кутум уюштурушуп, Эшен Каректи хандын каарына калтырып, өлтүрүшөт. Дайыр, Сааба, Аббаз балдарын да уу берип, өлтүрүшөт.

Жасоолдор Эшен Каректи алып кеткенге келгенде: «Даарат алып, намазымды окуп, кепинимди кийейин» деп чай кайнамга уруксат алат. Ошол убакыттан пайдаланып, кемпирине керээзин айтат: «Хан каарына калды» деген сөз тукум курут болот дегенди билдирет. Бизди кырсык чалды… Түндө түшүмдө үч уулум, мен төртөөбүз түпсүз кудукка түшүп кеттик. Неберелеримди карасам, бешөө беш тарапка качып баратат, бирок үчөө эле даана көрүнүп, экөө чала-була көрүндү! Кандай болсо да, бүгүн түндөн калтырбай беш неберемди качыр, үч күнгө чейин күндүзү жүрбөй, жашынып жатып, түндөсү качышсын. Ата-бабаларыбызды колдогон Жетиген жылдызын маңдайына алып, түндүк-чыгышты карай жүрүшсө кыргызды табышат. Уругун Жетиген деп улашсын» - 1а дептер, 21-36-беттер (бул жерде өтө кыскартылып берилди, толук баян 21-36-беттерди ээлеген).

Жогоруда белгилүү болгондой, Эшен Каректин Дайыр, Сааба, Аббаз деген үч уулу болгон. Дайырдан: Сыдык, Сайкал (кыз), Жусуп. Саабадан: Ыбырайым, Нусуп. Аббаздан: Чекир. Эшен Карек 24 жашында Эреше-бийдин күйөөсү өлгөн карындашы Маанисыя аттуу аялга үйлѳнүп, андан үч уулдуу болот. Маанисыянын биринчи күйɵɵсү саяк Байыш болгон деген божомолдосо болот».

“Ордодо болгон кутумдун айынан чоң ата жана ɵз аталарынан айрылышкан Сыдык, Сайкал, Жусуп, Ыбрайым, Нусуп, Чекир алардын чоң атасы Эшен Каректин айткан керээзи боюнча Жетиген жылдызын маңдайына алышып, кыргыз тарапка жɵнɵшɵт. Эшен Карек небереси Сайкалга “сен кызсың, кокус жолдо бирѳѳ-жарым тинтип калса, сени тинтибейт” деп, ага бир дептер берет, катып ал деп. Алар жүрүп олтурушуп, Чымкентке келишкенде кыш түшүп калып, ошол жерде бир бай казактын үйүндɵ туруп калышат. Кыш ɵтүп жаз келгенде жолго чыгышмак болушат, балдардын улуусу Сыдык ошол казактын кызына үйлɵнүп калып калат. Бешɵɵсү жолго чыгышат, жолдо казактын албан уруусунан атчандар жолугуп, алар менен баарлашып, билимдүү балдар экенсиңер, биздин балдарды окутсун деп Жусупту ɵздɵрү менен ала кетишет. Эки бир тууган: Ыбырайым, Нусуп, Сыдыктын карындашы Сайкал жана Аббаздын жалгыз баласы болгон эки бир туугандын аталаш иниси Чекир жол жүрүп олтурушуп кыргызга жетишет. Кыргызга жеткен соң алгач кушчу уруусунун арасында туруп калышат. Билимдүү болушкандыктан кыргыздардын балдарын окутуу менен алек болушат. Ошол учурларда саяктын баатыры Байболот Чекирди алып кеткен экен, билимдүү бала экенсиң деп».

Байболоттун Чекирди алып келгени жɵнүндɵгү маалыматты биз жогору жакта келтирилген Бала Айылчынын санжырасынан да байкадык. Убакыт ɵтүп, Сайкал бойго жетип, ордодогу бир адамга күйɵɵгɵ чыгып кетет, Ыбырайым менен бир тууган иниси Нусуп да үйлɵнүшүп, кушчу уруусунун арасында туруп калышат. Кайсыл бир убакта Ыбырайым Сайкалга кокустан жолугуп калат, Сайкал тууганына жолукканына сүйүнүп, Ыбырайымга баягы чоң атасы Эшен Карек катып жүр деген аманат дептерин берет. Ыбырайым окуп кɵрсɵ, ал дептер Эшен Карек жазган жетиген уруусунун санжырасы болот. Ошол дептерди Ыбырайым улап, сактап, азыркы учурга жеткенин биз жогоруда белгиледик.

Эми жанагы жогоруда коюлган суроолорго жооп берели. Эшен Каректин үч уулу болгон: Дайыр, Сааба жана Аббаз. Дайырдан эки уул - Сыдык, Жусуп жана бир кыз - Сайкал. Аббаздан жалгыз - Чекир. Тоголок Молдонун Жусуп Таласка барып кушчу уруусуна кошулуп, жетиген аталып кеткен деген маалыматы чындыкка жатпайт, себеби: биринчиден, биз жогоруда сɵз кылгандай Жусупту казактын албан уруусунан болгон адамдар алып кетишкен, экинчиден, азыркы учурда да Таласта Жусуптун урпактары жок. Таласта Ыбырайым жана анын бир тууган иниси Нусуптун урпактары турушат. Ал эми Чымкенттин Беш – Терек деген жеринде калган Сыдыктын айрым бир урпактары, азыркы учурда чоң аталарыбыз Казахстандан кɵчүп келишкен, уруубуз жетиген дешип Чүй районуна караштуу Ак-бешим айылында турушат. Ушул жерден эмне үчүн бир туугандар Ыбырайым, Нусуп жана аталаш бир тууган Сыдыктын урпактаары ɵздɵрүн жетиген уруусунанбыз деп эсептешет да, алардын жалгыз аталаш бир тууганы Чекирдин урпактары чекир саяк болуп кеткен деген суроо жаралат. Чекир Эшен Каректин баласы Аббаздын жалгыз баласы болгон, мындайча айтканда бир тууганы жок, аны Байболот бала кезинде алып кеткенин белгиледик. Байболот Чекирди балам деп (Бала Айылчынын санжырасында Байболоттун Шакирди (Чекирди) алып келгени жана Сапарбай Жаңыбай улуунун санжырасында Чекир Байболоттун баласы делгенин эске алалы) бапестеп багып, чоңойтуп үйлɵп жайласа, Чекир менин уруум жетиген деп айта албагандыр, же болбосо ал чоң атасы Эшен Каректин санжырасы менен таанышканга үлгүрбɵй калгандыр. Жыйынтыктап айтканда жетиген уруусунун окулдорунун колунда Эшен Карек өз колу мене жазган санжыра турса, Чекирдин аталаш бир туугандарыыны бардык урпактары өздөрүн жетиген уруусунанбыз деп эсептешип жүрүшсѳ, демек Чекир да жетиген урусунан болгон деп так айтса болот.

Жетиген уруусунун Жетикенттен, же болбосо жети шаардан келген адамдардан тараган деген маалымат боюнча тɵмɵндɵгүдɵй түшүндүрмѳ берсе болот. Ыбырайым иниси Нусуп жана алардын аталаш иниси Чекир кыргызга кошулганда ɵздɵрүнүн ким экендигин так айтуу алар үчүн ɵтɵ кооптуу экенин жакшы түшүнүшкɵн, себеби, ордодогу болгон кутумдан алар чоң атасы Эшен Каректен жана ɵз ата энелеринен ажырашкан. Кимдир бирɵɵ кармап алып, кайра ордого жеткирип ɵлтүрүп коюшу, же аларды издеген атайын адамдар болушу толук мүмкүн эле. Ошол себептен алар ѳздѳрүнүн ким экендигин айтпоого аракет жасашып, “тиги, бул тараптан келгенбиз” деп гана айтууга аргасыз болушкан, жыйынтыгында эл арасында жетиген уруусу жɵнүндɵ башка, сырттан келген адамдардан таркаган деген ой-пикир таркаган. Кийинчерээк Жетикент деген сɵз ɵзгɵрүп жетиген аталып, ɵздɵрүн жетиген уруусу деп атап алышкан деген божомол ой пикир пайда болгон. Мындай божомолдорду Осмоналы Сыдыковдун жана Тоголок Молдонун санжыраларынан кɵрсɵк болот. Биз макаланын башында жетиген уруусу жɵнүндɵ жетишерлик тарыхый илимий маалыматтарды коомго кеңири белгилүү илимий булактардан, «Манас» эпосунун айрым бир варианттарынан жана белгилүү санжырачылардын санжыраларынан белгилеп кɵрсɵттүк. Демек жетиген уруусу кайсыл бир тараптан (Жетикент ж.б.) келген кайсыл бир адамдардан келип чыккан уруу деп жыйынтык чыгаруу бул, такыр чындыкка окшобогон, акыл эстүү адам ишенбей турган нерсе деп так жана ишенимдүү айтсак болот.

Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, бул кээ санжыраларда саяк жана чекир саяктар эки бѳлѳк уруу катары кɵрсɵтүлгɵнүн байкасак болот. Бул ɵзгɵчɵлүктү С.М.Абрамзон «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» аттуу эмгегинде так белгилеп кɵрсɵткɵн. Аталган эмгекте тɵмɵндɵгүдɵй маалымат келтирилген: «Басма сөздө саяк деген аталыш менен түпкү теги таптакыр ар башка болгон бир нече топтор бириккендиги жөнүндө мурда белгиленди. Ушунун негизинде биз эки урууну бөлүп көрсөттүк. Булардын бири саяк деген ат менен калтырылды (бул урууну алты аталуу саяк деп аташат). Экинчи урууну биз шарттуу түрдө, бул уруунун легендарлуу түп бабасы болгон Чекирдин (аны Шакир, Чакыр, Чекир молдо деп да аташат) ысмы менен атадык. Эки уруунун тең билерман санжырачылары алардын ортосунда тектештик жалпылыктын жок экенин танышпайт».

Ошол эле учурда С.М. Абрамзон ошол эле эмгегинде чекир саяктар менен жетиген урусунун ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин да баса кɵрсɵткɵн. Ал жерде минтип жазылат: «Булар – теги боюнча ногой – казак топтору, булардын ичинен биз негизинен Суусамыр, Жумгал өрөөндөрүндө жана Нарын дарыясынын ортоңку агымдарында жашаган чекир-саяктар деп аталгандарды, жетиген тобун… көрсөтөбүз».

Белгилүү жазуучу жана журналист Кален Сыдыкова «Кыргыз Тарыхы» (б.з.ч. жана б.з.) кошумча окуу китеп» аттуу эмгегинде да саяк уруусу менен чекир саяк уруусунун ортосундагы кандайдыр бир ѳзгѳчѳлүк бар экенин белгилеп тѳмѳндѳгүдѳй маалымат берген: «Санжырада саяк Теңир Тагай бийдин багып алган баласы. Саяк уруусунун кийинки мууну саяк жана чекир саяк деген эки чоң бөлүккө бөлүнөт. Алар бири бири менен энелеш тууган. Бул уруулардын санжырасынын бир нече варианты бар».

К. Сыдыкова бул жерде Долон бийдин баласы деп эсептелген Тагайды б.з. чейин жашап ѳткѳн Теңир Тагай катары кѳрсѳткѳн, башка сөз менен айтканда, чекир саяктар биздин заманга чейин эле белгилүү болушкан.

Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, бул ногойлор жɵнүндɵ. Бала Айылчынын санжырасында да Байболоттун улуту ногой болгон Шакирди алып келгени жɵнүндɵ баяндалган болчу. Кыргыз эли менен ногой элинин байланышы жɵнүндɵ жетиген санжырасында Д.Сарыгулов жетиштүү маалыматтарды келтирген. Ошентсе да кыскача айта турган нерсе, бул Ногой хандыгына кирген уруулар азыркы кыргызга тиешелүү эле уруулар экени илимий булактардан так белгилүү. Ногой хандыгынын эли Алтын Ордодогу Ногой хандын артынан ээрчиген эл экени да, Манас баатырдын чоң атасынын аты Ногой болгону баарыбызга жакшы белгилүү. Жетиген уруусун ногой улутунан чыккан уруу экен деп божомолдоо да такыр мүмкүн эмес, себеби ногой деген эл араң эле XIX-XX кылымда түптɵлдү жана учурдагы ногой элинин негизги кɵпчүлүгүн азыркы кыргызга таандык болгон эле уруулар түзɵт.

Тарых изилдɵɵчү Ж.Б.Кулькатов «Ногайский этнический компонент в Крыму и Нижнем» аттуу илимий эмгегинде минтип жазат: «Для астраханских ногайцев характерны такие родоплеменные подразделения как кипчак, мангыт, кереит, найман, ас, кыргыз, кытай и другие, что говорит об их общем этническом происхождении с казахами, киргизами, каракалпаками, узбеками, и, конечно, с крымскими татарами».

Казахстандык тарых изилдөөчү Жаксылык Сабитов Аскар Абдуллин менен биргеликте жазган «Y-STR гаплотипы ногайцев в базе данных Family Tree DNA» аттуу илимий эмгегинде ногай элинин этногензинин тарыхый ѳзгѳчѳлүктѳрү кѳрсѳтүлгѳн. Учурдагы ногай элинин курамына кирген Кубандык жана кара ногай аталган ногайлардын гапплогруппаларынын түрлѳрүн кѳрсѳткѳн таблицаны түзүшкѳн. Окумуштуулар Кубандык 60 жана кара ногай аталган ногойлордон 153 адамдан ДНК анализ жасоо үчүн биоматериал алышып, лабораториялык анализ жасашкан. Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы тѳмѳндѳгү келтирилген таблицадагы келтирилген.

Бул таблицадан так кѳрүнүп тургандай, Кубандык жана кара ногайлардын кѳпчүлүгүнүн гапллогруппалары кадимки эле кыргызга таандык болгон R1a1 группасына киргени байкалып, ногай эли кыргыз элине ѳтѳ эле жакын эл болгону дагы бир жолу илимий жол менен далилденип олтурат. Бул илимий маалымат биз жогоруда келтирген жетиген уруусунун ногой эли менен байланышкан деген божомолдордун чындыкка жакын экенин далилдейт деп айтсак болот.

Жогоруда келтирилген маалыматтардын негизинде жетиген уруусунун жана чекир саяк уруусунун (уругунун) ортосунда тыгыс байланыш бар экенине күбѳ болдук жана чекир саяк уруусу деп аталган уруунун түпкү атасы делген Чекир жетиген уруусунун кол жазма санжырасын жазган Эшен Каректин Сыдык, Жусуп, Ыбырайым, Нусуп жана Чекир аталган неберелеринин бир экенине толук ишенсек болот. Макалада келтирилген маалыматтар жетиген уруусу саяк уруусунан таркалган деген божомолду толук жокко чыгарат. Бул жерде дагы бир жагдайды так белгилей кетүү керек. Жетиген эли азыркы учурда саяк уруусунун катарында саяк уруусунабыз деп жүрүшкѳн чекир саяк аталган туугандарга бир деме деп айтыштан алыс жана алардын ѳз тандоосун толук сыйлайт.


Алымбек КУРМАНБАЕВ
Чолпон-Ата шаары, 2022-жыл, Март айы.