Жетиген уруусу менен кушчу уруусунун байланыштыгы жѳнүндѳ

Кушчу жана жетиген уруулары кыргыздын эн байыркы урууларынын катарына кирээри шексиз. Бул макалада сѳз боло турган бир гана жагдай, бул - жетиген жана кушчу урууларынын ортосундагы божомолдуу байланыштар жѳнүндѳ гана. Биздин максат кушчу уруусу жѳнүндѳ кандайдыр бир шек жаратуучу маалымат, же болбосо кандайдыр бир кынтык издѳѳ эмес экендигин так белгилей кетели. Кээ бир учурларда эл арасында жетиген уруусу ѳзүнчѳ уруу эмес, алар кушчу уруусунан таркашат же алар кушчу уруусунан чыккан Сабатар сырттан алып келген бир адамдан тараган деген сѳздѳр айтылып калып жатат. Ошол себептен ушундай сѳздѳр канчалык чындыкка жакын экендигин изилдеп так жооп бергенге аракет жасап кѳрѳлү. Бул жерде жетиген уруусу ѳзүнчѳ уруу экендигин кайрадан далилдѳѳнүн эч бир кажети жок, биз бир гана кушчу уруусу менен жетиген уруусунун ортосунда болгон божомолдор жѳнүндѳ гана сѳз кылабыз. Алдыга коюлган максатка жетишүү үчүн коомго кеңири белгилүү болгон маалыматтарга кайрылып кѳрѳлү.

Алымбектин санжырасында жетиген уруусу жѳнүндѳ тѳмѳндѳгүдѳй маалыматтар бар экени белгилүү: «Бир сөз, ошол кездеги Аксы, Таластагы кушчуну, кушчу уругу бар экенин билемин. Ал Таластагы кушчу – Үчкуртканын эки уулу аталат: Жетиген, Жоош -деп. Ал эми Жооштон жети уул: Каймасар, Сабатар, Кыржы, Каракужур, Кагасты, Аманкушчу, Чылпаккушчу. Булар жоош уругу болуп аталат. Жетиген, Жоош бир себеп менен урушкан. Азыркы Панфилов району турган кыштак, мурун кыргызча Ойрон деп аталчу. Дал ушул жерде урушкан. Жетиген жеңилген. Жоош жеңген. Ошол себептүү жетиген качкан. Кыргыйдын тукуму сарыбагышка кирип кеткен. Жоош тукуму, жетигендин качканын көргөндөн кийин, ат тартуу-тон тартуу кылып; «тууган элек, токто?!» деп айткандан кийин, кыбал тукуму токтоп калган. Мунун не себеп болуп, экөөнүн урушкан себебин жазган жокмун. Кыбалдын Байсейит тукуму болбой койгон. Алар солто ичинде калган».

Жооштон Касымсейит, Төрөсейит, Тынымсейит. Төрөсейиттен Үчкуртка. (кара: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999. 704-б.). Дагы бир вариантында Каратеңештен Меңдуулат, Жоош. Меңдуулаттан Таскушчу, Көккушчу, Каракушчу, Чейне, Алыке, Чылжуут, Шаранот, Көзүжаман, Тулга, Барыке, Шалка, Күнчөй, Өнөк, Кары. Жооштон Карала, Кардык. Караладан Тынымсейит, Касымсейит, Нурсейит. Тынымсейиттен Карадөң. Карадөңдөн Кочкорбай. Кардыктан Болот. Болоттон Үчкуртка. Демек Багышкуртка, Саяккуртка деп аталат. Курткадан Кудайберди, Жантай, Кыржы, Кутужан, Каракужур, Боочу, Темиркул, Каймазар, Атантай. Каймазардан Токтокүчүк, Түлөберди, Кенже, Таба, Чекир, Майтык, Шүкүр. (кара: Кыргыз санжырасы. Инв № 564. Жыйнаган Муса Байгаринов)».

Жогоруда келтирилген маалыматтардан кѳрүнүп тургандай, Алымбектин санжырасынын бир жеринде Үчкуртка Кара (Каратеңештин) уулу Жооштун баласы катары кѳрсѳтүлѳт, ал эми башка бир варианттында болсо Жооштон Кардык, Кардыктан Болот, Болоттон Үчкуртка деп кѳрсѳтүлѳт. Ал эми С.М. Абрамзондун маалыматында Үчкуртка Жооштун баласы Тѳрѳсейиттин урпагы катары кѳрсѳтүлѳт.

Кыргыз элинин туңгуч агартуучусу жана санжырачысы Осмонаалы Сыдыков ѳзүнүн «Кыргыз санжырасы» аттуу эмгегинде жетиген, кушчу, тѳбѳй жана кытай урууларын Молдо Ыбырайымдан тараган деп жазган. Албетте, мындай божомол такыр чындыкка жатпай турган нерсе деп так айтса болот, себеби бул уруулар жѳнүндѳ маалыматтар бир топ илимий булактарда чагылдырылган. О. Сыдыков аталган эмгегинде мындай деген маалымат келтирет: «Жетиген деген сɵздүн түбү Жетикент деген сɵзгɵ така¬лат. Жети шаардык деген мааниде. Ошол жактан бир адам келиптир. «Кайдан келе атасыз?» десе, «Жетикенттен келе жатам» деген экен. Ал кишинин чыныгы аты молдо Ыбырайым экен. Кыргыз ичинде туруп калат. Мына ушул кишиден: Кушчу, Жетиген (Жетикент кыскарып, жетиген болуп калган (Х.К. Хусейин Карасаев), Тɵбɵй, Кытай деген тɵрт урук таралды. Кушчудан – Кушчу уругу. Таласта турушат. Бир нече болуш. Тɵбɵйдɵн –Тɵбɵй уруктары».

О. Сыдыковдун вариантында кушчу уруусу ѳзү кушчу уруусунан чыккан Сабатар сырттан алып келген Молдо Ыбырайымдан таркаган болуп жатат. Бул албетте, такыр туура эме.

Ал эми санжырачы Сыргак Сооронкулов макаланын башында сѳз болгон Т. Карымшаковдун «Санжыра такталат» аттуу берүүсүндѳ мындай деген маалымат бериптир: «Кушчудан чыккан Сабатар аттуу адам Сырдарыянын нары тарабынан бир Молдо Ыбырайым аттуу адамды молдолукка алып келген. Ыбырайымдан сен кимдин баласысың деп сурашса, анын тили бурулуп ѳзбек чалыш болуп калган экен, “мен жетикандан келганман” деп жооп берген, ошол кезде жети кан түзүлгѳн заман экен, жети шаарды жети кан деген. Анын урпактары кийинчерээк жетикан деген сѳз бурмаланып жетиген аталып кетишти. Жетиген деген сѳздү жетиген жылдызына байланыштырып алышты. Молдо Ыбырайым, Сыдык, Жунус, Жусуп жана Шакир беш бир тууган. Сыдык Алматынын бери жагында, бирѳѳсү Түркияга барып түрк болуп кетти, бирѳѳсү - Башкирияда».

Эгерде чынында эле Молдо Ыбырайымды кыргызга Сырдарыя тараптан кушчу Сабатар алып келсе, Молдо Ыбырайымдын бир бир тууганы түрк болуп Түркияга, бирѳѳсү Башкирияга кетип калса, анда кандайча анын бир тууганы Нусуптун (Жунус эмес), анын аталаш туугандары Сыдык жана Шакирдин (Чекир, чекир саяктар) урпактары азыркы мезгилде деле Кыргызстанда эле жашап жатышкандарын кандайча түшүнсѳ болот? Макаланын башында кѳрсѳтүлгѳн болчу, Сыдыктын урпактары Чимкент областындагы Беш-Терек айылында туруп калышкан жана анын айрым бир урпактары жетиген уруусунанбыз дешип азыркы учурда Чүй областынын Ак-Бешим айылында турушат деп. Алардын айтуусу боюнча кайсыл бир учурда алар Казакстандын Чимкент тарабынан кѳчүп келишкен. Ал эми Жусуп казактын албан уруусунун ичине кирип калган.

Жетиген уруусу жѳнүндѳгү ушул макаланын башында келтирилген илимий жана санжыра маалыматтарын, ошондой эле азыркы учурда аталаш бир туугандар Ыбырайым, Сыдык, Нусуп жана Чериктин урпактары Кыргызстанда эле жашап жатышкандыктарын эске алып, С. Сооронкуловдун жетиген уруусу жѳнүндѳ «Санжыра такталат» аттуу берүүдѳ берген маалыматтары такыр чындыкка жатпайт деген ишенимдүү жыйынтык чыгарсак болот.

Сапарбек Закиров «Кыргыз санжырасы» аттуу эмгегинде кушчу жана жетиген уруулары жѳнүндѳ тѳмѳнкүдѳй маалымат берет: «Кушчудан: Мамбет, Токтук, Бекмурат, Талаймат, Сулпаян, Сабатар, Кангелди, Бүргө, Кайназар».

«Ал эми, айрым элдик санжырачылар, Куу уулдан: Босого, Жайыл, Булгар, Чоро, Кандабас, Кара, Сары Кулунчак, Усупаман – жети бала болот деп, ошол, жети уулдун бири Карадан (Каратеңеш деп да айтат – С.З.): Меңдуулат, Жоош; Меңдуулаттан: Таскушчу, Көккушчу, Каракушчу, Чийне, Черик, Чылжуут, Чаранат, Көзүм жаман, Тулга, Барыке, Шалка, Көнчөй, Өнөк, Кары – он беш бала. Ошолордун тукуму бүт – кушчу атыгып кетишкен дешет. Булар ич ара: Тилеш балдары, Кайназар балдары, Шайбек балдары, Аксак бөрү тукуму, Сокур бөрү тукуму, Сабатар кушчу (Жан кушчу, Аман кушчу, Жетиген балдары деп, бир канча урукка бөлүнөт».

«Кушчунун: Жетиген, Жоош деген эки баласы болгон. Жетиген улуусу, Жоош кичүүсү. Жетигенден: Кыргый, Кабыл. Кыргыйдан Алыке, Көчөк. Кабылдан: Канат, Тагаймат, Түлөгабыл, Байсеит. Байсеиттен калмак доорунда атагы чыккан чабдар аттуу Солтоной баатыр чыгат. Булар жетиген уругу деп аталат. Кыргыйдан тараган Алыке, Көчөктүн тукумдары Солто, Сарыбагыштын ичине кирип кеткен. Ошол эки бир тууган – Жетиген менен Жооштун тукумдары болгон эки уруктун ортосунда жер талашып чатак чыгат. Ойрон деген жерде (азыркы Панфилов кыштагы – С.З.) чабыш болуп, адам өлүп, баш жарылат. Жооштор жеңип мактанышат. Жетиген жеңилип алсырайт. Кур намыс деп, бир тууган бир тууганды басынтып күлөт. Намыстанган жетиген тукуму – Кыргый, Кабыл балдары: “Өз кордугун көргөнчө жат кордугун көрөлүк” деп сарыбагыш, солтого көчө качат. Жооштун аксакалдары курун мойнуна салып, ат, тон тартуу кылып жатып Кабылдын үч баласын (Канатейим, Тагаймат, Түлөгабыл) токтотуп калат. Калган балдарынын тукуму солтого өтүп кетет».

Бул китептин 26-бетинде Кушчунун балдары: Мамбет, Токтук, Бекмурат, Талаймат, Сулпаян, Сабатар, Кангелди, Бүргө, Кайназар кѳрсѳтүлгѳн, ал эми 98-бетинде болсо Жетиген жана Жоош Кушчунун балдары катары кѳрсѳтүлѳт. Ушул эле китептин 214-бетинде Жетигендин бир тууганы деп эсептелген Жоош Куу уулдун Кара (Каратеңеш) деген баласынын урпагы катары кѳрсѳтүлѳт. Алымбектин вариантында жетиген жоош кушчунун Үчкүрткасынын балдары делген болчу.

Сапарбай Жаныбай уулунун санжырасында сол канат урууларынын таркалышы тѳмѳндѳгүдѳй чагылдырылат: «Куу уулдан эки бала: Кушбак, Куунак. Кушбактан: Жайыл, Чоң Багыш, Саруу, Басыз, Мундуз. Жайылдан: Каратал, Каранай. Караталдан: Кушчу. Каранайдан: Кытай. Эми Жайылдын балдары Каратал менен Каранайдан тарагандарга токтоло кетели.

Караталдан жалгыз уул Кушчу. Кушчудан: Мамбет, Токтук, Бокмурун, Сулпаян, Талай, Мамат, Сабатар, Каңгелди, Бүргө, Кайназар. Кайназардан: Майтык, Түлөберди, Кенже, Күчүк. Каранайдан: Кытай. Кытайдан: Жогорку Тамга, Байтике, Буудай, Алкожо, Төмөнкү Тамга. Жогорку Тамгадан: Чотон, Олжобай, Чопук, Алак, Байдөбөт. Төмөнкү Тамгадан: Дос, Каракебек, Каракесек, Итеш.

Бул вариантта Жетиген, Жоош жана Үчкуртка жѳнүндѳ такыр маалымат жок.

Эсенкан Торокан уулунун санжырасындагы сол канатка кирген уруулардын таркалышы: «Долонбий: Кабыл (Куу уул) Кѳбѳш, Босого, Жайыл, Кандабас, Асыгалы, Карача, Кулунчак. Босогодон Мундуз. Жайылдан Каратал, Каранай. Каранайдан саруу, кытай, Караталдан Токтоболгу. Токтоболгудан Жетиген (Жети шаардан келген), Кушчу. Кушчудан: Мамбет, Токтук, Бекмурат, Талаймат, Сулпаян, Сабатар, Кангелди, Бүргө, Кайназар.

Эсенкан Тѳрѳкан эмгегинде Жетиген Караталдын баласы Токтоболгунун урпагы катарында кѳрсѳтүлгѳн, ал эми Сабатар болсо Кушчунун урпагы жана Үчкуртка жѳнүндѳ маалымат жок.

С.М. Абрамзондун «Кыргыз жана Кыргызстан боюнча тандалма эмгектер» аттуу эмгегинде тѳмѳнкүдѳй маалымат берилген (Бишкек, 199-жыл): «Кушчу уруусу - жоош жана меңдуулат деген эки негизги бөлүкчөдөн турган (17- сүрөт). Биринчиси экинчисинен алда канча көп санда болгон. Кушчулардын ичинде бир кыйла ири уруктарга - сабатар (272 кожолук), каймазар (же каймасар) (186 кожолук), кыржы (143 кожолук), бүргө (97 кожолук), кангелди (95 кожолук) кирген. Чылпак кушчу, чүрпө, чейне, майтык, сокур бөрү, кара кужур, накай, чилжубут - майдараак урук топторуна кирген». Бул эмгекте кѳрүнүп тургандай Жетиген Жоош менен бир тууган болгон деген маалымат жок.

Ушул эле китептин 648-бетинде (электрондук вариант) Долонбийден таркаган оң жана сол урууларынын структурасы келтирилген. Схемадан кѳрүнүп тургандай, бул вариантта Кытай, Мундуз, Жетиген, Тѳбѳй, Басыз, Кушчу (Кутчу) жана Саруу Караталдан тараганы кѳрсѳтүлгѳнүн кѳрѳбүз. Бул схемада келтирилген аттар адамга

...
таандык аттар эмес, урууларга таандык экенин баамдаса болот.

С.М.Абрамзондун бул илимий эмгегинде келтирилген кушчу уруусунун тѳмѳндѳ келтирилген структурасынан кѳрүнүп тургандай, бул жерде Жетиген аттуу адам кездешпейт жана айрым бир санжыраларда

...
Кушчунун бир баласы деп эсептелген Токтук да кездешпейт.

Казак окумуштуусу Жаксылык Сабитовдун «Происхождение кыргызов с точки зрения полиморфизма Y—хромосомы» деп аталган илимий эмгегинде тѳмѳндѳгүдѳй маалымат келитирилген: «В рамках кыргызского ДНК-проекта [16] известны гаплотипы 48 кыргызов и 3 казахов, имеющих кыргызское происхождение. В 2012 году были собраны 38 образцов ДНК этнических кыргызов. Сбор производился среди кыргызов, проживающих в городе Астана (Казахстан) и среди кыргызов, проживающих в городе Бишкек (Кыргызстан). Также в рамках кыргызского ДНК-проекта тестировались еще 10 кыргызов и 3 казаха, имеющих кыргызское происхождение.

Гаплотипы кыргызов доступны по ссылке [16]. Племенная идентификация тестируемых (записанная со слов тестируемых) и предположительные гаплогруппы (предсказанные на основании данных гаплотипов) указаны ниже:»

Таблица 2.

...
Кыргызы из подразделения Сол канат (кыскартылып берилди).

Ошол элек казак окумуштуусу Жакшылык Сабитов ѳзүнүн «Субклады гаплогруппы R1a среди кыргызов» аттуу эмгегинде кыргыздар галлогруппасы жѳнүндѳ тѳмѳнкүдѳй маалыматтарды келтирген. Анын бул илимий эмгеги «The Russian Journal of Genetic

...
Genelogy (Русская версия ): Том7, №2,» 2015-жылы жарыяланган.

Ж.Сабитовдун биринчи илимий эмгегинде келтирилген кушчу уруусунун аксакбѳрү уругунун ѳкүлү болгон жана 235468 деп идентификацияланган жарандын гаплогруппасы O2 болуп аныкталганын, ал эми жетиген уруусунун идентификациялык номери 245564 (Кыбал урпагы) R1a1 жана идентификациялык номери 245557 (Дербиш урпагы) ДНКсынын гаплогруппасы R1b1a2 экени аныкталган. Ал эми ушул эле Ж. Сабитовдун экинчи илимий эмгегинде келитирилген номери экинчи болгон жогорку келтирилген таблицаны байкап кѳрѳлү. Бул таблицада берилген илимий жыйынтыкта кушчу уруусунун үч ѳкүлүнүн гаплогруппалаы кѳрсѳтүлгѳн: биринчисиники O2, экинчисиники R2, үчүнчүсүнүкү R1a1a болгонун байкайбыз. Ал эми Жетиген уруусунун үч ѳкүлүнүн, биринчисиники R1a1a, экинчисиники R1b1a2, ал эми үчүнчүсүнүкү да R1b1a2 болгонун кѳрсѳ болот. Бул илимий жыйынтыктардан кандай жыйынтык чыгарса болот? Кушчу уруусунун ѳкүлдѳрүнүн гаплогруппалары ар түрдүү, ал эми жетиген уруусунун ѳкүлдѳрүнүн гаплогруппалары бири бирине жакын экендиги байкалат. Жетиген уруусунун эки ѳкүлүнүн гаплогруппасы R1b1a2 экени бир топ кызыктырууну жаратат, себеби, бул гаплогруппа негизинен Батыш Европадагы элдерге тийиштүү, экинчи жагынан жетиген уруусун Эдиге жана оозеки санжыраларда айтылган ногой эли жана Булгар ѳлкѳсү менен байланышкан маалыматтарды эске алсак, бул жагдайды бир аз түшүнсѳ боло тургандай. Жыйынтыктап айтканда, биринчиден, анализден ѳткѳн жарандарынын саны ѳтѳ эле аз болгондуктан кушчу жана жетиген урууларынын ортосунда эч кандай туугандык жок деп ишенимдүү айтууга болбойт. Экинчиден, жогоруда келтирилген оозеки санжыраларда жана ар түрдүү эмгектерде айтылган жетиген ѳкүлдѳрүнүн кушчу уруусунун арасына сырттан келип киргени чындыкка жакын экендигин божомолдоого болот.

Жогоруда келтирилген маалыматтарды эске алып, кушчу уруусунун ичине жетиген уруусунун урпактарынын кирип калышын ар түрдүү абалда баяндалгандыгын байкасак болот. Айрым бир санжыраларда Эшен Каректин чоң атасы деп эсептелген Жетигенди Кушчунун улуу баласы катары кѳрсѳтүлгѳн (С.Закиров), ал эми кээ бир санжыраларда Кушчу менен Жетиген Токтоболгунун балдары катары кѳрсѳтүлѳт (Э.Тѳрѳкан уулу ошол эле учурда Жетиген жети шаардан келген деген эскертмени келтирген, демек бакма баласы десе болот). Дагы бир вариантта Кушчуга бир жетикенттен келе жаткан бир пери баласын багып ал деп таштап кеткен экен, баланын аты Эдиге болгон. Пери Эдигени бир бакшы думана уйгур адамдан тѳрѳгѳн имиш (118-бет). Ошол себептен Кушчу ѳзү багып алган баласы менен бир тууган болуп Караталдын урпактары болот деген маалымат келтирилген. Эдиге кийин аты бурмаланып жетиген болуп калган делет. Бул маалыматтардын жомокко жакын экени айтпасак деле түшүнүктүү.

Жыйынтыктап айтканда, жогоруда келтирилген маалыматтардан кѳрүнүп тургандай, жетиген уруусу кушчу уруусунан тараган деп айтууга эч кандай негиз жок. Санжыралардын дээрлик бардык варианттарында жетиген башка тараптан келген бир адам катары кѳрсѳтүлгѳн. Кушчу уруусунун байыркы уруулардан экендигин чагылдырган тарыхый жана илимий маалыматтар арбын жана ал маалыматтарда да Жетиген аттуу кушчудан чыккан адам эч бир жерде кездешпейт. Кушчу уруусундай эле жетиген уруусу да кыргыздын эн байыркы урууларынан экени далилдеген бир топ материалдар макаланын башында келтирилди. Кушчу уруусу менен жетиген уруулары кыргыздын эң байыркы уруулардан экендигине байланыштуу оозеки айтылган санжыралардагы варианттарда кездешкен ар түрдүү божомолдорду мыйзам ченемдүү кѳрүнүш деп айтсак эч бир жаңылыштык болбойт. Учурдагы ДНК генеалогия далилдеп жаткандай, бардык кыргыздар кайсыл бир учурга барып башы бир атага биригет, ошол себептен кыргыз урууларынын ичиндеги тууганчылык байланыштын бар экенин эч ким четке кага албайт жана оозеки санжыралардагы кээ бир жагдайларга негиздеп уруулар ортосунда кандайдыр бир түшүнбѳстүктѳрдү жаратуу такыр эле туура эмес.


Алымбек КУРМАНБАЕВ
Чолпон-Ата шаары, 2022-жыл, Март айы.