VII Бөлүм

Орустун дагы бир белгилүү окумуштуусу Г.Е. Грумм-Гржимайло ɵзүнүн «Западная Монголия и Уранхайский край, том II, Исторический очерк этих стран в связи с историей Средней Азии», (1926г, Ленинград) деген эмгегинде минтип жазат: «Остается сказать еще несколько слов о крыле сол. Это крыло, населяющее, главным образом, бассейн р. Таласа, в своем родовом составе не имеет иноплеменных частей, которые свидетельствовали бы об его пребывании в Западном Тянь-Шане уже в монгольское время. Сопоставляя этот факт с известием о переселении осенью 1703 года енисейских киргиз на р. Талас {Что киргизы расселены были джунгарами не только в долине р. Или, но и в бассейне р. Таласа, явствует из показаний, опубликованных Лопшнияым в «Материалах для истории Сибири» («Чтения в И. Общ. Истор. и Древн. Росс, при Моск. Унив.», 1866, ÎV, стр. 80 и 101), которые относятся к двум различным событиям: прибытию киргизов в 1746 г. с р. Или в г. Семипалатинск, откуда они были засим в следующем году высланы обратно в Джунгарию, и бегству в 1755 году, совместно с телеутами и мингатами, очевидно совершенно другой части того же народа с р. Таласа в Алтай и на Саяны, в места их прежних кочевий.}, естественно прийти к заключению, что в крыле сол мы встречаемся с прямыми потомками этих переселенцев; неопровержимых этому доказательств привести, однако, нельзя {В «Си-юй-ту-чжи» (Imbaiilt-Huart—«Recueil de documents sur l'Asie Centrale», стр. 152) очень темно говорится об особой группе киргизов, живших некогда в долине р. Таласа и в момент составления книги насчитывавших 4000 семейств, т. е. ту же цифру семейств (кибиток), какая выселена была джунгарами с Енисея. «Си-юй-ту-чжи» составлялось при императоре Цянь-луне (1736--1796 г.г.). К какому же времени должно быть отнесено это «некогда», если не было забыто даже имя того бия, который стоял тогда во главе этих киргизов?}.

Подводя итог вышеизложенному о кара-киргизах, мы вправе вывести заключение, что киргизское ядро этого народа очень невелико. Аристов перечисляет всего лишь восемь костей: сару, етиген, мундус, кучу (кущу), ассык, каба, толёс и торго, которые могут считаться коренными киргизскими, но тут же приводит данные, которые заставляют нас вычеркнуть из этого списка последние шесть и между ними торго, как встречающуюся только у бугу и багышей, имеющих отличное от киргизов происхождение; с другой, однако, стороны, я присоединил бы к остающимся двум еще три кости, встречающиеся только у крыла сол: беш-берен, тонторюп и кюркюрен, ибо по вышеприведенным соображениям считаю эту часть киргизского народа наиболее полно сохранившей тот родовой состав, какой киргизы имели на Енисее».

Бул келтирилген маалыматтарга таянып, Н.А.Аристовдун ою боюнча саруу жана жетиген, ал эми Г.Е.Грум-Гржимайлонун ою боюнча аларга кошумча беш-берен, тонторюп жана кюркюрен (күркүрɵɵ) уруулары кыргыз журтунун негизин түзүшүп, кыргыз аталып, кийинки тарых булактарында алар кыргыз деп гана эске алынып калынган деген божомол чыгарса толук болгудай. Ошол эле убакта саруу уруусу аталган уруулардан айырмаланып, тарыхый булактарда арбын чагылдырылышын да белгилей кетүү абзел.

С.М. Абрамзон «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» (Бишкек, 1999-жыл) деген эмгегинде тɵмɵнкүдɵй маалыматтарды келтирет: «XVI кылымда эле, бир кыйла кийинки мезгилдегидей, кыргыздар оң канатка (оң) жана сол канатка (сол) бөлүнүшкөн. Бирок, эгерде XVI кылымда оң канат отуз уул тобуна жана Булгачынын тукумдары болгон уруу топторуна бөлүнсө, бизге бир кыйла жакыныраак мезгилде «отуз уул» деген ат менен кыргыздардын көпчүлүгүн оң жана сол канат бириктирип турган, ал эми Булгачынын тукумдарынан болгон уруулардын тобу, аларга кошулган башка уруулар менен бирге, ичкилик деп аталып калат.

Оң канаттын курамында Тянь-Шань кыргыздары үч тектеш тармакты: тагай, адигине жана мугушту бөлүп көрсөтүшөт. Булардын биринчисине алар төмөнкү урууларды таандык кылышат: сарыбагыш, бугу, солто, тынымсейит, саяк, чекир саяк, жедигер, черик, азык, багыш, моңолдор, баарын, суу мурун. Адигине тармагына жору, бөрү, баргы, кара багыш, сарттар уруулары кирген. Муңгуш тармагы жагалмай жана кош тамга деген эки бөлүктөн турган, булар да өз кезегинде бир нече урууларга бөлүнгөн. Коӊурат уруусу өз алдынча турган.

Сол канатка төмөнкү уруулар таандык кылынган: кушчу (кутчу), саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй жана чоң багыш.

Алыскы бир көөнө мезгилде болуп өткөн окуя, жогоруда айтылгандай, карыялардын эсинде калган. Алсак, жетиген тайпасынын пайда болушу жөнүндөгү уламышта (Куланак району, Тянь-Шань) Эдигенин да, Токтомушкан (Тохтамыш) менен Баракандын (Боракхан) да ысымдары айтылат, бул болсо уламыштын XV кылымдын отузунчу жылдарындагы, Могулстанды да кучагына алган окуялар менен байланышы бар экендигин көрсөтүп турат. Баса, жетиген уруусунун түпкү теги «Ногойго» таандык кылынат. Уламышта Баракан тарабынан Эдигенин үч уулу өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү каптаган каардуу кара тумоонун эскерилгени да кызык (1428—1430-жылдарда дешти. Кыпчакта чуманын катуу тарап турганы белгилүү).

Сол канаттын кыргыз урууларынын аттарынын ичинде бечине (пичине) деген этнонимдин бар экендигине көңүл бурбай коюуга болбойт, бул этноним бизди Тянь Шандан түндүк-батышты карай, өгүз чөйрөсүнө алып барат, анткени бул этнонимден орто кылымдардагы «печенег» этнонимин оңой эле көрүүгө болот; айрым бир кыргыз уламыштарында Балгар өлкөсү айтылат, айрым уруулар (жетиген, кушчу, күркүрөө) ушул өлкөдөн келишкен; XV кылымдарда Дешти Кыпчакта болуп өткөн окуялардын элестери карыялардын эсинде сакталып калган. XV—XVI кылымдардагы казак жана кыргыз урууларынын ногой уруулары менен жакын карым-катнашын айгинелеп турган тарыхый окуялар менен уламыштардын Чокон Валиханов алда качан эле белгилеген байланышы автор тарабынан чогултулган этнографиялык материалдар менен да ырасталып отурат. Бул материалдардын ичинде жетиген, чекир-саяк урууларынын «ногойлордон» (ногой, же астрахан ногой) тарагандыгы жөнүндө, кыргыздардын каракалпактар менен этникалык байланыштары жана башкалар жөнүндө уламыштар бар.

Ногой этникалык элементи Алтын Ордонун дооруна таандык. Ал элементтер бир катар кыргыз урууларын Дешти Кыпчактын өзбек көчмөн уруулары менен жана казак, каракалпак уруулары менен байланыштырып турат. Түндүк Кавказдагы ногойлордун урууларынын аттарынын ичинде онго жакыны кыргыздардын этнонимдери менен жалпы келет: найман, кыпчак, коңырат, катаган, уйгур, кытай ж. б.

Учурда ДНК генеалогия тармагында бир топ илимий эмгектерди жарыялаган казак окумуштуусу Ж. Сабитов озунун бир маегинде минтип айтат «по "Маджму ат-Таварих" та часть киргизов, которая спасалась от Тамерлана, бежала в Булгар». Азыркы учурда Башкортастанда кыргыз уруусу бар экендиги «Маджму ат-Таварих» теги маалыматтын чындыкка жакын экендигин толук далилдейт.

Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү жетигенди өз алдынча турган уруу деп эсептешкен эмес. В. В. Радлов жетигенди (Jetigän — етиген) сарыбагыш менен солто урууларынын уруктарынын ичине жана сол топторунун ичине кошуп атаган. Бул болсо ага жетигенди кыргыз «сөөктөрүнүн» бири катарында кароого негиз берген, ал сунуш кылган гипотеза боюнча алтайлыктар каны бирге туушкандардан турган 24 сөөккө бөлүнгөн сыяктуу кыргыздар да уруктарга бөлүнүү менен бирге сөөктөргө да бөлүнөт. Бул гипотезанын жаңылыш экендиги биз тараптан белгиленген болуучу, бирок өз убагында ал Н. А. Аристов тарабынан кабыл алынып, жетигенди (ал етиген деп атаган) кыргыз элинин оң эки «түпкү сөөктөрүнө» таандык кылган жана бул сөөк түшүнүгүнүн келип чыгышы динлиндик салт менен байланыштуу деген божомолун айткан (С.М. Абрамзон).

Бир кыйла кийинки авторлордун ичинен жалгыз Б.Ж.Жамгырчинов гана жетигенди өз алдынча уруу катарында карап, аны сол канатка таандык кылган: “1953—1955-жылдарда биз тараптан жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн материалдары жетиген толук өз алдынча турган уруу жана ал кушчу, саруу, мундуз жана башкалар уруулар менен бир катарда сол канаттын курамына кирген деп айтууга мүмкүндүк берет.

24 Октябрь 2023 в 19:42