IV Бөлүм

2018-жылы «ИП Эмилбекова» басмаканасында басылып чыккан Д.Сарыгуловдун калемине таандык «Горы и высокогорье-колыбель человечества антропосоциогенез и истоки Тюркской цивилизации. Глобальные проблемы современности и пути их решения» аттуу эмгекте байыркы түрк цивилизациясынын жылдыздарды таанып билүү билими ɵтɵ жогорку даражага жеткенин кɵрсɵтүлгɵн. Д.Сарыгулов ɵзүнүн бул китебинде окумуштуу В.Е. Ларичевдин эмгегине таянып мындай деген маалымат келтирет: «Судя по всему, видение в созвездии Большой Медведицы именно этого животного относится к эпохе мустье … этим обстоятельством можно объяснить очевидное проявление в духовной культуре неандертальцев так называемого культа медведи. … Созвездие Большая Медведица было одним из первых, которое человек выделил около 50 тыс. лет назад».

Орус окумуштуусу П.И.Лерха «Археологическая поездка в Туркестанский край в 1867 году» (Спб., 1870 г., стр.28) аттуу эмгегинде Талас аймагында табылган келбети жетиген жылдызын элестеткен дѳбѳлѳр жѳнүндѳ баяндайт. Окумуштуунун аталган эмгегинде тѳмѳнкүдѳй маалымат келтирилген: «В описании путешествия Чан Чуня, ехавшего здесь в 1221 году, по-видимому, перед Таласом, через который переехал он по каменному мосту, значится: «на западе есть большие насыпи могильные, расположенные, как звезды в Медведице». По мнению Лерха, тут идет речь о группе холмов, сложенных из местного крупного щебня, находящихся на востоке от Таласа, с правой стороны почтовой дороги из Аулиеата, известных ныне под названием Джеты-тюбе. По Калю, Джеты-тюбе - семь больших курганов, видных издалека, и 12 небольших, в 5-6 верстах на запад от гор Бота-Мойнак Алиалы (часть Александровского хребта), в 1 версте вправо от нынешней почтовой дороги из Аулиеата в Мерке, на полпути между Аулиеата и станцией Уч-булак, т.е. в 12 примерно верстах от Аулиеата. Все курганы эти круглы, конусообразны, со срезанными верхами, представляющими площадки, слегка вдавленные внутри. Все обнесены круглыми оградами, обозначенными на поверхности земли рядами речных валунов. Большие курганы имеют высоту в 4-5 сажен. Каль раскопал один из малых курганов, в 5-6 аршин вышины и до 150 шагов в окружности. Вся поверхность кургана была обложена крупным щебнем, толщиною в 2½ аршина. Широкая траншея, проведенная в насыпи с севера на юг, обнаружила только перебитые слои земли, золы, щебня и разбросанных человеческих костей, свидетельствовавшие о полном разграблении кургана».

Биз бул маалыматтан эмнени баамдасак болот? Жогоруда баяндалгандай, алгач жетиген деген термин кыргыздарга гана, тактап айтканда кыргыз элинин этностук пайдубалынын бири болгон жетиген уруусуна таандык болгон. Ошол себептен Таластан табылган жетиген жылдызынын келбетине окшогон дѳбѳлѳр кыргыздарга таандык болушу толук мүмкүн деген божомол чыгарсак болгудай. Илимий булактардан жакшы белгилүү болгондой, кыргыз урууларынын ичинен бир гана жетиген уруусунун аты жылдыздардын аты менен байланышкан. Кыргыздар ислам динин кабыл алганча кѳп убакыт Теңирге сыйынып келишкен жана күнүмдүк турмушунда асмандагы жылдыздарга байкоо салуу менен кѳп маалыматтарды алып турушкан. Ошол асмандагы жылдыздардын арасынан Чоң жетиген топ жылдызы байыркы кыргыздар үчүн ѳзгѳчѳ орунду ээлеген. Качан гана кыргыздар ислам динин кабыл алгандан соң жылдыздарга болгон ыйыктык ишеним акырындап жок болуп кеткен десек болчудай. Жогоруда келтирилген илимий маалыматтарга таянып, жетиген уруусунун ошондой эле Чоң жетиген жана Кичи жетиген деп аталчу топ жылдыздарынын аты Жети-кан деген сѳздѳн келип чыкканын баамдасак болот.

Кытайлык белгилүү санжырачы Төлөк Төрөкан уулу аксакалдын "Кыргыз Эл санжырасы" аттуу эмгеги (Кызыл-Cуу кыргыз басмасы менен "Улуу тоолор" басмасы биргелешип 2015-ж. чыгарган, 471 бет, кирилица жазуусунда) кыргыздын тарыхын биздин доордон беш миң жыл мурунку мезгилден баштап биздин доордун 17-кылымындагы окуяларды өзүнө камтыган экен: жалпы 7 миң жыл кыргыз тарыхы далилдүү, так келтирилиптир.

Бул эмгекке кирген "Кыргыз зар заман" деп аталганына чыгарманын аты эле айтып тургандай бул чыгармад байыркы тарых негизинен кыргыздын азаптуу, кайгы-муң, көксөө мезгил, доорлору баяндалат (китепте бир сүйлөм менен 150, 300, 700 жыл тынч, бейпил өттү деп гана көрсөтүлүптүр).

Ушул китептин «Кыргызия зар заман» баяны аттуу бѳлүмүндѳ келтирилген тѳмѳнкү ыр саптар жетиген деген сѳздүн жети кан деген сѳз менен байланышы бар болушунан кабар бергенсийт.

Жергелүү бүт кыргыз,

Жети Хан болуп куралган.

Аныктай айтсам Шумкартоо,

Атанар ошондо туулган.

Жергиликтүү эл элең,

Жети Хан кыргыз сен элең.

Ушул Толок Төрөкан уулу жазган «Кыргыз санжырасы» китебине камтылган кыргыз жети хан болуп куралган деген маалымат белгилүү Кытай тарых жазмачысы Сыма Цыяндын эмгегинде да чагырылдырылгандай. Сыма Цянь өз эмгегинде минтип жазган. «Три царства граничили с сюнну». Следующее упоминание сюнну в «Ши цзи» в связи с историей доциньского времени относится, судя по хронологии событий (которые рассматриваются ниже), к концу периода Чжаньго. В 110-й главе («Сюнну лечжуань») Сыма Цянь сообщает, что «в это время из семи борющихся царств, в которых носили шапки и пояса [установленного образца], три граничили с сюнну. Позднее, при чжаоском военачальнике Ли My, сюнну не осмеливались вторгаться в пограничные земли Чжао» (Сыма Цянь, 2002. С. 326).

21 Октябрь 2023 в 21:28