II Бөлүм

Эң алды, расмий маалыматты «Большой Энциклопедический Словарь» деген китептен келтирелик:

«Афанасьевская культура – археологическая культура эпохи энеолита (III – начало II тыс. до н.э.) в Южной Сибири, названная по могильнику у горы Афанасьевская в Хакассии. Хозяйство: скотоводство, охота, земледелие» .

«Андроновская культура – археологическая культура бронзового века (II тыс. до н.э.) в западной Сибири, Казахстане и Южном Приуралье. Назван по деревне Андроново около Ачинска» .

«Карасукская культура – археология конца бронзового века (конец II – начало I тыс. до н.э.) в Южной Сибири, Казахстане. Названа по реке Карасук» .

«Тагарская культура – археология железного века (VI – III вв. до н.э.) в бассейне верхнего и среднего Енисея. Назван по озеру Тагарский (Тоо-кар көлү) в пределах Минусинской котловины» .

«Таштыкская культура – археология железного века (I в. До н.э. – V в. н.э.) на среднем Енисее. Назван по реке Таштык» . Бирок, бир чындык бул маалыматтарда жаап, жашырылып, айтылган эмес.

Андронов кыштагы , Карасук, Таштык суулары, Тоо-кар көлү – баары байыркы кыргыздардын мекени – Хакассияда жайгашкан!!!

Албетте, КПСС доорунда бул беш маданиятты байыркы Кыргыз маданияты деп атоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Анткени, илимий чындыктан саясат дайыма өйдө турган. Ар бир маданият алгачкы табылган жердин аты менен аталган илимий мамилени сактап, аталган беш маданият байыркы Кара кыргыз урууларынын маданияты деп аталышы керек эле.

Бул маданияттарга мүнөздүү жалпы окшоштуктар катары аныкталган улут белгилери минтип айтканга толук негиз берет.

Аталган беш маданият төрт миң беш жүз жыл мезгилди камтып, илимде «дөбө» («курганная») маданияты деп да айтылат, себеби, көптөгөн окшоштуктардын катарында баарына таандык дөбө мүрзөлөрү болгон.

Бул окшоштук Сак менен Усун элдерине таандык дөбө мүрзөлөрүндө уланган.

Дөбө маданияттар жөнүндө кеңири маалыматты 1951-жылы Москва шаарында СССР илимдер Академиясы чыгарган «Древняя история Южной Сибири» деген көлөмдүү (642 бет) китептен алсак болот (баш редактору атактуу академик Киселев С.В.).Кийинки 60 жылда бул маалыматтар бир топ кеңейтилип, толукталды. Алардын арасынан орчундууларына гана окурмандын көңүлүн бурсак жетиштүү болоор.

Биринчиден.

Аталган беш маданият биринен бирине өтүп, бирдиктүү мүнөздөлүп, өзөктүү окшоштуктары даана аныкталып, Таштык маданияты кыргыздарга таандык болгон деп ачык эле айтылат .

«Теперь благодаря многочисленным находкам масок мы знаем, что этот процесс в основном протекал в таштыкское время, а это позволяет уже теперь говорить о таштыкской культуре как об основе развития культуры потомков динлин енисейских киргизов. Вместе это вполне оправдывается анализом киргизских материалов» - деп жазылат .

«Находки в таштыкских погребениях, а также и в древнехакасских каменных курганах, а также на древнехакасских стоянках позволяют утверждать наличие тесной генетической связи между таштыкской и древнехакасской культурой» .

«Это приводит к возникновению в таштыкское время основных черт, определяющих особенности внешнего облика среднеенисейского местного населения в кыргызскую эпоху и позднее» .

Следовательно, портретные погребальные маски позволяют сделать вывод очень большого исторического значения: они дают основание связать формирование современного хакасского населения со всей предшествующей историей Минусинской котловины. Они позволяют тем самым и преемников таштыкского населения, предков современных хакасов, енисейских кыргызов V-X вв. считать народом, сложившимся на этом этническом материале, который пережил столь сложные изменения в таштыкское время» .

Экинчиден.

Томпой менен чүкөлөр Афанас маданиятынан мурдагы доордо, Афанас, Андрон, Карасук, Тоо-кар, Таштык маданияттарына таандык дөбө мүрзөлөрдө көптөгөн санда табылганы жазылат . Карасук, Тоо-кар маданияттарында мүрзөлөрдө табылган томпой, чүкөлөрдө уруулардын эн тамгалары оюлган (баланча уруунун сөөгү жатат деп). Мүрзөлөрдө коюлган балбал таштарда да эн тамгалар чегилген (биринчи тиркеме). Бул тамгалар кыргыз урууларына таандык (Ай тамга, Айры тамга, Төмөн тамга, Куш тамга, Жаа тамга, Орок тамга ж.б.). Биринчи тиркеме – 44 бет.

Көп чүкөлөр тешилген (бүгүн да кыргыздар чүкөнү тешип, жип өткөзүп, бешикке байлап коюшат). Уйкусу канган баланы эмизип, оң колун бошотуп коёт. Ал чүкө менен ойноп, сологой болбойт (жоокерлердин катарында бир эле сологой болсо, бир топ тоскоолдуктарды жараткан: жаа тартканда, кылыч чапканда ж.б.).

Бүгүн да кыргыздар чүкөнү таза мүлжүп, өкчөп, ар кандай түскө боеп, ырымдап сактай беришет. Баланы бешикке биринчи жолу салганда да чүкө менен ырым кылышат.

Кыргыздын чүкө-томпойго негизделген 25 улуттук оюну бар .

Ордо, Упай оюндары кыргыздан башка дүйнө элдеринин биринде да жок.

Жапон, Түрк, Жөөт ж.б. көптөгөн элдерде томпой, чүкөнү «сөөк» деп аташат экен, орустар – «альчик» же «астрагал» дешет.

Кыргыз тилинде томпой менен чүкөгө байланышкан (мен билгенден) 35 сөз бар: сака, тапан, ордо, упай, үч тапан, чик, бөк, айкүр, таа, оңко, чоңко, абалак, ашык, үчэм, окчу, кийикчи, эңке, чыйбыт, койгут ж.б. (окурман бул тизмени уланта бере алат деп ишенем). Демек, аталган беш дөбө маданият кыргыздарга таандык, томпой-чүкө таш доорунан бери калыптанган кыргыз урууларынын талашсыз белгиси!!!

Үчүнчүдөн.

Андрон, Карасук маданияттарына таандык дөбө мүрзөлөрдө аялдардын сөөгү чач учтук менен коюлганы аныкталган .

Чоң энелерибиз XX кылымдын 50-60 жылдарына чейин чач учтук тагынып жүргөнүнө көбүбүз күбөбүз!!! Европа элдеринин биринде да мындай салт жок.

Төртүнчүдөн.

Кыргыз Эл байыркы Эл болгонунун талашсыз далили –белдемчиси. Ал топчу ойлонуп табыла элек доордо пайда болгонун билдирет.

Бешинчиден.

Андрон маданиятынан башталып, Карасук, Тоо-кар, Таштык, Сак, Усун дөбө мүрзөлөрүндө көптөгөн санда кемер курлар жана алардын калдыктары табылган .

Кыргыздар кемер курду XX кылымдын 50-60 жылдарына чейин кенен пайдаланган, андан кийин төкмө акын же манасчылар гана байланып калышты. Европа, орус, кытай, араб, өзбек ж.б. элдеркемер курду эгерим тагынган эмес.

Алтынчыдан.

Карасук доорунда боз үй пайда болуп, (б.з.ч. XII-VIII кк.) Тоо-кар маданиятында ал кеңири урунуп калганы айтылат .

Тарыхчы Кузьмина Е.Е. өз эмгегинде Андрон доорундагы үйлөрдөн боз үй пайда болгонун сүрөттөр менен далилдеп берген (экинчи тиркеме– 45 бет).

Ушул тиркемеде №№25,151 мүрзөлөрдө табылган жиликтери ажыратылган адам сөөктөрү көрсөтүлгөн (бул мүрзөлөр Алтайда казылган, алар биздин заманга чейин 1500-1300 жыл муруңку мезгилге таандык).

Белек Солтоноев минтип жазат: “Жоодон өлсө, этин шылып таштап, сөөгүн жерине алып келип көмгөн.” Бул салт кыргызда XVIII-XIX кылымдарга чейин сакталган.

Жетинчиден.

Андрон доорунда көптөгөн кыштактарда чагылган жиликтер табылган . Демек, жиликти чагып, чучугун алган салт б.з.ч. 2 миң жыл мурун эле пайда болгон экен!! Бүгүн да жиликти чагуу салты кыргыздан башка Европа, араб, перс, кытай ж.б. элдердин биринде да жок (кыргыздарга тектеш айрым Алтай элдеринде гана бул салт сакталышы мүмкүн).

Сегизинчиден.

Андрон доорунда мал чарбасын 36,7% - бодо, 16,7% - жылкы, 46,2% - кой-эчки түзгөнү археологдор тарабынан аныкталган. Бирок чочконун бир дагы сөөгү табылган эмес .

Демек, кыргыздар төрт миң жыл мурун эле чочко баккан эмес (бир жерден экинчи жерге чочкону айдап көчүүнү элестетип көрсөк, мунун себеби түшүнүктүү болот).

Тогузунчудан.

Дүйнө элдеринен кыргыздан башка бири да бүгүн бозо салбайт (атүгүл, тектеш казак, түркмөн ж.б. түрк элдери да). Таш доорунда, талаачылык жаңы эле өздөштүрүлө баштаганда, соконун учу таштан же сөөктөн жасалган.Ал жерди чийип кеткенге гана жараган. Мындай шартта арпа менен буудайга салыштырганда, таруу арбын түшүм берген, себеби, ал дан өсүмдүктөрдүн отоо түрүнө кирет (ал жаргылчакка тартылбайт, ун же талкан болуп бербейт).

Бабаларыбыз аны бозо аркылуу аш кылган: ток, күч-кубат берет, көңүл көтөрүп, ден соолукка да пайдалуу. Бозо – кыргыз өтө байыркы эл экенин талашсыз далили.

Онунчудан.

Саймалуу-таш сүрөттөрүндө тогол чегилген (б.з.ч. 2 миң жыл мурун). Ал сүрөттөр кайсы элге, кимге таандык болгон?

Алтай, Борбордук Азия элдеринин бири да, кыргыздан башка, тогол күндөрүн көрсөткөн жыл санагын бүгүн чыгарбайт жана пайдаланбайт.

Илгертен бери кыргыз тогол күндөрүн так эсептеп, билип, ал күндөрү көчкөн эмес, ашуу ашып, дарыя кечкен эмес, кыз алып, кыз берген эмес, ууга чыгып, аш-той өткөргөн эмес. Себеби, тогол күндөрү адамга, деги эле жандууларга өтө жагымсыз болгонун кыргыз таш доорунда эле жакшы биип, урпактары унутпасын деп, Саймалуу-таш сүрөттөрүнө чегип койгон тура. Тогол күндөрү бороон-чапкын болуп, тоо-ашууларга кар, жаан жайт, оорулуу адамдар өзүн начар сезет.

«Беш тогол болбой бел чечпейт» деген сөздүн сыры өтө терең.

Байыркы бабаларыбыз алтымышка жакын жылдыз жана жылдыз топторун жакшы билген. Эл оозунда айтылган сөздөр буга далил: «Үркөр батышта жерге жакындаганда – жаз келет. Үркөр жерге түшпөй жер жылыбайт. Жай чилдесинде Үркөр таң менен бирге чыгат. Жай бүтөөрдө Үркөр таң алдында чыгат, шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт. Күзүндө Үркөр төбөгө карай жылат. Ал чак төбөгө келгенде – кыш теңделет. Чолпон күн чыгаар алдында асманга чыкканда – жүк артуу керек».

Сумбула жылдызы «тууганда» - суу муздап, чөп ката баштайт.

«Сумбула тууп сүмпүйүп, ат семирээр күмпүйүп» (чөп жетилип, күчүнө толот, күн салкындап, чымын-чиркей жоголот), семирген малдын жүнү жылтылдай баштайт. Тараза жылдызы чыкканда таң сууйт, Чидер жылдызы көк жээктен көрүнгөндө - жай бүтөт. Ай чаңкалап жаңырса – кыш өтө суук, жай - өтө ысык болот. Тогол үч күн созулат. Биринчи күн – тогошот, экинчикүн – айыл конот, үчүнчү күн – өрүп чыгат. Ок жылдыз, куйруктуу жылдыз, Ак жылдыз, Сары жылдыз, Кызыл жылдыз, Жашыл (Кара күч) жылдыз, Жарык жылдыз, Бука, Тараза, Эгиз, Кыз жылдыз ж.б. далай жылдыздардын сырын билиш үчүн канча миң жылдар бою тажрыйба топтош керек эле!!!

Он биринчиден.

Афанас, Андрон, Карасук, Тоо-кар, Таштык маданияттарынын эң олуттуу окшоштугу – дөбө мүрзөлөр. Дөбө мүрзөлөр Сак, Усун доорлорунда уланып, Кыргызстан аймагында бүгүн да көп кездешет.

Атүгүл, Жапон элине да бир доордо таандык болгон.

«Затем, по японской периодизации, следует период Кофун, или курганов (300-710гг.) для которого было характерно возведение значительного числа курганов (около 10 тыс.). Археологи считают, что сооружение курганов было связано с культом гор и с культом предков» .

Тоолору бөксө Жапон аралдарында тоо ыйыктыгы кайдан пайда болмок эле?!

Бул дөбө мүрзөлөр кыргыздардан калганы Манаста айтылат:

«Сулаймандын тушунда,

Журт бузулуп ушунда,

Жабырга малын салыптыр,

Кытайдан качып кыйла журт,

Жапон болуп калыптыр.

Жайы жакшы болуптур,

Жапон атка конуптур,

Көтөрүш деген эри бар,

Сыймун Арал жери бар» деп чабарман Айдарга айтылат (Көкөтайдын ашы жөнүндө кабар айтууга жиберилгенде).

Кыргызга гана таандык бул салт Афанас доорунда башталып, төрт жарым миң жыл уланып, бүгүн кыргызга гана таандык топурак салуу салты болуп сакталып калган.

«Бир топурактан жаралып, бир топурактан жай табабыз. Мекенибиз бир, суубуз – каныбыз, жаныбыз бир, элибиз бир, тагдырыбыз, келечегибиз бир. Ата журтубуздун топурагы баарынан улуу жана ыйык. Акыры баарыбыз барып, башыбыз түбөлүк кошула турган жай ушул» - дегенди туюндурат. Топурак салуу – баардык таарынычтардан өйдө көтөрүлүп, араздашууларды токтотуп, күнөөлөрдү кечирип, ынтымакты чыңап, биримдикти бекемдөө салты.

Бул – бабаларыбыз бизге калтырган улуу мурас, ыйык салт.

16 Сентябрь 2023 в 22:28