III Бөлүм

Азия аймагында жыйырмадан ашык жер-суулар Манас деп аталган. Айрымдарына гана көңүл бурсак. Непал мамлекетинде бийиктиги 8128м. Манаслу деген чоку, Индия өлкөсүндө Манас дарыясы (Нарындан суу көлөмү алты эсе чоң!), Манас аттуу улуттук корук бар, аянты 50 миң га (Камруп чөлкөм, Ассам штатында).

Тибетте 4557м. бийиктикте Манас көлү бар, аянты 500 чарчы км. Батыш Кытайда Манас дарыясы агып, Манас көлүнө куят.

Кавказ тоолорунда Манас дарыясы агып, Каспий деңизине куят. Дарыя жэ гинде Манасавлан, Манасматаб, Манаскент аттуу шаар, айыл жана Манас курорту бар.

Алтайда Манас чоку, Манас келү бар. Индонезиянын борбору Жакарта шаарында Манас музейи бар. Бразилиянын түндүгүндө Манаус аттуу ири шаар бар (калкы 1млн. адам).

«Өзбекстандын Самаркан жана Сурхандарыя областарында жайгашкан Манас каналы Зарафшан дарыясынын чөлкөмүндө, б.з.ч. биринчи мин жылдыкта курулган. Зарафшан дарыясынан чыгарылган канал 300 кмге созулат. Ал орто кылымдарда, Тимурдун убагында да сугат маанисин жоготкон эмес. Секундасына 45м куб суу агат.

Батыштан - Кавказ, чыгыштан Непал, Кытай, Тибет, Индия ортосунан - Борбордук Азия элдери ыйык туткан даназалуу жер-сууларга, чоку- көлдөрге Манас бабабыздын ысмы качан, кайсы доордо коюлган?

Эмне себептен ар бөлөк динди туткан ар кандай улут элдери бирдей Манас аттуу чоку, көл, дарыяларды бүгүн да ыйык тутуп, таазим кылып журот?

Биринчиден, дүйнө диндери түптөлө электен кыйла мурун Манас ошол элдердин эс тутумуна кирип, сиңип калган.

Экинчиден, бийлик күчкө салып, зомбулук менен жер-суу, шаарларга койгон аттар өзү менен кошо өтүп, өчөт. КПСС кыйрагандан кийин Ленинград кайра Санкт-Петербург, Куйбышев-Самара, Фрунзе Бишкек, Пржевальск - Каракол аталганы буга далил.

Демек, Манас бабабыз элдердин эсинде жакшылыгы, айкөлдүгү, ыйман-адеп-аруулугу менен калган үчүн миң жылдар өтсе да анын ысмы коюлган жер-суулардын аты өзгөрүлбөй, ыйык болуп кала берген.

Өзбекстандагы Манас каналы б.з.ч. биринчи миң жылдыкта курулса, анда Манас бабабыз андан да мурда жашаганы талашсыз болуп жатпайбы!!!

Дүйнө элдеринин (кытай, жөөт, араб, перс, жапон ж.б.) биринин да түпкү бабасынын ысмы ушунча улуу, ыйык жер-суу-көлдөрдүн аты болуп коюлбаганы менен кыргыз бүгүн эмне үчүн сыймыктанбайт? Себеби, аны билбейт.

70 жыл бою КПССтин каардуу саясаты жүрүп, «Манас жомок» деп, үч муун элибизди ишендирип койгон.

Эгерде байыркы бабаларыбыздын тиешеси жана таасири болбосо, кайсы бир илгерки доордо (албетте, биздин заманга чейин!) айтылган жер-суулардын, көлдөрдүн аттары Манас деп коюлат беле? Албетте, жок.

Бу дагы кыргыз байыркы доордо эле түптөлүп, улуу эл болгондун талашсыз далили.

Ошол мезгилде кыргыз дүйнө элдердин алдында болбосо, бейиштин төрүндөй кооз, асыл жерлерге ээ болот беле? Бизге керемет тоо, суу, токой, кенге бай, абасы атыр жыттуу жерлерди Мекен кылып, мурастай алат беле? Албетте жок!

22 Сентябрь 2023 в 20:50