I Бөлүм

Кеңири белгилүү түрколог, археолог, чыгыш жана европалык бир нече тилдерди мыкты билген тарыхчы Александр Натанович Бернштам (1910- 1956-жж.) 1942-ж. 24-августта Ташкент шаарында «Кыргыздардын жана Кыргызстандын эң байыркы мезгилден моңгол басып алууларына чейинки тарыхы» деген илимий эмгегин коргоп, докторлук даража алат.

Бул эмгек басмадан биринчи жолу 56 жылдан кийин, 1998-ж.СССР урап, КПСС кыйрап, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин гана чыгат. Себеби өз убагында ал эмгекте КПССтин саясатына дал келбеген корутунду жасалган: «… кыргыз урууларынын пайда болушунун башаты, кыргыз элинин тарыхы – Афанасьев маданиятынын археологиялык эстеликтери боюнча байыркы кыргыз коомунун келип чыгышына негиз болгон динлин этногенезин талдоодон башталууга тийиш» .

«Кыргыздардын тарыхы эң эле байыркы замандардын тереңине, б.з.ч. IV миң жылдыкка барып такалат, бирок Енисей урууларынын тарых башталардан мурдагы басып өткөн жолу кыргыз урууларынын түзүлүшүнүн доору деп эсептөөгө болот».

Көлөмдүү (156 бет) эмгегинде атактуу окумуштуу жетиштүү маалымат менен өз оюн далилдеп берген. Ушул жана «Гуннулар тарыхынын очерки» деген эмгеги үчүн А.Н. Бернштам катуу сынга алынып, «олуттуу саясый каталар жасаган», «пантүркчүл» деген ж.б. айыптар коюлуп, лекция окуудан, археологиялык экспедициялык иштерден четтетилип, аёосуз куугунтукка учурап, 46 жашында дүйнөдөн өткөн. Докторлук диссертациясында кыргыздардын тарыхы б.з.ч. IVмиң жылдыкта башталганын далилдегенде атактуу тарыхчы-археолог негизинен Афанас, Андрон, Карасук, Тоо-кар жана Таштык маданияттарына таянат .

Демек, биз дагы окурманга ушул маданияттар жөнүндө учкай маалымат бербесек тарыхыбыз пайдубалсыз болуп калат.

16 Сентябрь 2023 в 21:49