Кыргыздын байыркы тарыхы

«Өткөнүн билбеген келечекке жол таппайт»

Бабаларыбыздын мурас сөзүнөн.

СССР доорунда КПССтин каардуу саясаты коомдук жана тарых илимдерине катуу таасирин тийгизген үчүн алар айрым учурларда акыйкаттан алыс кетип, чындыкты жаап, жашырып, кээде бурмалаганга чейин барганга аргасыз болгон.

Тарых илими КПССтин айткан-дегенине каршы тура албай, атүгүл алдын ала жалган болсо да, партиянын көз карашына ылайык кылып тарыхты «тазалап» келген.

«Кыргыз билимсиз, маданиятсыз, жапайы, сабатсыз, ынтымагы жок, араң эле XVI кылымда калыптана башталган эл. «Улуу агасынын» аракети менен капитализм доорунан аттап, социализм дооруна өтүп алды» - деген мааниде 70 жыл жүргүзүлгөн саясат үч-төрт муун кыргыз элинин аң сезимин ээлеп, жүлүнүнө, канына чейин сиңип, улуттук эс-тутумун талкалап, рухий бүтүндүгүн жок кылды, элдүүлүгүнөн кол үзгөн чекке жеткизип, тегин, тарыхын билбеген, эне тилин, салтын, наркын, дөөлөтүн, улуу мурасын сыйлабай, унуткан, Мекен тагдырына, улут келечегине кайдыгер караган маңкурттардын көбөйүшүнө алып келди.

Тарых илиминин даражалуу өкүлдөрү КПСС доорунда калыптанган көз-караштын чегинен чыга албай, Россиянын абройлуу тарыхчылары менен бүгүн да мамилелери бузулуп калышынан чочулап, кыргыздын байыркы тарыхын талашмак түгүл аны далилдеген далай жаңы илимий маалыматтарды терең изилдөөгө барбай жатышат.

Түрк каганаты доорунан баштап (552-744-жж.) кыргыздар жөнүндө далай тарыхый булактар, жазма маалыматтар калган. Ошол мезгилден XIX кылымга чейин кыргыз тарыхы бир топ илимий эмгектерде чагылдырган (албетте, аларда да тарыхыбыздын «ала» жерлери арбын). Бул баяндамада сөз биздин заманга чейинки, байыркы тарыхыбыз жөнүндө болот.

16 Сентябрь 2023 в 21:26