Жетигендин Кыргыз жерине – байыркы Мекенине келиши

Жетигендин санжырасын чоң атасы Эшен Каректен Ыбрайым молдо улап жазган экен. Акыркы улоочу Шадыбай уулу Жылышбай молдо 1922 ж. кайтыш болуптур. Санжыра агасы Курманаалынын колуна өтөт. Боронбай уулу Шадыбай бий болуптур. Анын уулу Курманаалы бай эки аялдуу экен.

Курманаалы уулу Адылбек – аксакал санжыраны алты чоң дептер жазып, сактап келиптир. Мындан нары маалыматтар ушул санжырадан кыскартылып алынды.

Кабылдан (сол канат) жалгыз Көбөш. Көбөштөн алты уул: Жайыл, Босого, Азгаалы, Кулунчак, Кандабас, Кара.

Жайылдан: Каратал, Каранай. Караталдан: Токтоболгу, Токтук.

Токтуктан: Катаган, Жетиген. Катагандан: Турсун, Шамей. Шамейден: Айдар, Жылкыайдар, Бээбайлар, Койайдар, Алакчын.

Жетигенден: Айдаке-баатыр, Ажыкемолдо, Кожоке-бий. Айдакеден: Атаке, Асаке, Эсеке, Мусаке. Ажыкеден: Алай, Жанай, Канай, Тынай.

Кожокеден: Караке, Кудаке, Качыке. (1-дептер, 11-бет).

«XVII кылымдын биринчи чейрегинин аралыгында эки бир тууган Катаган менен Жетигендин балдары Хан-Турсун, Шамей-Султан, Кожокебий элге бейпил кылып турушкан экен. Катаган, Жетигендердин туугандыгынан кечип, Эр-Эшим аларды чаап, кыра баштайт.

Кожоке бий 11 жаштагы уулу Каракенин атын Карек деп өзгөртүп, досу Юсуп менен Бухарага качырат. Ал жерде ишенимдүү адамдарына Каректи тапшырып, «өзүңөрдөй мударис болгуча окута бергиле, бул менин жалгыз Карегим. Жыл сайын келип турам» деп дайындайт. «Көп окуп, аз ойно. Тигил жакты көп ойлобо. Эч кимге сырыңды айтпа. Чыйрак жигит бол» деп кеп-кеңештерин айтып Аяш-атасы эртесинде кетет.

Карек 12 жыл окуп «Эшен» деген диний наам алат. Бир жыл мударис болуп иштегенден кийин Туркестан хандыгына жиберилет. Ал жерде Ханга кеңешчи болуп, балдарды окуткан мударис, ымамдын ишин аткарат.

24 жашында Эреше-бийдин күйөөсү өлгөн карындашы Маанисыя менен баш кошот. Билими, сөзмөрдүгү менен Эшен Карек ханына, элине жагат. Ошол Туркестан шаарында кырк жылдан ашуун жашайт, үч уулду болот.

Улуусу – Дайыр, ортончусу – Сааба, кичүүсү – Аббаз.

Окуткан балдарга кошуп, аларды молдо кылат.

Дайырдан: Сыдык, Сайкал, Жусуп.

Саабадан: Ыбырайым, Нусуп.

Аббаздан: Чекир.

Үч баласына өзүн окуткан мударистердин ысымдарын коет. Улуу эки баласын үйлөнтүп, Сыр-Дарыянын боюнан жер алып, чарбак карматып бөлүп, кичүү баласы Аббаз келини менен чогуу турат» - 1-дептер, 21,22,23-беттер.

«Татары, тюрки – потрясатели вселенной» (Безертинов Р.Н. ЦЭРИС, Новосибирск, 2001-ж.) деген китепте минтип айтылат:

«После смерти Тевеккель-хана в 1598г. ханский престол наследовал Есим (1598-1628гг). При правлении Есим-хана отдельные крупные казахские султаны стали фактически независимыми от него. Особенно выделялся среди них Турсун-Мухаммед, сын Джалим-султана. Он объявил себя ханом в Ташкенте.

… Факт одновременного правления двух ханов постепенно стал реальностью. Отношения двух казахских ханов со временем обострились и дошли до военных столкновений. В 1627г. в одной из битв Турсун-Мухаммед погиб от руки Есим-хана, однако хан Есим ненадолго пережил своего соперника. Он умер в 1628г.» - 387-388-беттер.

Хан Турсунду өлтүргөндө Кожоке бийдин Карек аттуу баласы 11 жашта болсо, анда туулган жылы 1616-болот. «Эшенкарек Туркстан ханына кеңешчи болгондон кийин, мурдагы кеңешчилери чакырылбай, хандан алыстап калышат. Эшен келгени хан бизди кеп-кеңешке чакырбады, буга бир быкый таппасак болбоду дешет» - 1-дептер, 23-бет.

Кутум уюштурушуп, Эшен Каректи хандын каарына калтырып, өлтүрүшөт. Дайыр, Сааба, Аббаз балдарын да уу берип, өлтүрүшөт.

Жасоолдор Эшен Каректи алып кеткенге келгенде: «Даарат алып, намазымды окуп, кепинимди кийейин» деп чай кайнамга уруксат алат.

Ошол убакыттан пайдаланып, кемпирине керээзин айтат. «Хан каарына калды» деген сөз тукум курут болот дегенди билдирет.

Бизди кырсык чалды… Түндө түшүмдө үч уулум, мен төртөөбүз түпсүз кудукка түшүп кеттик. Неберелеримди карасам, бешөө беш тарапка качып баратат, бирок үчөө эле даана көрүнүп, экөө чала-була көрүндү! Кандай болсо да, бүгүн түндөн калтырбай беш неберемди качыр, үч күнгө чейин күндүзү жүрбөй, жашынып жатып, түндөсү качышсын.

Ата-бабаларыбызды колдогон Жетиген жылдызын маңдайына алып, түндүк-чыгышты карай жүрүшсө кыргызды табышат. Уругун Жетиген деп улашсын» - 1-дептер 21-36-беттер (бул жерде өтө кыскартылып берилди, толук баян 21-36-беттерди ээлеген).

«Эшен Каректин үйүн тинтип, кол жазмаларын өрттөп жиберишет. Бир топ күн неберелерин издеп, таппай калышат.

Балдар бир канча күн жүрүшүп, тоо этектей конгон казак айылына келишет. Андан чыгып казактын Түлкүбаш деген жерине келгенде кар калың жаап, кыш түшүп калат.

Жазга чейин бай казактын малын багышат. Ошондо Сыдык – 18 жашта, Жусуп -16 жашта, Ыбрайым – 16 жашта, Нусуп – 14 жашта, Чекир – 12 жашта экен. Сыдык менен Жусуп бир короо кой, Ыбрайым бир бада уй, Нусуп – 10 ат багып, Чекир от жагып, күл чыгарып, жаны тынбайт.

Жазга жете бир дагы баш малды чыгым кылбай, түгөл багып, байдын алкоосуна татыктуу болушат.

Жаз келгенде балдар менен байдын ортосунда чыр башталат. Байдын бойго жеткен кызы менен Сыдык баш кошуп, кыздын боюна бүтүп калганы билинип калат. Сыдык казакка күйөө бала болуп калат.

Акысын алган Ыбрайым, Нусуп жолго чыгышат. Бир туугандары менен коштошоордо бизден эстелик болсун деп булактын башына бирден теректин чырпыгын сайып, кучакташып, Сыдык менен Ыбрайым ыйлап жиберишет. Ал жерде кийин Беш-Терек деген чоң кыштак пайда болот.

Жусуп агасына бирге качалык десе, ал «бизди кармап өлтүрүп коюшат. Чекирди ээрчитип кете бер» дейт.

Агасына таарынган Жусуп түнү менен жолго чыгып, ат чабыштан келе жаткан бир топ атчан казактарга кошулуп, албан уруусуна сиңип кеткени кийин имиш болуп айтылат. Сыдык казактын Кызыл-Бөрк Кызай уруусун түзөт. Чекир саяктын Жанболот жортуулчусуна туш келип, ал алып барып элине молдо кылат.

Кийин ошол Чекир молдодон тарагандар Чекир-саяк уруусун түзөт. Ыбрайым менен Нусуп тоо арасындагы кыргыздарга келип, молдо болушат. Бир жылдан кийин Ыбрайымды Көкөн калаасына алып кетишет. Ал жерде балдарды окуткан мударис жана имам болуп иштейт.

Күйөөгө алты ай мурун турмушка чыгып, күйөөсү менен Көкөндө жашап жаткан Дайырдын кызы Сайкалга кокус жолугуп калат.

Сайкал эжеси: «Чоң атамдын жети барча кагазга жазылган кол жазмасы калыптыр, бизге арнап жазганы болуу керек» деп берет. Ыбрайым окуп көрсө, жети атабыздын санжырасы болуп чыгат. Чоң добул түшүп жатканда төрөлгөн Добулбек бабабыздын жети атасы жазылыптыр. Добулбектен эгиз Кабыл, Абыл, Кабылдан (сол) – Көбөш, андан Жайыл, андан Каратал, андан Токтук, андан Жетиген.

Жетигенден Кожоке, андан Эшен Карек. Эшен Каректен: Дайыр, Сааба, Аббаз. Дайырдан: Сыдык, Сайкал, Жусуп.

Саабадан: Ыбрайым, Нусуп. Аббаздан: Чекир. Нусуптан Молдоийрек, Дервиш

– Нарындагы Жетигендер.

Чекирден – Чекир-саяктар.

Чекир-саяктын урпактарында Ногой уулу (Үч куртка – Кудайберди - Ак Кабак – Ногой уулу), Маңгыт (Түгөл-Маңгыт), Маңгыттан Катаган Казыгул, Сүйөркул ысымдары бекеринен эмес. Байыркы бабаларын эстеп, аты өчпөй, айтылып жүрсүн деп Ногой, Маңгыт, Катаган ысымдарын сактап калышкан. (Абрамзон С.М.Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер, Бишкек, «Кыргызстан», 1999-ж. 674-бет, 6-сүрөт).

Кушчу Кудайберди (сабатар) Коконго барып, кат тааныган молдо сурайт (балдарды окутканга). Үй-бүлөсү жок деп, Ыбрайым молдону ылайык көрүп беришет»-1-дептер, 33-34-35-36-беттер. (кыйла кыскартылып берилди). Ыбрайымдан Кушчу Күңгөй дегендин Сары кызынан Кыбал, Кыргый эки уул төрөлөт.

Чекир-молдо саяк элине барып калганын себеби төмөнкүдө. Закиров Сапарбек «Кыргыз санжырасы» аттуу китебинде (Бишкек, 1996-ж.) минтип жазат:

«Муратайдан – Жусупбек. Андан Абдырайым Эреше-хандын кызы Манисага үйлөнөт. Андан Байысбек төрөлөт… Көп узабай, Абдырайым 100 өлүп, Байысбек жетим калат. Байысбектин энеси Мааниса-айым жети жыл жесир бойдон каралуу отурат, кийин Эшен Карекке турмушка чыгат» - 414 - бет (кыскартылып берилди).

Кожокулов Асанкулдун санжырасында:

«Байысбек карыганда неберелерин чакырып алып: «Мен атадан жаш жетим калып, эки жашымда энемдин багуусунда калдым. Менден жалгыз Кааба. Кабадан силерсиңер. Чоң атам деп мени сыйласаңар энем Маанытай, өз атамдан кийинки тутунган атам Эректен (Эшен Карек болушу керек) кабар алгыла дейт.

Байболот жортуулчу аттанып Коконго барса Байысбек кеткенден кийин молдо Эрек менен Маанытай өлүп, Ыбрайым, Нусуп, Сыдык, Жусуп, Чекир деген беш бир тууган жетим калган экен»-174-бет.

Демек, Байысбек менен Эшен Каректен туулган Дайыр, Сааба, Аббаз, алардын балдары, Сыдык, Жусуп, Ыбрайым, Нусуп, Чекир энелеш бир тууган болгон (Мааниса – Маанитай чоң апабыздан).

* * *

Санжырачылардын далайы (бары эмес) санжыраны өз уруусуна тартып айтат деген сөз бар. Бул негиздүү сөз. Мен аны эске алып, санжырага өз оозумдан бир сөз кошпой, XVI-XIX-XX кылымдарда өткөн окумуштуу, илимпоз, тарыхчылардын айтып, жазып калтыргандарын гана келтирдим жана эпостордо айтылгандарды эскерттим.

Абулгази, Андреев, Левшин, Валиханов, Аристов, Бартольд, Солтоноев, Бернштам, Абрамзон, манасчылар Сагымбай, Саякбай ж.б. айтып, жазып, дегендерине менин кыпымдай да таасирим болбогону айдан ачык, талашсыз го.

Демек, улуу муун өкүлдөрүнүн калтырган маалыматы бирдей болгону – чындыктын талашсыз далили катары кабыл алууга бизди аргасыз кылат.

Кыргыз эл ээсинде Эр Манас, Эр Төштүк, Эр Табылды, Эр Солтоной деп төрт эле ысымга Эр деген наам ыйгарылганы белгилүү. Казак элинен чыккан Эр Таргын Едигейдин урпагы деп тарыхта жазылыптыр.

Ыбрайым молдодон Кыбал, Кыбалдан – Байсейит.

Байсейиттен – Эр Солтоной.

Чекир молдонун урпактары – Тайлак батыр, Тоголок Молдо, Музооке, Кудайберген комузчу ж.б. атактуу адамдар. Ыбрайым молдодон далай баа- тырлар тараган, эл жүгүн аркалаган Чыныке-бий, ХХ кылымда эле академик Болот Юнусалиев, акындар Сүйүнбай Эралиев, Турар Кожомбердиев, Субайылда Абдрахманова белгилүү актер Сүймөнкул Чокморов, Гинесс китебине кирген каскадер Үсɵн Кудайбергенов, коомдук ишмерлер Арстанбек Дюшеев, Амангелди Муралиев, акын аткаруучу Түгɵлбай Казаков, ж.б. белгилүү ысымдарды айтып, уланта берсек болот.

08 Ноябрь 2023 в 18:03