Ногой эли жөнүндө учкай маалымат

Манас» энциклопедиясында (Бишкек, 1995-ж.) минтип айтылат: «Ногой – эпизоддук кейипкер. Манастын чоң атасы. Ногой кан «Манас» эпосунун бардык варианттарында туруктуу түрдө айтылат. Ч.Валиханов жазып алган эпостун үзүндүсүндө Көкөтөй Ногой элинин аксакалы болуп баяндалат. Айрым варианттарда (Сагымбай Орозбаков): «Ордосу Талас, башы Чүй, Ногойдун жүз миң үй болгон (СО, 1.178,117) – деп сүрөттөлөт. … Эпосто Ногойкан Манас баатырдын чоң атасы аталат да, өз мезгилинин баатыр адамы жана уруу аксакалы катары сүрөттөлөт».

«Ногойлор» - этноним. 13к–дын экинчи жарымындагы Алтын Ордонун аскер башчысчы Ногойдун бийлиги алдындагы монгол-түрк урууларынын жамдама аты. …»Манас» эпосунун кийинки варианттарында Манаска ынтымакташ кандардын бири кара ногой Жамгырчы, ал Манастын көп жортуулдарына (анын ичинде Чоң Казатка) катышат. Айрым варианттарда анын атасы Эштек Манастын таятасы деп айтылат. Жамгырчы казак-ногой эпосторунда ногой мырзасы катары кеңири белгилүү. Тарыхый адам Жамгырчы Ногой ордосунун эмири Эдигенин чебереси. Кээ бир варианттарда Ногой Манастын чоң атасы катары айтылса, айрымдарында уруусу катары сүрөттөлөт»- 124-125-беттер.

«Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу мектеп мугалимдерине, жогорку окуу жайларынын студенттерине окуу куралы катары жазылган китепте (Дооронбекова Р, Мокрынин В., Плоских В., Бишкек, Илим, 1993-ж.) минтип жазылат: «Эпостун көп окуяларынын биринде жаш баатыр (Манас) атасы Жакыптан өздөрүнүн каяктан чыккандыгы жөнүндө сурайт. …Эпостун өзүн барактап көрөлү:

Чоң атаң аты Ногой деп,

Каратып турду Кашкарды,

Кара шаарга жеткенче,

Хан атаң Ногой башкарды.

…Балам, бабаң Ногой тушунда,

Согушкандар сойлогон»-94-95 беттер.

«Манас» - историко-культурный памятник кыргызов», (Бишкек, «Кыргызстан» 1995-ж.) аттуу китебинде белгилүү изилдөөчү Молдобаев И.Б. минтип жазат:

«Первое упоминание, если не об эпосе «Манас» то, по крайней мере, о Манасе и его сыне в русской литературе начинается со сведений некоего майора Г.Франела (1849г.), бывшего в то время приставом русского правительства при большой кыргызской орде.

По его рассказу, здешние кыргызы почитали себя потомками ногайцев, будто бы кочевавших тут до них… Причем Манас и его сын Семетей названы выходцами из племени ногаев, что также соответствует материалам некоторых полных вариантов эпоса» - 10-бет. «Ч.Валиханов проявлял большой интерес к проблеме происхождения кыргызского народа. Об этом свидетельствуют следующие строки из его «Записок о киргизах»: «Удивительно также то, что в преданиях в своих о Манасе, герое ногайском, они с древнейших времен ставят себя в Андижане» - 11-бет.

«Ч.Валиханов верно отмечал связь кыргызов с ногайцами, что отражено в поэтических строках «Манаса», записанного им. Вероятно, до знакомства с эпосом он не думал, что кыргызы, как и казахи, имеют отношение к ногайскому народу;

При этом он (Ы.Абдырахманов) ссылается на начало седьмой части сагымбаевского варианта «Манаса»:

«Казак, кыргыз уругу,

Кабылан Манас улугу

Бабасы улук Ногой хан

Баштагынын жомогу…» -46-бет.

«Так, обратимся к сводному изданию эпоса, где в эпизоде обращения Чубака к Бакаю говорится следующее:

Ногойдон Манас, нойгут мен,

Ойлонгун, Бакай, муну сен!»-157-бет;

«По сагымбаевскому варианту эпоса, генеалогическое древо самого Манаса излагается следующим образом: Кара хан – Угузхан – Аланча хан, от него Байгур и Уйгур. От Байгура – Бабырхан – Тубёй – Кёгёй, от него – Ногой, Шыгай и Чыйыр. Затем от Ногоя Орозду, Усен, Бай, Жакып. От Жакыпа Манас… В эпосе есть строки, когда Манас называется выходцем из огузов:

«Кырк уруу кыргыз элек, Кырда мал багып, Кылган ишибиз агып, Кыйлага ырыс элек. Тогуз уруу кыргыз калдык, Көкөтөйдүн ашы деп, Тополоңду жаман салдык. Катарында казак болду, Калгандарга аш деген азап болду, Угуз уулу Манаска мазак болду».

Судя по этим строкам, кыргызы вначале были сорока племенными, затем их осталось девять. Причем, Манас в данном случае называется Огузом» - 161-бет.

«Сам Манас по основным вариантам эпоса –выходец из ногоев. Судя по некоторым строкам «Манаса», ногой является синонимом слова «кыргыз». Из ногоев происходят и другие эпические герои – Жамгырчы, Эштек и другие. На Алтае, где родился и провел свое детство Манас, соседями ногоев, или кыргызов, называются монголы:

Аттарды таптап минүүгө

Айлымда кыргыз аз болуп,

Кордугун көрүп кытайдын,

Конушун кошпой куруду,

Коңшу болуп маңгулга

Кор болду ногой уругу» - 186-бет;

«В этом плане мы можем сослаться на казахский эпос «Эр Таргын». Главный герой эпоса – Таргын выводится из кыргызов, живших в эпоху кыргызов» -191-бет;

«В эпосе отражено немало этнонимов, названия которых в прошлом входили в родоплеменную номенклатуру кыргызов и казахов: кыпчак, конурат, катаган, жедигер, каңгы, дуулат, ногой, алакчын, сары, уйшун, абак, албан и др.» - 135-бет.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган Эл аралык илимий конференцияда (Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии», Бишкек, «Кыргызстан», 1995ж.) тарых илиминин доктору Каратаев О.К. минтип баяндады:

«Ногой этноними «Манас» эпосунда, анын бардык варианттарында эскерилүү менен бирге, Манастын генеалогиялык санжырасында айтылат»-40-бет.

«В 360 году н.э. когда угузы завоевали Рим, во главе 7 родов – ногоев, башкиров, чувашей, эштеков, мунапысов, кыятов, канлы – стоял Желден бий, иногда его называли «Семиголовый» Желден.«Он был из рода ногоев»- деп изилдөөчү Омуралиев А. «Эпос «Манас» есть история кыргызов или тюркоязычкых народов», (Бишкек, 1995-ж.) аттуу китебинде айтат – 36-бет. Закиров Сапарбек «Кыргыз санжырасы» аттуу китебинде (Бишкек, 1996-ж. минтип жазат:

«…Орунтаев Качкын 1906-жылы, Ысык-Көлдүн Четбайсорук айылында төрөлгөн. Качкындын атасы – Орунтай чоң санжырачылардан болгон. Качкын Орунтаев Ысмайыл, Айткулу, Акматалы, Сөлпү, Шааке, Самыкбай – деген санжырачылардан да санжыра жыйнаган.

…Качкындын санжырасында – Кыргыз Мухамбет пайгамбардан 3400 жыл илгери туулган (демек, биздин заманга чейин 2830-жылдары, коло доорунан мурун, Афанас маданияты мезгилинде – Сарыгуловдун толуктамасы).

Кыргыздан – Каадамбек. Андан: Үрүстөмбек, Арстанбек. Арстанбектен – Алчынбек, андан – Тоорук хан, андан Барак хан, андан –Кара хан, андан – Төбөй, андан – Көгөй, андан – Ногой. Ногойдон: Орозду, Нойгут, Көкчөгөс, Көзкаман.

Ороздунун он уулу болгон. Анын төртөө белгилүү: Үсөн, Бай, Улаккан, Жакып. Байдан – Бакай, Улак кандан – Сыргак, Жакыптан – Манас, Ороздун бир тууганы – Нойгуттан: Акбалта, Шыгай. Акбалтадан – Чубак, Чубактан – Бекчоро, Бекчородон – Тегизбек, Тегизбектен – Жайыкбек, Жайыкбектен – Көкүшбек…» - 412,413-беттер.

«Орхон-Енисей жазуусундагы отуз татарлар менен азыркы татар – ногойлордун айырмасы да асман менен жердей. Монгол бирикмесине кирген татарлардын тили ойрот, бурят, калмак тибинде болсо, кыпчак диалектисинде кирген татарлардын тили балкар, карачай, башкыр, кыргыз, ногой тибинде». - 281-бет.

Атактуу тарыхчы, академик «Бартольд В.В. (1869-1930) «Избранные произведения по истории кыргызов и Кыргызстана» аттуу эмгегинде (Бишкек, «Шам», 1996-ж.) минтип жазат:

«В киргизском эпосе часто упоминаются ногайцы; по- видимому, даже главному герою, Манасу, приписывается ногайское происхождение… Так по Радлову; у Валиханова Манас назван «владетелем ногайцев», в ХХв. у сказителя Орозбакова Манас – внук хана Ногоя, родоначальника «всей ханской семьи Манаса» - 251-бет.

«Из истории казахов» (Составитель Е.Аккошкаров) Алматы, Жалын, 1997-ж. Ч.Валиханов «Киргизское родословие» аттуу бөлүгүндө минтип айтыптыр: «Дикокаменные киргизы, живущие в горах и долинах Иссык-Куля, говорят, что все почти кочевые народы среднеазиатских степей все древнее приписывают ногаям и многие почитают их своими предками. Так говорят каракалпаки, дикокаменные киргизы, которые, судя по скудным фактам истории этого народа, особенного родства и соседства иметь не могли» - 14-15-беттер.

Эми Ч.Валихановдун 5 томдон турган эмгектер жыйнагына кайрылалык (Алматы, 1985-ж.) 2-том:

«Собственно же поэма эта имеет предметом своим описание подвигов ногайского мирзы батыра Манаса. Сами киргизы и казахи представлены в ней в виде двух соседственных и дружественных с ногаями, но отдельных народов.

Ногайцы, надо сказать, в преданиях всех нынешних среднеазийских кочевников: кайсаков, киргиз и каракалпаков, занимают почетное место». – 60-бет.

«Поэма «Манас» собственное романтическое произведение киргизского народа, имеет, как мы уже заметили выше, героем ногайского батыра Манаса.

В преданиях дикокаменных киргиз ногайцы кочуют по Чу, Таласу и на озере Иссык-Куля» - 61-бет.

Белгилүү комузчу, аткаруучу Абдырахманов Нурак (мундуз уруунун урпагы) «Улуу баян. Кыргыз жана Арий-Тураний калктарынын тарыхынан маалымат наама» аттуу китебинде (Бишкек, 2007-ж.) ногойлор жөнүндө минтип жазат:

«Манас» дастанында Манастын эли гана «ногой» деп аталбастан, Манастын өзү дагы «Кара Ногой баласы» деп айтылат. Санжырачылар дагы Манастын аталарын Ногой хандан таратышат. «Манас» дастанында Ногой тайпасы Таласта турганы айтылат.

Бүгүн кыргыз жергесинде ногой аталган уруу жок экендигинен улам дастанчылар менен санжырачыларга Манастын тегин Ногой элине жармаштыра салышына эч кандай шылтоосу жок эле. Демек, ал кабар тарыхый чындык болгон үчүн, элдин эсинде ошол боюнча сакталып жана айтылып калгандыктан гана манасчылар Манас бабабызды алыстагы ногойлордун өкүлү катары даңазалап калгандыгын тана албайбыз.

…Кырымдагы Ногойлордун эн тамгасы (биз «азык тамга» дейбиз) орто кылымдагы түргөш кагандыгынын эн тамгасы менен такма-так дал келиши… Биз «азык тамга» деп атаган ал тамганы бүгүнкү күнү Кырым ногойлору өз эн тамгасы катары тутунары тарых илимпоз Каратаев Олжобайдын «Кыргыздын этно маданий байланыштарынын тарыхынан» (Бишкек, 2003-ж.) деген эмгегинде дана тастыкталган. Ал тамга « » болуп белгиленет.

…Ошол Манастын элинен келген үчүн бул уруудан Музооке, Тоголок Молдо, Сагынбай баштаган манасчылар чыгып жаткандыгы байкалат»- 461,465,468-беттер. «Ошондой жагдайлардан улам Сибирдеги «аз» тайпасына хан болгон Ногой хандын себебинен байыркы «Аз» тайпасынын аталышы тарых даректеринен өчүп, ал тайпа кийинки даректереде «Ногой эли» болуп айтылат»-489-бет.

Талас жетигендер өзүнүн «бакан» эн тамгасын ХХ кылымдын аягына чейин урунуп, сактап келишти. Ал тамга «бакан» өңдүү белгиленет « » – мукабанын ичиндеги 3,5,8-сүрɵттөр.

«Асман менен жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөндөй!

Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй

Алды калың кара жер,

Манаска жерлигинен түткөндөй» деп манасчылар айтканы эн тамга менен шайкеш, үндөш болуп турганы бекеринен эместир!

Кыргыз журтунун кереге-ууктарын бириктирген ыйык түндүгүн көтөрчү баканды эн тамга кылган улуу сырды тарых далай жолу тастыктап бербедиби…

Тынышпаев Мухамеджан (1879-1937) «История Казахского народа» аттуу изилдөөлөрүндө (А.Такенов, Б.Байгалиев, Алматы, «Санат», 1998-ж) төмөнкү мааламаттарды келтирет:

«Теперь обратимся к народным преданиям. По вопросу о происхождении «казаков» Левшин приводит 7 преданий; причем по двум преданиям «казаки» происходят от ногаев, по третьему – от сибирских татар (тоже ногаев)»!!-118-бет; «Киргизский поэт Мурат Монкин, умерший в 1906 году, в песнях «Уч-Кыян», «Каз-Туган»,«Аттен бир кафы дуние», Карасай и Казы» воспевает исключительно потомков ногайского мурзы Едиге Бия: Мусу, Ямбрчы, Сейдака, Шах Мамая, Орака, Смаила, легендарного батыра Естерек-улы эр Таргына и т.д.

…Всего лет 30-40 назад знаменитые киргизские акыны пели под аккомпенемент домбры старую песню о том моменте, когда был убит Ормамбет-бий (потомок Едыге) и 100000 ногаев разделились (на две части)» -119-бет.

«…об Едиге и Козы-Корпеш существуют, приблизительно, одинакового содержания легенды у кыргыз, ногаев, каракалпаков, крымских, казахских, сибирских татар, на Северном Кавказе – и даже на Алтае» - 120-бет.

«У ногаев же кровопролитные междоусобия за власть продолжались более полвека. 18 летняя борьба Ормамбета и его братьев (сыновья Динахмеда) с сыновьями Шах-Мамая, Оруса и Тынбая окончилась гибелью Ормамбета.

Эр Таргын был сыном Естерека Динахмедова (потомка Едыге в пятом поколении)» -141,150-беттер;

«Брат Касым-хана казахского Джадек … погиб в Ургенче в 1583 году в сражении с Шагим Мурзой, потомком знаменитого Едыге-бия» -175-бет.

08 Ноябрь 2023 в 17:22