VIII Бөлүм

...

Британиянын атактуу тарыхчысы, археологу Чайлд Гордон XX кылымдын башында (1920-жылдары) «Арийлер» - деген китеп жазган экен.

Ал орус тилине которулуп, 2007-ж. Москвада басмадан чыккан. (Чайлд Гордон, Арийцы, Основатели европейской цивилизации, Москва, 2007г.)

Бул эмгегинде атактуу тарыхчы арийлер жөнүндө минтип жазат:

«Даже самые первые арии уже поклонялись по крайней мере одному божеству, Небесному Отцу…» (14-бет).«… существование у них культа персонифицированного Отца Неба является свидетельством того, что они находились на относительно высокой стадии интеллектуального развития» (106-бет).

«… они знали только три времени года – зиму, весну и горячее лето, но не имели названия для времени сбора урожая, осени» (109-бет).

Демек, мал чарбачылык жүргүзүшкөн.

«… встречается только термин для обозначения дикого кабана» (109- бет) (чочко кармаган эмес).

Алар балык жешкен эмес, эшек минген эмес (116-бет), арстанды билген эмес, деңизди көргөн эмес (тилинде андай сөз жок), тоолуу, токойлуу, дарыялар көп жерди мекендешкен (117-бет), Афанас, Андрон маданияттарын жараткан (267-бет).

Өлгөндөрүн өрттөп, дөбө мүрзөлөрдү курган (42-бет).

Кляшторный С.Г., Султанов Т.И. «Казахстан. Летопись трехтысячелетий» деген китепте минтип жазышат (Алматы, «Рауан», 1992г.):

«Горы Хукарья хорошо известны ариям, там истоки Ардви и Датьи, там обитель Богов» (25-бет).

«Река Ардви – Аму-дарыя, Датья – Сыр-дарыя, а Хукарья – горная страна Памиро-Алая и Тянь-Шаня» (25-бет). Аму-дарыя менен Сыр-дарыянын башталган жери – Памир-Тянь-Шань тоолорунун төрү, кыргыздын жери болуп жатпайбы!

«Арии Казахстана и Средней Азии закончили свое существование под этим именем в начале I тыс. до н.э.»

Преемниками Ариев в Великой степи стали их потомки – Сакии Савроматы» (31-бет). Сак – арийдин урпагы деп жазып жатышат.

Атактуу тарыхчы-археолог А.Н.Бернштам минтип жазат: “...на сыртах Тянь-Шаня в долине Арпа на высоте 3200 м. над уровнем моря... андроновцы кочевали ещё с конца II тысячелетия до н.э. Они были обитателями не только степей и пойм рек, но и гор, где невозможно было земледелие.

Широкое распространение памятников андроновской культуры вызывает предположение, что андроновцы являлись теми «пастухами-скотоводами холодного Севера», которые, согласно Ведам и географии Авесты, были ариями, т.е. завоевателями Индии во II тысячелетии до н.э., как это признают все, включая Сикха и Банерджи.

Особенно большой размах приобрел процесс вторжения ариев при саках, когда было начато широкое использование коня.

... Это предположение также говорит в пользу того, что андроновцы и саки были ариями, пришедшими с севера и завоевавшими Иран, Афганистан и Северную Индию.» .

«XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз жеринде болуп кыргыздарга антропологиялык изилдөө жүргүзкөн Н.Зеланд деген доктор ... 1885- жылы «Кыргыздар» деген китепче чыгарат да кыргыздар «по всей вероятности арийского происхождения» (50-бет) деп берет.»

Кыргыздар XX кылымга чейин балык, чочко жеген эмес, эшек миңген эмес, Көкө-Теңирге сыйынып, арбактарды ыйык туткан.

Афанас, Андрон маданияттарына түздөн-түз тиешеси болгонун археология жана этнография белгилеринен күбө болдук.

Кыргыздын эң байыркы сөздөрү: Арам, Адал, Ар, Аруу, Ариет, Ардак, Арнамыс, Ардан, Арсыз, Арыба кыргыз Арий элине таандык болгондун дагы бир далили болуп турбайбы.

Учурда орус академиктери Анатолий Тимофеевич Фоменко менен Глеб Владимирович Носовский «Как было на самом деле. Реконструкция подлинной истории». Москва, Астрель, 2012г.» тарыхты тактоого арналган 24 китеп жазып, жарыкка чыгарышты. Бул эки окумуштуунун илимий изилдɵɵлɵрү жɵнүндɵ кɵптɵгɵн документалдык фильмдер тартылды жана интернет булактарында бир топ маалыматтар жарыяланды.

А.Т. Фоменко, жана Г.В. Носовский Иса пайгамбардын ɵмүр баяны дыкат изилдешип аны жɵɵт эмес Скиф (Сактарды гректер скифтер дешкенред.) болгон деп, буга жүйɵɵлүү далилдерди келтиришкен. Ошондой далилдердин бири болуп католик христиандардын Ватикан китепканасында сакталып, жалпы журтчулукка кɵрсɵтүлбɵй келген «Иса пайгамбарга сыйынуу» деген сүрɵт. Сүрɵттɵн кɵрүнүп тургандай бул сүрɵттɵ Иса пайгамбар ак калпак кийип ортодо олтурат. Бул сүрɵт кɵп суроолорду жаратат жана ага жооп табуу үчүн бир топ илимий изилдɵɵлɵрдү жүргүзүү керек.

Айрым орус окумуштууларынын билдирүүсунɵ ылайык Византия жана Армян чиркɵɵлɵрү б.з.VIII кылымына чейин, ал эми Римдин католиктик чиркɵɵсү б.з. XIII кылымына чейин кудайга сыйынуу жана иш кагаздарын байыркы түрк тилинде алып барышкан. Мындай документтер Ватикандын архивинде азыркы учурда да сакталып турат. Ал эми орус ортодоксиялык чиркɵɵсү (православная) б.з. XVII кылымына чейин ɵз чиркɵɵлɵрүндɵ диний жɵрɵлгɵлɵрүн байыркы түрк тилинде алып барганы айтылып жатат. Албетте, бул жерде байыркы түрк тили кандай тил болгон жана кимге таандык деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Чынгыз хан жана анын урпактары деле ɵз иш кагаздарын байыркы түрк жана чагатай тилинде алып барышканы илимий булактардан жакшы белгилүү. Эгерде Чынгызхан чынында эле монгол болсо ал эмне үчүн иш кагаздарын монгол тилинде алып барган эмес деген да жүйɵлүү суроо туулат.

Байыркы түрк тилине арналган эӊ алгачкы илимий эмгек болуп Махмуд Кашкаринин 1072-1077-жж. жазган «Диван лугат ат-түрк» (Түркий тилдер сɵз жыйнагы) болуп эсептелинет. Бул китептин түп нускасы жок болуп кеткен, азыркы учурда 1266-жылы Абу Бекр ас Сави ад-Думашкы даярдаган кɵчүрмɵсү Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сакталууда.

Ушул китептин орус тилине которулуп басылып чыккан нускасында мындай деп жазылып турат. «В самом начале вводной части своего Дивана автор, Махмуд Кашгарский, указывает, что побудительным мотивом его труда послужило военно-политическое возвышение тюрков: «Я увидел, что Всевышний Бог заставил солнце судьбы взойти в зодиаке тюрков и установил их царство среди небесных сфер и что он назвал их тюрками, облек их властью, сделав их государями нашего времени, и вложил в их руки бразды [правления] преходящего, вознеся их над всем человечеством». Эти слова являются отражением крупного политического сдвига, произошедшего в ту пору в исламском мире.»

Махмуд Кашгари бул эмгегинде мындай деп жазган «Мен өзүм алардын (түрктөрдүн авт.) тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү кең тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуз, чигил, йагма, хыргыздардын талааларын жана калааларын изилдедим, алардын тилдерин жана накыл 35 сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, (жыйнагымдын) тартибин татынакай өтө сымбат кат кылдым».

Бир топ тил боюнча окумуштууларынын изилдɵɵлɵрүнɵ ылайык бул китепке кирген сɵздɵрдүн дээрлик 70% кыргыз тилине таандык сɵздɵр түзɵт.

01 Октябрь 2023 в 11:10