XI Бөлүм

Таш доорунда саналуу гана артык сапаттар адамдын аман калуусун камсыз кылган.

Биринчиден, таш доорунда байлык топтоо, дүнүйөкор, мансапкор болуу мүмкүн эмес эле. Демек, буларга (азыркыдай) байланыштуу адамдагы көп терс сапаттар да болгон эмес. Бийлик, байлык талашуунун айынан бүгүн сатылып, уурдап, алдап, өлтүрүп, жамандап, жалган айтып, ушактап, кошоматтанып, куйту, арамза, паракор, эки жүздүү болуп, сөзүнө турбай, ыйманын жегенге баруунун ал доордо кажети жок эле.

Демек, Теңчилик болуп, ал миң жылдар бою уланып, темир доордо гана бузула баштаган.

Экинчиден, жан сактап, аман калуунун бир эле мүмкүнчүлүгү болгон – биригүү, жамаатташуу. Демек, ынтымак, биримдик, аны бекем сактап, камсыз кылып туруу - өмүрдүн улануусуна тете эле.

Ушуга байланыштуу ынтымак менен биримдикке залакасын тийгизген терс сапаттарга жол берилбей (бузуку, жанбакты, өзүмчүл, ачкөз, чагымчыл, алдамчы, ууру, митайым, жалкоо, сөзүнө турбаган, коркок ж.б. адамдар аёосуз жамаат, уруудан куулуп), тескерисинче, ынтымак менен биримдикти бекемдеп, чыңаган жакшы сапаттар: адилет, калыс, акыйкат, өжөр, баатыр, сабырдуу, кайраттуу, эр жүрөк, намыстуу, көтөрүмдүү, чыйрак, боорукер, тың, чечкиндүү, кечиримдүү, жооптуу, мээнеткеч, чынчыл, түз сүйлөп, бетке айткан, сөзүнө турган адамдар бааланып, баркталып, даңазаланып келген.

Бөлүнгөндү бөрү жегенин кыргыз өз көзү менен көрүп, ачуу сабак алып турган. «Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү» - деп кыргыз ошол доордо айткан. Жашоонун маңызы – жалпыга жакшылык кылып, элдин алкышына жетип, батасын алып, өмүрүн калкына арноо болгон. Бул – Жараткандын талабы, улуу мыйзамы –деп таанылган. (Бүгүн мунун канчасы калды? Катардагы атуулдарды айтпай эле коёлук, бийликтегилер элине канча кызмат кылып жатышат?).

Таш доору өтө кырсыктуу, азаптуу, адамды күндө жоготууларга учураткан мезгил эле. Дөбө мүрзөлөрдөгү сөөктөрадам өмүрү өтө кыска – 30- 35 жаштан ашпаганын көрсөткөн.

Демек, чиренүү, бой көтөрүү, теңине албоо, көзүн май басып, көөп кетүү, текеберленүү, маңчыркоо, кесирленүү, Эл менен эсептешпей, өз каалаганын кылуу, Эл эмгегин жеп алуу (бүгүнкүдөй) ал доордо – 3 миң жыл бою мүмкүн эмес эле!!

Андай адамдар канча алдуу, күчтүү, зөөкүр болбосун –көпчүлүк таш бараңга алып, жазасын берип койчу. Мындай чара көрүлбөсө - элдин ыркы бузулуп, ынтымагы, биримдиги кетип, акыры баары кыйроого учурап калышы мүмкүн эле.

Үчүнчүдөн, ал доордо турмуш ачык, айкын, жөнөкөй болгон. Академик Киселев С. В. мындай деп мүнөздөйт ал доорду: «Ни погребальные обычаи, ни самый характер инвентаря не обнаруживают при этом никаких признаков имущественного различия внутри каждой афанасьевской родовой группы, но вместе со всеми данными о производстве подтверждают коммунистические формы общежития, когда само общество, дисциплина, распорядок труда держались силой привычки, традиций, авторитетом или уважением, которым пользовались старейшины рода, и когда особого раз- 40 ряда людей, чтобы управлять, не было» . «Можно только отметить, что так называемые «плиточные» могилы (скифо-тагарского периода) в древнейшем своем виде не позволяют говорить о сколько-нибудь заметном нарушении древнего родового единства» .

Демек, таш доорунда калыптанган Теңчилик темир доору башталган учурда да Тагар (Тоо-кар) маданиятынын башталышында сакталганы айтылат – 3200 жыл бою!!

Байыркы доордо эле кыргыз: «Эл байлыгы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат», «Элде болсо, тең болсун, тең болбосо, элдин сугу өтүп кетет», «Теңирим теңдикти жалгайт» - деп айтып, жашоонун башкы эрежесине айланткан.

Төртүнчүдөн, таш доорунун татаал шартында бала төрөп, аны өстүрүп, тукум улоо түйшүгү негизинен аялзаттын жүгү болгон үчүн кыргыз: «Эркек сел, аял көл», «Аял үйдүн куту», «Эркектин билеги күчтүү, аялдын тилеги күчтүү» - деп, аялды сыйлап урматтаган. Аялды кемсинтүү, басынтуу, укугун чектөө кыргызда эгерим болбогон салт таш доорунда калыптанып, бузулбай, өзгөрүлбөй XX кылымга чейин сакталып келген. Бул да кыргызды сактап келген улуу касиет.

Кыргыз Жалгыз Жаратканды таанып, «Теңир» - деп (баарына Тең болгон үчүн), андан кийин эле экинчи орунга Умай-Энени коюп келген. Жерди да – «Жер-Эне» - деп ыйык туткан.

Бешинчиден, таш доорунда адам өзүн Табият менен ажыратылгыс бирдикте сезип, аны жандуу деп таанып, Табият менен эриш-аркак жашап, анын талабын – Жараткандын талабы деп кабылалган (азыркыдай Табият жансыз, аны пайдаланып, сатып, акчага айлантуу керек деген ой таш доорунда мүмкүн эмес эле).

Демек, Табият кандай күчтүү, кудуреттүү, сыйкырдуу болсо – адам да ошондой боло алат деген ишеним болгон. Жаачылык, куучулук, олуячылык, келечекти алдын ала билүү, эмчи-домчулук, Манасты аян менен айтуу, мазарлардын касиетин сезүү ж.б. өзгөчөлүктөр кыргызга ошол доордо эле мүнөздүү болгон.

«Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар», «жандуунун баары адамга шерик», «Атабыз – Нур, Энебиз – жер, каныбыз – суу, жаныбыз – аба» - деп кыргыз ошол доордо эле айта баштаган. Чөптүн, суунун убал-сообун кыргыз жакшы билип, малды да тепкен эмес.

«Дүнүйө оопа болбойт», «Намыс өлүмдөн өйдө», «Пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт», «Каргыш тукум кууйт», «Арам жукпайт», «Адам көңүлүн калтырба», «кесирленбе», «назарын сындырба», «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» ж.б.нарктуу, даанышман сөздөр байыркы доордо эле айтылып калган.

05 Ноябрь 2023 в 12:46