X Бөлүм

Кыргыздын байыркы тарыхынын дагы бир талашсыз далили - анын дүйнө таанымы, төл Руху, байыркы, алгач ишеними. Америкадагы Чикаго шаарындагы университеттин профессору Оппенхейм А. Лео 1968-ж. «Древняя Месопотамия. Портрет погибшей цивилизации» аттуу китебиде (Чикаго – Лондон, 1968-ж.) минтип жазат: «в Вавилонии со времен Саргона Аккадского и вплоть до периода Хаммурапи имя царя часто писалось с детерминативом DINGIR (бог), которым обычно обозначались богии различные предметы поклонения».

Саргон Аккадский биздин заманга чейин 2316 -жылы дүйнөгө келип, 2261- ж. дүйнөдөн өткөн. Падышалардын атына «Теңир» деген сөздү кошуп айтканы: Теңирдин (Жараткандын) буйругун аткарган адам дегенди түшүндүргөн.

Теңирди таанып, ага болгон ишеним Саргон падышадан кыйла мурун шумер элине таандык болгон.

Алтай элдерин тилин илим бүгүн беш ири топко бөлөт: түрк, моңгол ойрот-калмак, тунгус-манжур, корей жана жапон тили.

Бул элдер Алтайдан тарап, бөлүнүп кеткен доорду илим төмөнкүчө аныктайт: «согласно представлениям В.М. Иллич Свитыча, алтайская общность распалась значительно раньше остальных пяти языковых общностей, входящих в ностратическую макросемью.

Современные исследования относят период распада алтайского праязыка к X тысячелетию до н.э. (О.П. Суник), VII тысячелетию до н.э. (С.А. Старостин).

Аталган беш топ Алтай элдеринин баары Теңир, Умай, Кут – деген үч түпкү түшүнүктү бүгүн да сактап калышкан. Эгерде Теңирчилик Алтайдан элдер тарап кеткенден кийин жаралса, анда айрымдарында бөлөк ишенимдер болот эле.

Демек, Алтай элдери Алтайдан тарап кете электе Теңирчилик түптөлүп калган. Бул мезгилди илим б.з.ч. VII-X миң жыл мурун болгон деп айтып жатат.

Шумерлер топон суудан кийин суу тартылып, жер ачылып, кургаганда Алтайдан Тигр, Ефрат дарыялардын боюна барышкан. Алар өзү менен Теңирге болгон ишенимин, албетте, кошо алып кетишкен.

Шумерден калган чопо жазууларында «Теңир», «Ме-мен», «Зе-сен»,

«Сезе-сиз», «Безе-биз», «У-он», «Ес-үч», «Неме-эмне» -деген сөздөрдүн маанилери жөн эле окшоштук эмес да.

Чополордо боз үйдүн сүрөтү сакталып турат: кереге, уук, түндүгүнөн түтүн булап жатат.

Теңирчиликтин жаралып, түптөлүшү б.з.ч. VII миң жыл мурун болсо – бул таш дооруна таандык болот.

Демек, аны «дин» деп айтуу мүмкүн эмес, ал дүйнө тааным, адам өзүн жана табиятты таанып, кабыл алуу билими болгон. Таш доордо адамдар байкедейге бөлүнө элек мезгил. Ыйык китеп, пайгамбарлар, бийлик, диний кызматчылар пайда боло элек доор (булар коло доорунда, коом аларды багып кетүү кудуретине жетип, калк бай кедейге бөлүнүп, бийлик өзүнчө элден бөлүнгөндө пайда болгон).

Ал дүйнө таанымдын негизги маңызы: табиятты ыйык тутуу, аны жандуу деп таануу, аны менен эриш-аркак жашоо, арбактарды улуу деп кабыл алып, баба-салтын сактоо, рухту жансыз дүйнөдөн бийик баалоо.

Бул дүйнө таанымдын түптөлүшүнө байыркы бабаларыбыз зор салым кошуп, аны салтына, тилине сиңирип, жашоо шартына айлантып алганына нечен миң жыл болгон.

Анын сакталышы (экинчи жагынан) көчмөн турмушка байланыштуу болгон (кыргыз XX кылымдын башына чейин көчмөндүүлүктү калтырган эмес).

04 Октябрь 2023 в 22:10