Амангелди Абдыжапарович Бекбалаев

...

Филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү жазуучу Амангелди Бекбалаев (адабий псевдоними - Аммиан фон Бек) 1947-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин артыкчылык менен аяктап, Москвадагы М.Тореза атындагы мамлекеттик чет тилдер пединститутунда күндүзү окуп, ошол жерден кандидаттык диссертациясын жактаган.

Республиканын дээрлик бардык негизги мамлекеттик жогорку окуу жайларында ага окутуучу, тиешелүү факультеттердин деканы, проректору катары эмгектенип, 1996-жылдан 2009-жылга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде биринчи проректор, кийин ректор, И.Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп иштеген. Кийин КРСУга декан катары иштеп, азыркы кезде да ушул кызматты аркалоодо.

Амангелди Абдыжапарович бир өзүнө гана тиешелүү өзгөлүү жалын-күүлүү жөндөм-шык, талыкпаган аракеттеринен тышкары ар кыл жылдары Москвага, Германияга, АКШга жана башка да чет өлкөлөргө бир нече жолу барып билимин жогорулатып тургандыгы, кыргыз, орус, немис тилдеринде таза сүйлөгөндүгү, накта мекенчилдиги менен айырмаланат.

Ал улуттук университеттин Эстелик медалы, юбилейлик медалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы улуттук тил комиссиясынын «Кыргыз Тили» медалы, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы коррупцияны алдын алуу боюнча Агенттигинин «Мекенчил (Патриот)» медалы, Прогрессивдуу демилгелер Фондунун «Акыл Тирек» ардактуу наамы ж.б. бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Амангелди Абдыжапарович Россиянын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын, Нью-Йорк Академиясынын академиги, Токиодогу Ока-Гакай (Япония) университетинин «Жогорку артыкчылык Белгиси» аттуу илимий сыйлыгынын лауреаты, Абылай Хан 136 атындагы КазГУМЯ нын ардактуу профессору, республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги.

Ал 132 илимий жана методикалык жазылмалардын автору, алардын ичинде 3 көлөмдүү монография бар. Мындан тышкары ал тогуз көркөм чыгармалардын автору. А.Бекбалаев көптөрдүн айтымында авторду бүтүндөй Азиянын чыныгы классигине айланткан «Гунндар» тетралогиясы (тарыхый романдары) жана 2009-жылы «Хайреддин Барбаросса» диологиясы үчүн улуттук «Кыргыз Туусу» гезитинин «Жылдын Адамы» деп аталган наамына татыктуу болгон.

Баатыры миң болуп, бийи бир болсо – эл болот, бийи миң болуп, баатыры бир болсо – эл бузулат

(Аттила)

06 Октябрь 2023 в 18:40