Баялиев Замирбек Жайлообекович

...

Манасчы

З. Ж. Баялиев 1980-жылы 27-апрелде Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылында туулган. Мамлекеттик биринчи салттуу «Эл ичи-өнөр кенчи» кароо-сынакта баш байгени жеӊип алган. Саякбай Каралаев атындагы алтын медалдын ээси. Саха Республикасында (Якутия) өткөн «Дүйнө эпостору-Олонхо жергесинде» аттуу он алты өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эпос айтуучулардын эл аралык кароо-сынагында биринчи орунга татыктуу болуп, Якутияын Президентинин колунан бриллиант чегерилген медаль, спикеринин колунан алтын саат менен сыйланган.

Замирбек Баялиев Кипр, Кытай, Индия, Азербайжан, Түркия, Якутия, Орусия, Сауд Аравиясы, Казахстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдө “Манас” айтуу өнөрүн көрсөтүп, көптөгөн сыйлыктарды алып келген. “Манасчы” теледолбоорунун негизинде ондогон жылдардан бери түз эфирде “Манас” айтып берет. Учурда «Супара» этно-комплексинде «Манасчы өргөсүндө» 2016-жылдан тартып Манас айтып келет.

Замирбек Баялиевдин салттык көрүнүштөгү түш көрүп, аян алуусу манасчы болуусуна себеп болгон. Он беш жашында түшүнө “Манас” эпосундагы баатырлар кирип, андан кийин ээлигип, эч ким жок ээн талаага чыгып, жашынып «Манас» айтып жүргөн. Тартынчаак, уялчак мүнөзүнөн улам эл алдына чыкпай, буулугуп көпкө жүрүп, ошондон улам сыркоолоп, ооруп калат. Дарыгерлерге көп эле көрүнгөнүнө карабай, эч кимиси дартын аныктап бере алган эмес. Ошондой күндөрдүн биринде түшүнө кырк чоро кайрадан кирип, «Манас айт!» деп кысмакка алган. Анан гана өзүндө болгон өзгөрүүлөрдү үйүндөгүлөргө айтып берген. Ата-энеси Манас атанын күмбөзүнө алпарып, кой союп, түлөө өткөрөт, ошол жерден «Манас» айттырып, элдин батасын алып берген. Ошондон тартып, эл алдына чыгып, «Манас» айта баштаган.

2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.

02 Октябрь 2023 в 22:29