Эсенбүбү Нурманбетова

...

(1957-2015-ж.ж.)

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эсенбүбү Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Талас облусунун Талас районунун Арал айылында туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, 1984-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1984-жылдан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы катары баштаган. Эсенбүбү Нурманбетова опералык ырчы катары чыгармачыл жолунда көптөгөн белгилүү партияларды аткарган. Алсак, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөк» операсында Калыймандын, «Ажал ордунда» музыкалык драмасында Зулайканын, «Токтогулда» Валентинанын, Н. Давлесовдун «Аста секин колуктусунда» Зияданын, Ж. Каниметовдун «Ак Мөөр» опера-легендасында Ак Мөөрдүн, Ж. Вердинин «Риголетто» операсында Джильданын, «Травиатада» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачында» Розинанын, Штраусстун «Цыган барону» опереттасында Арсенанын жана башка партияларын аткарган. Эсенбүбү Нурманбетова кыргыз, казак, орус жана чет элдик композиторлордун романстарын, опералардын арияларын жана элдик ырларды мыкты аткара билген. Кезинде кыргыз опералык труппасы мурдагы СССРдин көптөгөн шаарларында ийгиликтүү гастролдорду өткөргөн. Ал гастролдордогу спектаклдерде Эсенбүбү Нурманбетова негизги опера партияларын аткарган. Кыргыз опералык труппасынын гастролдору Румынияда, Алжирде, Түркияда, Кытайда, Индияда, Монголияда ийгиликтүү өткөнү белгилүү. Чыгармачыл жолунда Эсенбүбү Нурманбетова өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин дайыма өркүндөтүп, бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп келди. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда насаатчы болуп иштеди. Эсенбүбү Нурманбетованын көп жылдык чыгармачыл эмгеги түрдүү эл аралык конкурстарда белгиленип, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болду. Кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Эсенбүбү Нурманбетовага «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген жогорку наам ыйгарылган.

06 Ноябрь 2023 в 19:40