Шакеева Зейнеп

...

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шакееева Зейнеп 1949-жылы 8-мартта Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Ашырбаев Шааке Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу-атактуу Панфилов дивизиясынын ардагери болгон. З.Шакеева 8 жылдык мектепти Киров, азыркы Жетиген айылынан аяктап, Чүй районундагы Ак-Бешим айылындагы А.С. Пушкин атындагы мектептен 11-классты бүтүргөн. Ал В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз- келиндер институтунун музыкалык факультетине өтүп, бир ай окугандан кийин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда кыргыз ырчы кыздарга сынак болуп жатканын угуп, 10-12 кыз болуп, филармониянын жайкы театрына барган. Ал жерден 3 кыз жамааттын кыргыз бригадасына кабыл алынат, ал эми Зейнеп Шакееваны оркестр менен ырдатып көрүшүп, түз эле К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солист катары кабыл алышкан. 1966 -жылдын октябрь айынан тарта К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде вокалистка болуп эмгек жолун баштаган. З.Шакеевага 1976-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиӊирген артисткасы, ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдары ыйгарылган. Ал үзүрлүү эмгеги үчүн бир топ медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Ал Канада, Бельгия, Сирия, Алжир ж.б. мамлекеттерине кыргыз искусство чеберлери даярдаган концерттин катышуучусу болгон. Ошондой эле З. Шакеева СССРдин союздук республикаларынын борбор шаарларында өткөрүлгөн кыргыз искусствосунун чеберлеринин концерттерине катышкан. Атактуу ырчы 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна өтүп, бул окуу жайын 1983-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Азыр ардактуу эс алууда, 2 уул, 3 кыздын энеси, 15 небере жана 5 чеберинин ардактуу чоӊ энеси.

06 Ноябрь 2023 в 19:39