Субайылда Абдыкадырова

...

(1945-2010-ж.ж.)

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Субайылда Абдыкадырова 1945-жылдын 9-мартында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары – Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Кесиби боюнча жогорку билимдүү филолог. С. Абдыкадырованын адабий чыгармачылыгы 1953-жылы башталган. 1958-жылы алгачкы ырлар жыйнагы орус тилинде Москвадан “Молодая гвардия” басмасынан “Любовь пришла” деген ат менен жарык көрөт. Ал эми 1958-жылы “Кыргызстан” басмасы “Под сенью арчи” деген орус тилиндеги ырлар жыйнагын басып чыгарган. Андан соң “Булак”, “След”, “Кыздын тилеги”, “Светило”, “Дочь Востока”, “Ак гүлдөр”, “Жер жыты”, “Алтын бешик”, “Тебе, Родина”, “Күн нуру”, “Доор доошу” ж. б. ырлар, поэмалар жыйнактары биринин артынан бири жарык көрө берди. Акындын чыгармалары орус тилинен башка украин, белорус, өзбек, казак тилдерине которулган. Көптөгөн ырларына белгилүү композиторлор обон чыгарган. Залкар композитор Акмат Аманбаев “Эмне үчүн” деген ырына музыка жазган. Алгачкы ырларынын бири болгон “Бал кымыз” деген ырына К.Эралиева обон жазып, азыр эл арасында ырдалып жүрөт. С. Абдыкадырованын эмгеги жогору бааланып “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, “ Каарман эмгеги үчүн” медалдары, КР Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Өмүрүнүн акырына чейин коомдук иштерге активдүү катышып келген. Анын “Жетиген – Карек” коомдук бирикмесинин түптөлүшүндө да чоң салымы бар. Субайылда Абдыкадырова 2010-жылдын 23-апрелинде көз жумган.

06 Ноябрь 2023 в 19:36