Осмонова Турсун

...

(1900-1970-ж.ж.)

Кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонова Турсун 1900-жылы Кемин ѳрѳѳнүндѳгү Кичи- Кемин айылында тѳрѳлгѳн. Кыргызстанда Кеӊеш бийлигин орнотууга активдүү катышкан. 1925-жылдан КПССтин мүчѳсү болгон. Ал кыргыз кыз-келиндеринен биринчи болуп 1918-1920-жылы кеӊеш ѳкмѳтүнүн Токмок шаарындагы азык-түлүк даярдоо отрядына катышкан. 1920-1923-жылдары Бухара шаарындагы 4-бригаданын 12-аткычтар полкунун жоокери жана санитары болгон. 1924-1925-жылдары Токмок шаарына кайтып келип, партиялык жана комсомолдук баштапкы уюмдарды уюштурууга катышкан жана жетекчилик иштерди жүргүзгѳн. Кийин партиянын болуштук, райондук комитеттеринде аялдар Кеӊештерин уюштурган жана аларды башкарган. 1926-1929-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун аялдар бѳлүмүндѳ инструктор, бѳлүм башчыга орун басар, 1929-1930-жылдары округдук аялдар секторунда башчы, кедей- батрак уюмунун тѳрагасынын орун басары болуп иштеген. 1930-жылдан 1936-жылга чейин Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо эл комиссары, Кыргыз Эл агартуу комиссарынын орун басары, 1936-1953-жылга чейин советтик жана чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген. Осмонова Турсун Советтердин бүткүл россиялык 13-курултайына, СССР Советтеринин 4-курултайына катышкан. Н.К.Крупская менен бир нече жолу кездешкен жана баарлашкан кыргыз аялдарынын бири. Т.Осмонова жѳнүндѳ жазуучу С.Сасыкбаевдин «Эженин ѳмүрү» тарыхый повести ѳзүнчѳ китеп болуп басмадан чыккан. Анын ысмы ѳзү туулган Кичи-Кемин айылынын негизги чоӊ кѳчѳсүнѳ берилген. Т.Осмонова "Ленин ордени" жана СССРдин кѳп медалдары менен сыйланган.

06 Ноябрь 2023 в 19:35