Сүймөнкул Чокморов

...

(1939-1992-ж.ж.)

Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй областынын Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ленинграддагы көркөм Сүрөтчүлөр Академиясын 1964-жылы бүтүргөн. Волейбол боюнча спорт чебери, Кыргызстандын жана Ленинград шаарынын курама командасында ойногон.

Дүйнөгө белгилүү залкар сүрөткер, залкар киноактер. Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Эл депутаты.

Ал көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси, жыйырмадан ашык кинотасмаларда башкы ролдорду ойногон. Ал көркөм сүрөт (пейзаждык жана портреттик жанр) жана графика түрүндөгү 800гө жакын чыгарманын автору. 27 сүрөтү дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат.

Сүймөнкул Чокморов коомдук жана саясий ишмер катары да айырмаланган. Алсак, Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин жаштар Советинин төрагасы, СССР сүрөтчүлөр союзунун катчысы, Кыргыз Эл Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы (1987-1991-ж.ж.), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты (1981-1990ж.ж., Чүй жана Ысык-Көл облусунан көрсөтүлгөн), СССРдин кинематографисттер жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымдары үчүн республикалык жана бүткүл союздук көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Кино жана сүрөт чебери Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү ардак наамдарына ээ болгон. Ал-Ленин комсомолунун сыйлыгынын жана Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

15 Сентябрь 2023 в 20:20