Сейдракманов Назаркул Эшенкулович

...

Сейдракманов Назаркул Эшенкулович 1951-жылы Талас областынын Талас райондагы Данбагар айылында тѳрѳлгѳн. 1968 –жылы Кара-Суу орто мектебин аяктап, 1970-1972-жылдаы Советтик армиянын катарында кызмат ѳтѳгѳн. Мектепти 3-4-класстарында окуп жүргѳн кезинде элге белгилүү болгон кенже эпосторду кызыгып окуп, «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору менен толук таанышып, аларды айылдагы карыяларга окуп берип, алардын батасын алып, ошону менен бирге ѳзү да Манас дүйнѳсүнѳ аралашып, манасчы болом деген үмүттѳ жүрѳт. Күндѳрдүн биринде уктап жатып түш кѳрѳт. Түшүндѳ ѳзүн кѳздѳй келе жаткан калын атчандарды кѳрѳт. Алар кимдер экенин билбейт. Аңгыча бироо тиги атчандарды тааныштыра баштайт. «Алдыңкы келе жаткан атчан Манас, андан кийинкиси Алмамбет, Сыргак, Чубак, Бакай, Кошой абаң жарым жолго келип калды мындан ары Манасты айтып жүр»,- деп белги берет. Чочуп түшүнѳн ойгонот. Ошондон баштап бир аздан Манасты айта баштайт. 1976-жылы Фрунзе шаарында ѳткѳн акындардын, манасчылардын, комузчулардын республикалык конкурсуна катышып, «Манас» эпосун айтуу боюнча биринчи орунга татыктуу болгон. Маданият министрлигинин чечими менен Кыргыз мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы Филармониясынын «Кыргыз эл шайырлар тобуна», Э.Турсуналиевдин бригадасына манасчы болуп кабыл алынган. 1985-жылы Москва шаарында ѳткѳн дүйнѳлүк 12-чи фестивалга катышып, ал жерде «Манас» эпосун даңазалоодо кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн сүймѳнчүгүнѳ ээ болгон. 1988-жылы Кыргыз илимдер академиясынын Манас секторунун Саякбай Каралаевдин, кийин «Манас» эпосунун үчилтигин (Манас, Семетей, Сейтек) ѳз вариантында ким толук айта алат» аттуу конкурсуна катышып, кѳптѳгѳн манасчылардын ичинен жеңүүчү болуп табылган. Ошол жылдан баштап, «Бабалардан калган сѳз» аттуу телеберүүдѳ кѳгүлтүр экран аркылуу ѳз вариантында үчилтикти 1990-жылга чейин элге тартуулап келген. 143 Кѳптѳгѳн сыйлыктардын ээси болгон. 1992-жылы Түркмѳн Республикасында ѳткѳрүлгѳн «Ашык айдын пири» фестивалына катышып , кѳрүүчүлѳрдүн урмат-сыйына татыган. 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата ѳткѳрүлгѳн манасчылардын эл аралык конкурсуна катышып, баш байгени жеңип алган, Ошол жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына татыктуу болгон. «Манас 1000» эстелик медалы менен сыйланган. 1997-жылы Казак республикасынын Алматы шаарында акын Жамбыл Жабаевдин 150-жылдык маарекесине арналып ѳткѳрүлгѳн эл аралык конкурска катышып 2-орунду ээлеген. Сейдракманов Назаркул Европанын кѳптѳгѳн эл аралык фестивалдарына катышып, Манас айтуу чеберчилигин кѳрсѳтүп, «Манас» эпосун даңазалап келген. 1993-жылы Турциянын Стамбул, Анкара шаарында ѳткѳн бүткүл дүйнѳлүк түрк тилинде сүйлѳгѳн элдердин алгачкы жолку курултайына катышып, манас айтып, урмат-сыйга татыктуу болгон. 1996- жылы Швейцария (Женева), 1996-жылы Германия (Франкфурт), 1996-жылы Франция (Париж), Швеция, 2001-жылы Германия (Франкфурт), 2001-жылы Швейцария (Женева), 2002-жылы Германия (Берлин) мамлекеттеринде болуп, «Манас» эпосун дүйнѳнүн башка элдерине даңазалап келген. 2000-жылы Саха-Якутия Республикасында «Олонхо» эпосуна арналган Эл аралык конкурс фестивалына ѳзү тарбиялаган шакирти Сатарбек уулу Султан менен бирге катышып, «лауреат» деген наамга ээ болушкан. 1995-жылдан баштап №67, 68–гимназия мектептеринде жана жана Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында, «Мээрим» фондусунда Манас сабагын ачып, жаш манасчыларга тарбия-таалим берип келген. Айрым шакирттери республикалык конкурстарга катышып, байгелүү орундарды жеңип алышкан. 2009-жылы Тегеран шаарында (Иран) ѳткѳн «Рүстѳм-Дастан» эпосунун Бүткүл дүйнѳлүк кароо-сынагына катышып, медаль жана грамотага ээ болуп кайткан. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган. «Манас-Мурас» коомунда жаш манасчыларды тарбиялап келет. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында «Манас» сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенүүдѳ. Н. Сейдракманов Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчѳсү. Үй-бүлѳлүү, 5 баланын атасы.

06 Ноябрь 2023 в 19:07