Сарыгулов Дастан Исламович

...

Теги: Жетиген (болжолу 1565-ж туулган) -Кожоке бий (болжолу 1587-ж. туулган)-Эшен Карек (1617-ж. туулган)- Сааба-Ыбрайым молдо-Кыбал-Тагаймат-Бекболот (1758-ж.туулган) -Койгелди-Атакүчүк-Боочу(1830-ж. туулган) Султанаалы (Сарыгул 1877-1970-ж.ж.)-Ислам(1908-1984-ж.ж).

Д. И. Сарыгулов 1947-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган.1962- 1965-ж.ж. өтүкчү болуп иштеген. 1964-жылы жаштардын кечки мектебин медаль менен бүтүрүп , 1965-1970-ж.ж. Ленинград инженер курулуш институтун Лениндик стипендия менен аяктап (беш жылда бир да төрт деген баа албай),1970-1981-ж.ж. темир-бетон заводунда мастер, инженер, башкы инженер, курулуш уюмунун начальниги, областык турак-жай коммуналдык чарбанын жетекчиси, Ысык-Көл областык кеӊешинин депутаты, 1981-1986-ж.ж. областтык партия комитетинин бөлүм башчысы, 1986-1990-ж.ж. Пржевальск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы, областтык партия комитетинин секретары. 1990- 1992-ж.ж -Талас областынын губернатору, 1992-1999-ж.ж. мамлекеттик «Кыргызалтын» концернинин президенти болуп иштеген. 1999-2005-ж.ж. акаевдин саясий куугунтугунда болгон. 2005-2006-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Мамлекеттик кызматтын биринчи даражадагы мамлекеттик кенешчиси. 2016-2018-ж.ж. атамбаевдын буйругу менен жалган жалаа, кылмыш иштер менен УКМК түрмөсүндө мыйзамсыз жатып, күнөөсүз төрт жылга соттолгон, бирок акталбай келатат. Төрт жыл удаа комузчулардын республикалык кароо-сынагын, эки жолу комуз усталарынын республикалык кароо-сынагын, эки жыл удаа төкмө акындардын кароо-сынагын, бир жолу кол өнөрчүлөрдүн республикалык курултайын уюштуруп өткөргөн. Республикалык ордо оюндун федерациясын түзүп, он жыл аны жетектеди жана азыр анын ардактуу президенти. 135 комуз күүлөрүнүн жыйнагын чыгарган. Залкар акындар китеп 132 топтомун негиздеп, Калмырза, Чоӊду, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеӊижоктун ырларын басмадан чыгарган. Он төрт китеп (“Турмуш көчү”, “Улутун унуткан урпактар”, “Теӊирдин жолунан адашкан адам”, “Кемиген кыргыз” ж.б.) жана 17 эл аралык илимий эмгектин автору. Профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген курулушчусу. 2018-жылы республканын бардык аймактарынан келген 761 делегат Улуттук кайра жаралуу биринчи элдик конгрессинин курултайында Конгресстин Президиумунун төрагасы кылып шайлаган.

06 Ноябрь 2023 в 18:59