Самаков Карганбек Садыкович

...

К.С.Самаков 26.09.1963-ж.Нарын шаарында туулган. 1985-ж. Фрунзе политехникалык институтун курулуш-инженери, 1998- ж. КУУ юрист адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1985-ж. Нарын автожолдорун эксплуатациялоо башкармалыгында инженер болуп иштөөдөн баштаган. 1986-1991-ж.ж. Нарын жол-куруу башкармалыгында мастер, 1991-1992-ж.ж. Нарын автожолдорун эксплуатациялоо башкармалыгында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 1992-1998- ж.ж. «Аман» фирмасынын директору, «Эверест-ко ЛТД» компаниясынын президенти, 1998–2001-ж.ж. «Кыргызалко» мамлекеттик ишканасынын Нарын областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген. 2000–2007-ж.ж. КР Жогорку Кеңешинин депутаты, анын бир катар комитеттеринин мүчөсү, орун басары жана төрагасы болгон. 2008-2010-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2010-2015-ж.ж. ноябрына чейин-КР Жогорку Кеңешинин депутаты. Ал ар кыл жылдарда Кыргыз-Япон-Араб өлкөлөрү менен достук тобунун жетекчиси, КР ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары, “Манас” эпосун жана башка Улуттук баалуулуктарды ЮНЕСКОго каттоо боюнча жумушчу жана эксперттик топтордун башчысы, “Кыргызстан-Кагошима Япония” ишкерлик Ассоциациясынын тең төрагасы, “Биримдик” фондунун төрагасы сыяктуу коомдук иштерди аткарган. К.Самаков-юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ. КР Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, II–класстагы Мамлекеттик кеңешчи. Россиянын коопсуздук коргонуу жана укук тартип Академиясынын Ардактуу академиги, Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк Ала-Тоо Университетинин ардактуу профессору. Нарын шаарынын жана Нарын облусунун ардактуу атуулу, Нарын Мамлекеттик Университетинин ардактуу профессору. КР Маданиятынын мыкты кызматкери, КР Экономика жана каржысынын отличниги, КР дене тарбия жана спортунун отличниги.

06 Ноябрь 2023 в 18:56