Муралиев Амангелди Мурсадыкович

...

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер

А. Муралиев 1947 жылы Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылында туулган. 1967-жылы Кара-Балта шаарындагы тамак-аш өнөр жай техникумун, 1976-жылы Фрунзе политехникалык институтун жана 1990-ж. ССРдин Министрлер Советинин алдындагы Эл чарба Академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун Кара-Балтадагы кант заводунда слесарь болуп баштаган. Россиянын Хабаровск шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өткөргөн. Фрунзе шаарындагы электр-вакуумдук заводунда инженер-конструктор, конструкторлук технологиялык «Корммаш» институтунда алдыӊкы-конструктор, конструктордук бригаданын жетекчиси, «Тяжэлектромаш» заводунун директору (1978- 1982-жж.), Кыргызавтомаш өндүрүш бирикмесинин Генералдык директору (1982-1988-жж). СССРде биринчи болуп альтернативдик шайлоонун негизинде Бишкек шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган, андан соӊ Бишкек шаарынын эл депутаттар Кеӊешинин төрагасы (1988-1989-жж.), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы (1991- 1992-жж.), Кыргыз республикасынын экономика жана финансы министри, Кыргыз Республикасынын экономика комитетинин төрагасы, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы (1994-1996-жж.), Кыргыз Респпубликасынын вице-премьер-министри (1996ж.),Ош областынын губернатору (1996-1999-жж.), Кыргыз Республикасынын премьер-министри (1999-2000-жж.). Кыргыз республикасынын Жогорку Кеӊешинин 1985, 1990, 1993-жж. чакырууларынын депутаты. Муралиев А. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, биринчи Экономика министри катары Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүнүн калыптанышына, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жана 134 СССР кыйрагандан келип чыккан кризистен чыгууда зор салымын кошкон. Анын башкаруусу менен өлкө 1998-1999-жылдары пайда болгон финансылык, жана Баткен окуяларынын негизинде келип чыккан экономикалык кризистерден ийгиликтүү чыккан. Муралиев А. 2010-жыл Апрель окуясынан кийин өлкөдө өтө татаал экономикалык жана саясий абал түзүлгөндө Кыргыз Республикасынын Техникалык Өкмөтүн башкарып кыска убакыттын аралыгында экономиканы стабилдештирип, эл чарбасынын кайра калыптанышына жана мамлекеттик бийлик органдырынын калыптанышына жетишкен. Кыргыз ССРини Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, Биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. 2000-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциясынын «Жыл адамы» деген наамына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын, Эл аралык Инженердик Академиянын анык мүчөсү, ВЛКСМдын илим жана техника тармагындагы сыйлыгынын лауреаты, техника тармагында 10 ойлоп табуу патентинин ээси. Экономика темасына арналган 2 жана 3 поэтикалык ырлар жыйнагын камтыган китеп жазган. Муралиев А. Ош областынын губернатору болуп турганда Ош шаарынын 3000 жылдык маарекеси эӊ жогорку денгээлде өткөн.

06 Ноябрь 2023 в 18:39