Үсөйүн Кудайбергенов

...

(1949-2005-ж.ж.)

Гиннесстер рекорддор китебине кирген каскадер Кыргыздын жалын жүрөк, алп көкүрөк айкөл жигити Үсөйүн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй областына караштуу Жайыл районунун Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Үсөйүн кичинесинен тоолор менен жылкы баласын жакшы көрчү. Ошол себептенби, ал 15 жашынан Кыргыз циркинин ат үстүндө жүрүүчүлөр тобуна кирет. А эми кийин, Москвадагы Кинематография институтунда окуп жүргөндө, киного тартылып, татаал трюктарды аткара баштайт.

Ү. Кудайбергеновго өз Мекени анчейин мээримдүү болбогону менен башкалар талантына өзгөчө таазим этишип, көкөлөтүп, көтөрүп келишти. Ал Голливуд жана Казакстан каскадерлор ассоциацияларынын ардактуу мүчөсү, Панкратион федерациясынын президенти болчу. Тирүүсүндө легендага айланган Үсөйүндүн 49 чет өлкөдө үч жүздөн ашуун кинотасмаларындагы жаркын элеси жашап келет. Ал эң бир кайталангыз, чексиз татаал каскадерлук трюк-ыкмасы үчүн “Гиннесс китебине” киргизилген атагы ааламга тараган өзгөчө чебер талант эле.

Үсөйүн Кудайбергенов Советтер Союзунда биринчилерден болуп “Каскадерлор” студиясын түзгөн жана каскадерлук чеберчиликти өнүктүрүүгө чексиз үлүшүн кошкон.

2005-жылдын каргашалуу күндөрүндө калкынын келечегин ойлоп, күнү-түнү жанын үрөп, көкүрөгүн каракчы-талоончуларга тайманбай тосуп, каскадер жигиттери менен “Элдик кошун” түзүп, калкыбызды ынтымакка, сабырдуулукка чакырып, өзү баш болуп күзөттө туруп, борбор калаабызды талап-тоноодон сактап калган Үсөйүндүн акыркы деми да эли үчүн эбегейсиз эрдик, көөнөрбөс эстелик болуп калды.

15 Сентябрь 2023 в 20:21