Копобаев Mүсүраалы

...

(1895-1976-ж.ж.)

Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген мугалими Копобаев Мүсүраалы 1895-жылы Кичи-Кеминде туулган, Баласынын зээндүлүгүн байкаган Копобай ата билим берүү үчүн колундагысын аяган эмес. Мүсүраалыны айылдык диний мектептен, он жашка караган курагында Токмок шаарындагы татар тилиндеги мектепте окуткан. Ал мектепти бүткѳндѳн кийин Мүсүраалы молдо Кичи-Кеминде башталгыч мектеп ачып, айылдык балдарды окутуу ишин баштаган.

Улуу Октябрь революциясы жеӊген кезде Мүсүраалы молдо окуу жана тарбия ишине кадимкидей каныгып, кыйла тажрыйба топтоп калган эле. 1918-жылы Кыргызстанда Совет бийлигинин орношун, жаш мамлекеттин окуу жана тарбия ишине кенен жол ачышын ал ѳтѳ кубануу менен тосуп алган. Ошол жылы Токмок шаарында ачылган кызыл мугалимдерди даярдоочу курска кирип, аны кыска мѳѳнѳттѳ артыкчылык баалар менен аяктап, «Кызыл мугалим» деген наамга ээ болот.

1918-19-жылдары Кемин районундагы Кызыл-Суу мектебинде, 1919-жылдан 1959-жылга чейин, тактап айтканда 40 жыл Кичи-Кемин орто мектебинде мугалим болуп иштеген. Пенсияга чыккан 1959-жылдан кийин да ѳмүрүнүн акырына чейин мектептен кол үзгѳн эмес. Кичи-Кемин орто мектеби Кемин районундагы алгачкы орто мектеп болгондуктан райондон чыккан академиктердин жана илимдин докторлорунун, акындардын, жазуучулардын жана сахна чеберлеринин, мамлекеттик ишмерлердин, республикага эмгеги сиӊген кызматкерлердин кѳпчүлүгү Копобаев Мүсүраалыдан билим алышкан. Алар азыркы күндѳ да ѳзүлѳрүнүн биринчи мугалимин ѳтѳ урмат-сый менен эскеришет.

Советтик жаштарды окутуп-тарбиялоодо жан-дили менен иштеген ак ниет эмгеги ѳкмѳт тарабынан жогору бааланган. Ал кыргыз мугалимдеринин арасынан биринчилерден болуп "Ленин ордени" менен сыйланган жана «Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген мугалими» деген ардак наамга татыктуу болгон. Ага республикалык маанидеги ѳзгѳчѳ пенсия чектелген жана ѳмүрүнүн акырына чейин кѳптѳгѳн жеӊилдиктерден пайдаланып, ак эмгегинин үзүрүн кѳргѳн.

07 Октябрь 2023 в 14:01