Кожомбердиев Турар

...

(22.06.1941-30.01.89)

Теги: Жетиген, Кожоке бий, Караке (Эшен карек), Сааба, Ыбрайым молдо, Итэмген, Кулсейит, Дүйшөгул, Болот, Жолдош, Жансүйөр, Төлөгөн, Кожомберди.

Кыргыз элинин классик акыны Турар Кожомбердиев 1941-жылы Чүй областынын Жайыл (мурдагы Калинин) районундагы Сары-Булак айлында туулган. 1959-жылы Бишкек шаарындагы А.С. Пушкин атындагы орто мектепти, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу 1965-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштегенден башталат. 1969-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, андан кийин Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. 1976-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз Республикасынын маданият борборунда бөлүм башчы болгон.

Т.Кожомбердиевдин эң туӊгуч ыры 1954-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине басылып чыккан, 1959-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Мугалимге» аттуу ыры менен чыгармачылык жолу уланган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен басылып чыккан. Ал китеп кыргыз адабиятына башкача жаңылык жана чоң ачылыш жаратканы менен эсте калды.

Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгы балдарга арналган «Көлчүктөгү ай» китеби менен башталып, өмүрүнүн аягына чейин чоңдорго арналган чыгармаларынан кем калышпай параллель өнүгүп келди. Балдар поэзиясынын өнүгүшүнө акындын эмгеги зор. Жеткинчектерге «Биз турган жер бийик тоо», тестиерлерге «Тоо үстүндөгү күн», өспүрүмдөргө «Эне жана от» китептерин тартуулаган. Ал эми чыгармачылык такшалуусунун бышып жетилген чегинде «Базарлык» аттуу китебинин чыгышы - анын чыныгы балдар акыны экенинин далили. Акындын 75 жылдыгына карата 127 «Көлчүктөгү ай» көркөм сүрөттөр менен коштолуп, 9 серия китеп болуп басылып чыкты.

Акындын ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган. Т.Кожомбердиевдин жүздөгөн ырларына обон жазылган.

Акындын котормолору дагы эң мыкты котормолорго айланган, мисалы Нодар Думбадзенин «Мен күндү көрөм» повестин, Витезслав Незвалдын ырлар жыйнагын жана Генрих Гейненин тандалма ырлар менен поэмаларын кыргызча которуп, китеп кылып чыгарган. Андан башка көптөгөн котормолору коллективдүү поэтикалык жыйнактарга басылып чыккан.

1969-жылы Турар Кожомбердиевге «Кызыл алма» жана «Таңкы симфония» аттуу ырлар жыйнагы үчүн республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ошол мезгилдин аталган атактуу сыйлыгын акын Алыкул Осмонов, андан кийин эле экинчи болуп бул сыйлыкка акын Турар татыктуу болгон. Ал 1966-жылдан баштап СССР жазуучулар союзуна мүчө болуп кирген.

Алп акын Т. Кожомбердиев 1989-жылы 30-январда 47 жашында дүйнө салган. Анын 50 жылдык мааракесине карата Сары-Булак орто мектебине акындын ысымы берилген жана мектептин алдына акындын эстелиги орнотулган.

07 Октябрь 2023 в 13:56